Научные мероприятия

Научные мероприятия

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-июлунда №4664/1 буйругунун негизинде 2023-жылдын 4-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” темасында медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын XII Эл аралык илимий конференциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат,  спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти, Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы,  Дене тарбия жана спорт  университеттеринин Эл аралык Ассоциациясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университети, тарабынан Эл аралык конференция жогорку деңгээлде уюштурулган. Конференцияда:

  • студенттик спорт кыймылынын тажрыйбалары, келечеги, студенттик спорттун уюштуруу-башкаруу аспектилери,
  • ден соолукту чыңдоо жана спорттук ишмердикти медико-биологиялык камсыздоо,
  • спорттук медицинанын спорттук илимдин обьектиси катары каралышы, дене тарбиянын, спорттун жана туризмдин теоретикалык-усулдук, психологиялык-педагогикалык аспектилери,
  • спорттун улуттук түрлөрүнүн жана элдик оюндардын жаштардын дене тарбиясындагы мааниси,
  • дене тарбиянын жана спорттун этнопедагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилерине байланыштуу маселелер каралды.

            Эл аралык илимий конференцияга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Казакстандын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, Белоруссиянын, Япониянын Россия Федерациясынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан  70тен ашык өкүлдөрү катышты. Индия, Турция өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий конференциянын ишине онлайн форматында катышты.

            Салтанаттуу жыйынды Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович ачты. Кыргыз Республикасынын гимни жана студенттердин эл аралык “Гаудеамус” гимни ойнолду.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутуты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын президенти, Казакстан спорт жана туризм академиясынын ректору, профессор Закирьянов Кайрат Кайруллинович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,  спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы аймактардагы дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тойбаев Султан Мырзабекович, Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору, э.и.д., профессор Болтабаев Махмуд Рустамович, спорттун олимпиялык оюн түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Асанбаев Урмат Садырович жана Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Пленардык жыйын

1. Видиофильм                                      Вклад доктора медицинских наук, профессора

      Б.Т.Турусбекова в науку и подготовки кадров

2. Мамытов Абакир Мамытович –   Основные идеи заложенные в предметные

    п.и.д., профессор.                               стандарты по физической культуре нового

                                                                  поколения В Кыргызской Республике, и пути их

                                                                  реализации (Кыргызстан, Бишкек).

3. Ильючик Яна – БМДТУнун            Модернизация системы физической и психологи-

    магистранты.                                      ческой подготовки шахматистов с учетом

                                                                  требований современного спорта (Беларусь

                                                                  Республикасы, Минск ш.).

4. Турсунова Алика Фархатовна –     Владение языком жестов как компотенция

     студент, Нурмухамбетова                 тренера в адаптивном спорте, влияющая на       

     Медина Булатовна – КазТСА            мотивацию заниятием спортом спортсменов с

     ДТжС теоретикалык негиздери         нарушением слуха (Казахстан. Алматы ш.).

     кафедрасынын ага окутуучусу.

5. Борисовец Дильбар Рафкатовна   Использование народных игр как допольнительного

    ДТ жана коопсуздук кафедр. ага      элемента в формировании двигательных и

    окут.,  Размахова Светлана                координационных навыков на заниятиях

    Юрьевна – б.и.к., ММПИнин            физической культуры (Россия, Москва ш.).

    табигый таануу жана спорттук

    технологиялар институтунун

    адапталогия жана спорттук

    даярдык кафедрасынын доценти. 

            Пленардык жыйындан кийин конференциянын тематикасы үч секцияларга бөлүнүп, сунушталган материалдар онлайн жана оффлайн форматында кыргыз, орус жана англис тилдеринде кызуу талкууланды.

I-секция. “Студенттик спорттук кыймыл. Дене тарбия жана спорттун

  теориясы жана практикасы маселелери”.

          Төрагасы – Иманалиев Токтобек Тыбынович – п.и.к., Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору (Кыргызстан).

Теңтөрагасы – Стрижак Анатолий Петрович – п.и.д., Москва шаардык педагогикалык университетинин профессору (Москва,Россия).

            Бардыгы 36 доклад: Арстанбеков С.А., Жуманазарова М.Р., Бейшекеев Э. (Кыргызстан, г.Бишкек). Джамангулов Д.К., Базакечев Т.М., Саралаев М.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Газиев Ш.Ш. (Узбекистан, г. Чирчик). Бахтиёров У.Б. (Узбекистан, г. Чирчик). Иванова О.С. (Россия, г. Екатеринбург). Игамбердиева А., Эштаев С.А. (Узбекистан, г. Ташкент). Иконникова Е.С., Мельников А.А., Черкасова А.Н., Люкманов Р.Х., Кириченко О.А., Супонева Н.А., Пирадов М.А. (Россия, г. Москва). Иманалиев Т.Т., Петрухин М.В. (Кыргызстан, г. Бишкек). Исломова М., Зоитова Г.М. (Узбекистан, г. Чирчик). Исмагулова Г.Н., Дурдыева К.Х. (Узбекистан, г. Чирчик). Касмалиева А.С., Сейтказиев М.Т., Акматов А.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Кийзбаев М.С., Кенжебаев А.А., Сыдыкова А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Колмогорова Е.К., Кравчук Т.А., Колмогорова Н.В. (Россия, г. Омск). Колмогорова С., Марченко В., Ахмедова С.Ж. (Казахстан, г. Алматы).

II-секция. “Фундаменталдык, медициналык, биологиялык, табигый-илимий аспектилер, улуттук дене тарбия жана спорт маселелери”.

