- Новости

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуулары кеңейүүдө      

 

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ошондой эле Туркиянын Газиантеп университетинин ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлду. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доценттин м.а. Н.А. Абдыбекова Газиантеп университетинин ректору, профессор Арыф Озайдын тарабынан Туркия жергесинде кол коюлган. Аталган келишимде жогорку окуу жайлары ортосунда илимий изилдөө жүргүзүү, тегерек стол, спорттук иш-чараларды уюштуруу, илимий долбоорлорго биргелешкен илимий-техникалык талдоолорду жүргүзүү, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө адистер, студенттер, магистранттар жана аспиранттар менен тажрыйба алмашуу жактары каралган.