Дене тарбия адистеринин күнү
- Новости

Дене тарбия адистеринин күнү

Бүгүн борборубуздагы Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жыйындар залында “Дене тарбия адистеринин күнүнө” карата Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.К.Атазов, Т.А.Масабиров, М.А. Маматалиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары Э.Т.Алыкулов, А.А.Усенканов, СССРдин спорт чебери М.А.Кибраев коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын, студенттердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатта жогорку окуу жайдын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Сейитбекович Азизбаев куттуктоо сөзүндө инсанды руханий жана дене тарбия жагынан жетилтүү мамлекеттик  саясаттын орчундуу милдеттеринин бири экендигине токтолуп, өзгөчө Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы  сергек жашоо үлгүсүн жайылткан келечек муунду тарбиялоодо маанилүү роль аткарып келе жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондой  эле ректор өз сөзүндө академиянын бай тарыхы, өз ишине берилген педагогдору, өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп жатышкан бүтүрүүчү адистердин эмгектерин да баса белгилеп өттү.

Андан кийин иш чаранын конокторуна сөз берилип, Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аалдыңкы окутуучуларына сыйлыктар тапшырылды.