Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.
- Новости

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Жогорку Кеңештин депутаттары  Икрамов Т.Т., Самыйкожо уулу М. жана Козуев А.А., республиканынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тагаев М.Т., Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Асылбек уулу Б. катышкан салтанатты Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Сейитбековач Азизбаев ачып, академиянын 67 жылдык бай тарыхы, бул мезгил ичинде дене тарбия жана спорт адистерин, атактары ааламга тараган спорт чеберлерин даярдоодо эмгектер, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, окумуштуулардын, жогорку бийиктиктерге жетишкен спортчуларды даярдаган эмгек сиңирген машыктыруучулардын, атактуу спортчулардын арасында бул жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн аз эмес экендигин белгилеп өттү.

Келген коноктор өз куттуктоолорунда Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жеке гана дене тарбия жана спорт адистерин жана спорт чеберлерин даярдоодо гана эмес жаштардын адеп-ахлагын калыптандырууда, сергек жашоону жайылтууда жана башка спорттук коомдук иш-чараларда аракеттеринин маанисине токтолуп өтүштү.

Майрамдык салтанатта өз убагында академияда бир топ жылдары эмгектенген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдыганы Калыковдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн волейбол боюнча факультеттер аралык мелдештин жеңүүчүлөрүн, академиянын дагы бир ардагери “Дене тарбия жана спорттун мыктысы”, улуттук даражадагы калыс, “Белбоо күрөшү боюнча дүйнөнүн мыкты калысы” Айтмырза Добуловдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөргө байгелер жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.