Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында аталган жогорку окуу жайын аякташкан жана билим алууларын улантып жатышкан белгилүү спорт чеберлеринин катышуусунда студенттик күн, ошондой эле 1-курстун студенттерин кабыл алуу салтанаты болуп өттү.
- Новости

Иш- чарада алгач академиянын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович куттуктоо сөз сүйлөп жогорку окуу жайдын байсалдуу жолундагы жетишилген ийгиликтерге учкай токтолуп, академияда билим алуу менен катар эл аралык деңгээлде спорттогу жетишкендиктери менен атак, даңкка жетишкен спортчуларды, алардын машыктыруучуларынын эмгектерин белгилеп өттү.

Андан кийин КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Олимпиядалык категориядагы калыс Ахметов Мейрамбек Джаниловичке жана КРдин Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти, күрөш федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевичке “Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын Ардактуу профессору” наамы спортту өнүктүрүүгө жана окуу жайдын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чарада  белгилүү спорт чеберлери; Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнө чемпиону Акжол Махмудов, Олимпияда Оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнө чемпиону, Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү Мээрим Жуманазарова, Олимпияда  катышуучусу, Дүйнө чемпиону, Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү Жоломан Шаршенбеков, Олимпияда катышуучусу, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы жана Азиянын чемпиону, Азия Оюндарынын байге ээси Каныбек Жолчубеков студенттер алдында куттуктоо сөздөрүн айтышып, студенттик мезгилдин өзгөчөлүктөрү, бул убактагы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу, ошондой эле чоң спорттогу жетишкен ийгиликтери, тажрыйбалары туурасында токтолуп өтүштү.

Бул иш-чаранын алкагында студенттерди 1-курска кабыл алуу салтанаты болуп, аларга сынак китепчеси тапшырылды, ошондой эле академиянын коомдук иштерине жигердүү катышкан студенттерге сыйлоо баракчалары ыйгарылды.