«Ч.Айтматовдун чыгармалары – классикалык адабияттын үлгүсү» деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.
- Новости

«Ч.Айтматовдун чыгармалары – классикалык адабияттын үлгүсү» деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.

Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2022-жылдын 8-декабрында «2022-жыл кыргыз классикалык адабиятынын жылына» жана 12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасынын жамааты тарабынан «Ч.Айтматовдун чыгармалары – классикалык адабияттын үлгүсү» деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго академиянын ректору С.С. Азизбаев, мамлекеттик тил боюнча проректору А.О. Кармышаков жана «Социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты, ошондой эле педагогика жана улуттук спорттун түрлөрү факультетинин 1-курсунун 3-4-тайпаларынын студенттери катышышты.

Талкуу кызуу өтүп, Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары, сыйлыктары тууралуу студенттер жана профессордук-окутуучулук жамаат баяндамаларды жасашты. Айтматовдун бейнеси тууралуу слайддар жана видеороликтер көрсөтүлдү. Суроо-жооптордон соӊ Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабий жанрын эле эмес, искусствонун башка тармактарынын да өнүгүшүнө салым кошуп, дүйнөлүк адабияттын алкагында классикалык чыгармалар катары таанылгандыгын баса белгилөө менен тегерек стол жыйынтыкталды.