- Жанылыктар

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуулары кеңейүүдө.

 

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доц. Азизбаев Саитдин Сейитбековичтин Баку шаарына иш сапары учурунда Азербайжан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору Гаджиев Фуада Гаджиевич аталган эки жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара кызматташуу келишимине кол коюшту.
Келишимде биргелешип илимий иш-чараларды уюштуруу, илимий долбоорлорго илимий-техникалык талдоолорду жүргүзүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө адистер, студенттер, магистранттар жана аспиранттар ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери каралган.