- Новости

Всемирный форум ректоров.

 

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Бишкекте өтө турган ректорлордун форумуна катышууга келишкен Туркиянын Алпарслан университетинин Профессору Мехмет Туркмендин жана Индиянын Шарда университетинин Профессору Промод Кумардын академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.
Конокторду КМДТжСАнын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.С.Азизбаев, окуу жайдын ардагери, педагогика илимдеринин кандидаты М.К.Саралаев, илимий иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Н.А.Абдыбекова, эл аралык бөлүмдүн башкы адиси, тарых илимдеринин кандидаты Р.К.Сабиров тосуп алышты.
Жолугушууда алгач коноктор өздөрү эмгектенген жогорку окуу жайлары, дене тарбия жана спорттун тарыхы, айрыкча улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү аракеттери туурасында маалыматтарды беришти.
Туркиянын Алпарслан университетинин профессору Мехмет Туркмен 1995-жылдан бери Кыргызстан менен түрк элдеринин салттуу оюндарын изилдөөчү катары тыгыз байланышта иш алып барып келүүдө. Ал белгилегендей дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда салттуу оюндар көп. Алсак, ат оюндарынын эле 50 дөн ашык түрлөрү катталса, алардын көпчүлүгү толук изилдене элек.
Ал эми Индиянын Шарда университетинин профессору Промод Кумар
маалымдагандай, аталган окуу жайда дүйнөнүн 72 өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бир катар мамлекеттердин тарыхын, маданиятын камтыган 80 факультеттерде билим алышат.Окуу жайда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бөлүнөт
Мындан сырткары жолугушууда тараптар ортосунда билим берүү жана илим тармактарында студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында маалыматтар менен алмашуу жана башка эки тараптуу кызматташууларды терендетүү маселелери талкууланып, иштиктүү ой-пикир, сунуштар айтылды. . Ошондой эле коноктор окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп беришти. Буга чейин КМДТжСАнын жана Индиянын Шарда университети ортосунда кызматташуулар жөнүндө Меморандумга кол коюлган.
Андан кийин Мехмет Туркмен жана Промод Кумар КМДТжСАнын
окуу-спорттук базалары, анын ичинде шаардын четинде жайгашкан “Спорт” окутуу-спорттук (лыжа, туристтик) базасы менен да кеңири таанышып чыгышты.
Белгилүү болгондой 14-15-сентябрда борборубузда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусунда форум өткөрүлдү.