- Новости

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында студенттерди 1-курска кабыл алуу жана 17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өттү. 

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында студенттерди 1-курска кабыл алуу жана 17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өттү.  Майрамдык кечени КМДТжСАнын ректору, т.и.к., доцент С.С.Азизбаев ачып, алгач 1-курстардын студенттерин куттуктоо менен, убагында академияда билим алышкан белгилүү машыктыруучулар, Олимпия оюндарынын, Дүйнө, Азия чемпионаттарынын жана башка эл аралык мелдештердин байге ээлери, алардын ийгиликтери тууралуу токтолду. Грек-рим күрөшү боюнча  Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго, Кыргыз  Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын үч жолку чемпиону, XXXII Токио Олимпия оюндарынын  күмүш медалынын женүүчүсү, Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо факультетинин 5-курсунун студенти Акжол Махмудовго жана  Кыргыз  Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери, XXXII Токио Олимпия оюндарынын коло медалынын ээси, Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын бүтүрүүчүсү Мээрим Жуманазаровага, Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган Жумашбек уулу Тайырбекке 1-курстарды куттуктоо үчүн сөз берилип, алар  студенттерге каалоо тилектерин айтуу менен  окууларына ийгиликтерди каалап, куттуктоосунун аягында 4-курстун студенти Жумашбек уулу Тайырбек машыктыруу факультетинин 1-курсунун студенти Баурин Вадимге спорттун ийгилик Олимпиялык ачкычын тапшырды.                                                                                                               Куттуктоолордон кийин академиянын окуу иштери боюнча проректору Шевченко Татьяна Николаевна билим ачкычын педагогика жана  спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 1-курсунун студенти Абдыкадырова Айпериге тапшырды. Декандар ар бир факультеттин биринчи курстарынын өкүлдөрүнө сынак китепчесин тапшырышты.

Майрамдык салтанат академиянын студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.