«Мамлекеттик тил – улуттун туткасы” аттуу  иш-чара болуп өттү.
- Новости

 «Мамлекеттик тил – улуттун туткасы” аттуу  иш-чара болуп өттү.

Кыргыз тили эзелтеден бери кыргыз элинин дүйнө таануусун, рухий жаратмагын, тажрыйбасын камтыган баа жеткис мурас.

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата жыл сайын чон масштабда иш чаралар ЖОЖдордо  өткөрүлүп келет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук тил комиссиясынын төрагасы бир айлык жарлыгынын алкагында, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 20.10.22. Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган «Мамлекеттик тил – улуттун туткасы” аттуу  иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш чараны Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович ачып  берди.

Аны улай кадырлуу коногубуз  физика- математика илимдеринин доктору,төрага Каныбек Осмоналиев сөз алып жамаатты куттуктады.

   

Ошондой эле, КР. маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КР.нин “Кыргыз тили” коомунун Президенти Курбанов Раимжан Рахманович кыргыз тили боюнча көркөм окуп, студенттердин патриоттуулук сезимин козгоп дүркүрөгөн кол чабууларга арзыды.

     

Көркөм окуудан толкунданган студенттердин концерти ары шандуу уланып Б.Бейшеналиева университетинен келген манасчы  Турдубек уулу Талант, төкмө акын Элмирбек Иманалиев, Жаныбекова Айгелди ж.б. башкалар өнөрлөрүн тартуулашса, дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери: Беренбеков Бакай, Казакбаев Аблайхан, Асхат уулу Жоомарт көркөм окуп алкышка татыктуу болушту.