Бейшен Турусбековдун ысымы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына ыйгарылды
- Новости

Бейшен Турусбековдун ысымы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон кеңешменин протоколунун чечиминин негизинде “Кыргыз Республикасынын  көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Кыргыз ССРнин илимине Эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин доктору Турусбеков Бейшен Турусбековдун ысымы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси М.О.Букуев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,  спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт  мамлекеттик департаментинин директору К.К.Шабданбаев, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү жана кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору С.С.Азизбевдин  жетекчилиги астында окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттердин катышуусунда өткөн бул салтанаттуу аземде Бейшен Турусбековдун ысымын ыйгаруу тактасы салтанаттуу ачылып, анын илим тармагындагы, айрыкча спорттук медицинаны өнүктүрүүгө кошкон салымдары, ошондой эле академияны жетектеп турган учурдагы жана андан    кийин өмүрүнүн акырына чейин академиядан кол  үзбөй иштеп калтырган баа жеткис эмгектери эскерилди.

Мындан сырткары ардактуу коноктор салтанаттуу иш-чаранын алкагында Б.Турусбековдун музейи, академияда жалпы спорт тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер жана жогорку окуу жайдын спорттук базаларынын учурдагы абалдары менен таанышып чыгышты.

Б.Т.Турусбеков 1928-жылдын 10-октябрында Ысык-Көл областындагы Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Талды-Суудагы М.Элебаев атындагы орто мектепте окуп, 1945-жылы аяктагандан кийин Талды-Суу райондук прокуратурасында катчы болуп иштеген. 1946-жылдын сентябрь айында Кыргыз медициналык институтунун даярдоо курсуна тапшырып, ал эми 1947-жылы дарылоо факультетинин биринчи курсуна кирет. Аны 1952-жылы артыкчылык менен аяктайт. Андан кийин Кыргыз медициналык институтунун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Ленинграддагы педиатрия медициналык институтунун нормалдуу физиология кафедрасынын аспирантурасына жиберилет. Аспирантураны 1955-жылдын сентябрь айында кандидаттык диссертациясын жактоо менен аяктап, Кыргыз медициналык институтунун нормалдуу физиология кафедрасына ассистент катары жөнөтүлөт.

1958-жылдын январь айынан 1965-жылдын май айына чейин улук кызматкер болуп иштеп, андан кийин Кыргыз ССРнин ИАнын медицина институтунун тоолуу аймактын физиологиясы лабораториясын жетектейт. 1963-жылга чейин Кыргызмединститутунун нормалдуу физиология кафедрасында жана дене тарбия институтунда педагогикалык иши менен чогуу илимий иштерин да алып жүрөт. 1965-жылдын май айынан 1967-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз медициналык институтунда ага илимий кызматкер, дарыгерлердин билимин өркүндөтүү факультетинин деканы, илимий иштер боюнча проректордун милдетин аткаруучу кызматтарында иштейт.

1966-жылдын октябрь айында Ленинграддагы педиатриялык медицина институтунда “Түндүк Кыргызстандын тоолуу аймактарында узак жана кыска мөөнөттөрдө жашаган көбүнчө балдардын организминдеги вегетативдик функциялардын мүнөздөмөсү” темасындагы докторлук диссертациясынын жактаган.

1967-жылдын сентябрь айында Б.Т.Турусбеков Курортология жана физиотерапия Кыргыз илимий-изилдөө институтунун директору болуп дайындалып, 1973-1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун ректорлук кызматына которулат.

Б.Т.Турусбеков ректор болуп турганда аспирантуранын сырттан окуу жана күндүзгү, илимий изденүүчүлүк бөлүмдөрүн ачып, бүтүрүүчүлөрдүн арасынан жаш адистер иштеген илимий-изилдөө лабораторияларын уюштурган.

Профессор Б.Т.Турусбеков жетектеп турган мезгилде борбордук ЖОЖдын аспирантураларына, Москва, Киев жана СССРдин башка шаарларынын илимий-изилдөө институттарына 52 бүтүрүүчүлөр жиберилип, алардын ичинен 32 бүтүрүүчү кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Б.Т.Турусбековдун илимий-изилдөө ишмердигинин жыйынтыктары катары 310 илимий макалалар, 50 дөн ашык илимий-популярдуу макалалар, 4 монографиябасылып чыккан. Мындан сырткары АКШ, Япония, Канада, Польша, Голландия, Германияда басылып чыккан баяндуу 16 илимий макалалары бар.

Б.Т.Турусбековдун өзүнүн эмгек жолунда СССР Спорт комитетинин, Кыргыз ССРнин спорт комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз ССРнин Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин жана Кыргыз ССРнин Билим Берүү Министрлигинин Ардак  грамоталарына татыктуу болгон.