Жаңы жыл мезгили – бул сыйкырдын, кереметтин жана каалоолордун аткарылышынын мезгили. Дүйнө эли боорукер болуп, бардык балдар ата-энелери менен жашаса экен деп тилейбиз.
- Новости

Жаңы жыл мезгили – бул сыйкырдын, кереметтин жана каалоолордун аткарылышынын мезгили. Дүйнө эли боорукер болуп, бардык балдар ата-энелери менен жашаса экен деп тилейбиз.

Жаңы жыл мезгили – бул сыйкырдын, кереметтин жана каалоолордун аткарылышынын мезгили. Дүйнө эли боорукер болуп, бардык балдар ата-энелери менен жашаса экен деп тилейбиз. Тилекке каршы, бардыгы биздин колубузда эмес. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жаңы жылдык майрамда өзгөчө камкоордукка жана көңүл бурууга муктаж.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек Эсенбековичтин демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Балдарга кубаныч тартуулайбыз” акциясынын алкагында окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана ректорат тарабынан балдар үйүндө тарбияланып жаткан көңүл бурууга муктаж балдар үчүн кийим-кече, тамак-аш жана оюнчуктар чогултулган.


Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев С.С. баш болгон демилгечилер уюштуруу тобу менен жогорку окуу жайынын жетекчилери Тоялиева Э.Р., Тагаев М.И., Кочкоров С.Б., Бейшекеев Э.М. Беловодскидеги мектепке чейинки жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үйүнө Жаңы жыл алдындагы академиянын жалпы жамааты тарабынан жана сырттан окуу бөлүмүнүн студенти, “Бадырак” фирмасынын директору Асылбек уулу Бакайдын, “Дордой” базарынын бизнесмендеринин атынан белектерди тапшырышты.


Белектерди тапшыруу учурунда КМДТжСАнын өкүлдөрү тарбияланып жаткан балдардын жашоо-шарттары менен таанышып, алар менен келечекте кесип тандоо багытында жана республикада жалпы спорт тармагында, анын ичинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири пикир алмашышты.