- Новости

23-февраль “Ата мекенди коргоо” күнүнө карата “Чептен эрдин күчү бек” аттуу патриоттук майрамдык кече болуп өттү.

Б.Т.Турусбеков атындагы   Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 23-февраль “Ата мекенди коргоо” күнүнө карата  “Чептен эрдин күчү бек” аттуу патриоттук  майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык салтанаттуу иш-чараны   КМДТжСАнын ректору, т.и.к., доцент С.С.Азизбаев ачып, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып  Куралдуу күчтөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, айрыкча акыркы жылдары күч түзүмдөрүн бекемдөөгө карата көрүлүп жаткан аракеттер, КМДТжСАнын аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультетинин алып барып жаткан иштеринин алкагында Мекенди коргоого, деги эле спорт, массалык ден соолукту чыңдоо багытындагы академиянын кошуп жаткан салымдарына токтолуп, салтанаттын катышуучуларын “Ата мекенди коргоо” күнү менен куттуктап өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын ЖК социалдык комитетинин төрайымы Раимбачаева Винера Калыбековна, Темирбаева Миргүл Омүрзаковна жана Баткен согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакалов Канат Асанович катышышты. Алар кезегинде академиянын жалпы жамаатынын иштериндеги ийгиликтерди, ал эми студенттерге окууларындагы жетишкендиктер менен катар, спорттогу жакшы көрсөткүчтөрдү каалап, 23-февраль мекенди коргоо күнү менен куттукташты. Майрамдык иш-чарага   Аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультетинин 1-курсунун студенттери “Кыргызстан” аттуу ырды хор ырдашып, колледждин жана Педагогика жана улуттук спорттун түрлөрү кафедрасынын студенттери “Ата журт”, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” жөнүндө ырларды көркөм айтышып, студенттердин патриоттук сезимдерин ойготушту.