Кафедра философии и гуманитарных наук

Кафедранын башчысы

 САДЫРОВА Замира Тентиевна

Тарых илимдеринин кандидаты.

Доцент

Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (1955) түзүлгөндөн баштап  иштеп келет. Кафедранын тарыхы бай жана ар тараптуу. Аталган кафедрада илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын өкүлдөрү А.И.Миркин, А.С.Баялы, И.Д.Каракеев, С.Бактыгулов, М.Джумашева, Р.Айникенов, А.Тилекеев, М.С.Вайндорф, М.Султашева, Ж.Саякбаев, К.Утуров, Г.Сейталиева К.Э. Аблазов, К.У. Камбаровалар эмгектенишип жана академиянын илимий-усулдук, окуу-усулдук базасын өркүндөтүүгө өз салымдарын кошушкан.

     Кафедра төмөнкү дисциплиналар боюнча окуу иштерин алып барат: Кыргызстандын тарыхы, философия, манастаануу, дене тарбия жана спорттун социологиясы, дене тарбия жана спорттун укутук негиздери, конфликтология, экономика, дене тарбия жана спорттун экономикасы, дене тарбия жана спорттун менеджменти, логика, илимдин тарыхы жана методологиясы, Илимдин тарыхы жана философиясы.

      Кафедранын негизги милдети – социалдык-гуманитардык илимдерди окутуунун натыйжасында, азыркы коомдун талабына шайкещ келген дене тарбия жана спорт багытындагы  адистердин, алардын болочок адистигине зарыл болгон руханий-нравалык баалуулуктарын, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө болгон жаны көз караштарын калыптандырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

     Кафедранын миссиясы – социалдык-гуманитардык дисциплиналарды үйрөтүүнүн натыйжасында, дене тарбия жана спорт багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялоо болуп эсептелет.

Кафедра алдыга койгон максаттарынын негизинде төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат. Лекциялык, семинардык жана башка окутуунун түрлөрүн сапаттуу өткөрүү, студенттердин өз алдынча иштерине жетекчилик кылуу жана уюштуруу, студенттердин окуу иштерине көзөмөл жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарын аныктоо.Студенттер менен окуу процессинен тышкары (тарбиялык) иштер боюнча иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү.Кафедранын профили боюнча окуу куралдарын, окуу колдонмолорун, лекциялык материалдарды, усулдук адабияттарды окуу-практикалык басылмаларды даярдоо.Алдынкы окутуучулардын иш тажрыйбаларын жайылтуу жана жалпылоо,  жаш окутуучуларга педагогикалык чеберчиликке ээ болууга усулдук жардам берүү.Кафедранын окутуучулары тарабынан окуу пландарын жана жумушчу программаларын иштеп чыгуу.Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, студенттердин жана магистранттардын  илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу жана бүткөн илимий-изилдөө иштерин талкуулоо.Социалдык жана гуманитардык чөйрөдө билимдерге жана компетенцияларга эгедер кызматкерлердин жана бүтүрүүчүлөрдүн маданий-адеп-ахлактык денгээлдерин жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүү.

Кафедранын илимий-усулдук иштеринин негизин, жалпы усулдук система б.а. лекциялар, семинардык сабактар, консультациялар, зачёттор, сынактар түзөт. Кафедранын мугалимдери сабак өтүүдө заманбап инновациялык технологиядагы усулдарды колдонушат. Окуу процессинде кафедрадагы социалдык-гуманитардык дисциплиналар жогорку окуу жайдын профили менен байланыштуу. Студенттер, социалдык-гуманитардык циклдеги илимдерди окуунун натыйжасында, өзүлөрүнүн адистик багытындагы ургалдуу жана татаал маселелерди чечүүдө, социалдык көрүнүштөрдүн манызын ачып түшүнүүгө үйрөнүшөт.

Кафедранын азыркы жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Садырова Замира Тентиевна. Замира Тентиевна 1997-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында жигердүү эмгектенип келет. КМДТжСАнын жана КР билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 30дан ашуун илимий макалалардын автору. Көптөгөн Эл аралык илимий конференциялардын, форумдардын, симпозиумдардын катышуучусу. Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Сабиров Рысбек Келдибекович 2014-жылдан баштап академияда эмгектенет. Кыргыз мамлекеттик дене  тарбия жана спорт академиясынын, философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу Салмоорбек Казакович Абдыраев 2008-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында  “Экономика” жана “Менеджмент” дисциплиналарынан сабак берип эмгектенет. Жаштарга өзүнүн нускалуу кеӊештерин айтып келет. Шаршенова Анара Шаршеновна Кыргыз мамлекеттик дене  тарбия жана спорт академиясынын философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу. 1975-1980-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Совет соодасынын  сырттан окуу институтунда окуп, “бухгалтер” кесибине ээ болгон. 2019-ж. бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында  “Экономика” жана “Менеджмент” дисциплиналарынан сабак берип эмгектенет. Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу Такырбашев Эмиль Акматович 2014-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окутуучу болуп эмгектенет.“Жашоого кошул” аталышындагы кылмыштуулуктун, зомбулуктун жана баӊгизат колдонуунун алдын алуу максатында, спорттун жардамы менен турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында, машыктыруучулар үчүн колдонмонун авторлорунун бири (2017 ж.). Кафедранын окутуучусу Токтоналиева Мээрим Айталыевна өз кесибин жакшы  билген педагог жана мыкты адис. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2011-жылдан бери карай үзүрлүү эмгектенет. Кафедрада “Конфликтология”, “ДТ укуктук негизи”   сабактарын алып барат.

Преподаватели кафедры философии и гуманитарных наук. 2021г