Б.Турусбеков атындагы КМДТжСА Индиянын Шарда университети менен кызматташат.
- Жанылыктар

Б.Турусбеков атындагы КМДТжСА Индиянын Шарда университети менен кызматташат.

2023-жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин Индия мамлекетиндеги Шарда университетинде “Санариптештирүү шартында билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун заманбап тенденциялары, чакырыктары жана келечеги” деген темада квалификацияны жогорулатуу семинары болуп өттү.​ 13-14-мартта “Илимдеги сапаттык изилдөө методдору” аталышындагы чеберчиликти жогорулатуу курсу болуп өттү. 15-марттан 17-мартка чейин “Социалдык илимдерде калктын саламаттыгын сактоону контексттештирүү: глобалдык жана улуттук перспективалар” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштери боюнча проректору, п.и.к., доц.м.а., Шарда университетинин социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин ардактуу профессору Абдыбекова Нурмира Абдыбековна пленардык доклад менен катышты.

Шарда университетинин проректору профессор Сибарам Кара, социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин деканы Анвити Гупта, медицина жана илимий изилдөө факультетинин деканы Нурипма Гупта менен Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын илимий иштери боюнча проректору Абдыбекова Н.А. Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй билим берүү, илим жаатында иштерди алып барууну макулдашты: Профессордук-окутуучулук курамдын мобилдүүлүгү, спорт, медицина жана физиология багытында кызматташтык, студенттер үчүн жайкы мектеп, илимий макалаларды чыгаруу, Эл аралык конференцияларды бирге уюштуруу​ боюнча макулдашуу болду. Мындан тышкары жергиликтүү заманбап коомдук мектепттин директору менен жолугушуп, дене тарбия жана спорт адистерин даярдоо боюнча макулдашуу болду.