Төрайымы Шалабаева Лаура Исмаилбековна – Казак спорт жана туризм  академиясынын илим жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору,  PhD, профессор (Казахстан).

ТеңтөрайымыКозлова Светлана Юрьевна – п.и.к., Москва шаардык педагогикалык университетинин доценти (Россия).

Бардыгы 32 доклад: Коваленко В.Е., Биндусов Е.Е., Стрельникова И.В. (Россия, г. Москва). Крутова С.В., Аикин В.А. (Россия, г. Омск). Куксина А.А., Аикин В.А. (Россия, г. Омск). Кулгожаев А.Ж., Кыдыргычев М., Чыныбеков С. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ларионов А.Ф., Айтпозова А.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ленькова С.А., Загурский Н.С., Михалев В.И. (Россия, г. Омск). Масамиров Б.С., Жаманбаева С.Т., Эрмешов Н. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мендот Э.Э., Мендот Э.Э., Мендот И.Э. (Россия, Тыва). Попова И.Е., Савинкова О.Н., Сысоев А.В. (Россия, г.Воронеж). Рябова Э.К., Рябов А.А., Зебзеев В.В., Чернова Г.М. (Россия, г. Чайковский). Сабирова К., Голоха Л.И. (Казахстан, г. Алматы). Сечин Д.И. (Россия, г. Москва). Стрижак А.П. (Россия, г. Москва).

III – секция.Дене тарбия жана спорттун этнопедагогикалык, психологиялык-педагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилери”. 

Төрагасы – Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович – билим берүү жана илим тармагы боюнча талдоочу, п.и.д., профессор (Кыргызстан).

ТеңтөрагасыМусаев Бахром Бахтиерович – Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин проректору, п.и.к., профессор (Өзбекстан).           

Бардыгы 36 доклад: Абдыбекова Н.А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ахунжанова М.Х., Рыспаева Ч.К., Базакечев Т.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ахунжанова М.Х., Рыспаева Ч.К., Базакечев Т.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Байжигитова А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Баитова Ф.Т., Бердибаева Н.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Бейшенова С.У. Повышение профессиональной квалификации педагогов. (Кыргызстан, г. Бишкек). Исакова Ж.Ж., Айбалаев А.Ж., Мусалиева К.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Кайыпова К.О., Капсаламова Э.Д., Атабаева А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Манликова М.Х. (Кыргызстан, г. Бишкек). Манликова М.Х., Тоялиева Э.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мергенбаева С.Р., Рыспаева Ч.К., Усенканова А.Т. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мурасатов Б.А., Турдукожоев А.Ч. (Кыргызстан, г. Бишкек). Рыспаева Ч.К., Мергенбаева С.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Садырова З.Т., Кубанов С.К. Феномен спорта в социально-гуманитарной и философско-исторической парадигме. (Кыргызстан, г. Бишкек). Тажибаева У.К., Назарбеков Б. Использование спортивной терминологии в современном кыргызском языке. (Кыргызстна, г. Бишкек). Токтоналиева М.А., Джусупбеков А.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Чуранова Т.Ю., Чуранов А.М. (Россия, г. Санкт-Петербург).

Конференция кыргыз, орус жана англис тилдеринде офлайн жана онлайн түрүндө уюштурулду. Материалдар “Дене тарбия жана спорт Жарчысы” илимий-практикалык журналына жарыяланды (Бишкек: 2023. №1). Бардыгы 64 илимий макала чыгарылды, анын ичинен 11 илимдин докторлору (студенттердин, магистрлердин жана аспиранттардын илимий жетекчилери):

Кыргызстан:  педагогика илимдин доктору, проф. Мамытов А.М., педагогика илимдеринин доктору, проф. Мамбетакунов У.Э.

КМДТжСА – 3 илимдин доктору, профессор (Манликова М.Х. – педагогика илимдин доктору, Джусупбеков А.К. – философия илимдеринин доктору, Токсонбаев Р.Н. – педагогика илимдеринин доктору).

     Россия6 илимдин докторлору, проф. – Стрижак А.П., Мельников А.А., Супонева Н.А., Пирадов М.А., Айкин В.А., Михалев В.И.).

           Өзбекстан — 1. илимдердин доктору, доц. – Бобомуродов Ф.И.

Илимдин кандидаттары – 41:

            КМДТжСА – 11 (Саралаев М.К., Кийзбаев М.С., Иманалиев Т.Т., Азизбаев С.С., Абдыбекова Н.Н., Кайыпова К.О., Садырова З.Т., Исакова Ж.Ж., Баитова Ф.Т., Таджибева У.К. Айбалаев А.Ж.),

    ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Россия, Өзбекстан, Казакстан. КМДТжСАнын ага окутуучусу жана окутуучулары: Молдалиев Э., Маляренко О.В., Масамиров Б.С.                           

Эл аралык конференциянын алкагында маданий иш-чаралар уюштурулду. “Кырчын” жайлоосуна экскурсия жана көл үстүндө теплоходдо эс алуу уюштурулду. Кадырлуу конокторго сый тамак берилди.

              Секциялар боюнча конференциянын ишинин негизги жыйынтыктары чыгарылды. Конкурстук калыстар мүчөлөрүнө сөз берилип, алдыңкы доклад ээлерин сыйлоо менен жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор жана сувенирлер тапшырылды.

1. Ильючик Яна Александровна – Беларуссия мамлекеттик дене тарбия университетинин магистранты

2. Турсунова Алика Фархадовна – Казак мамлекеттик спорт жана туризм академиясынын студенти.

3. Газиев Шукуржан Шухрат Угли – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин докторанты.

4. Игамбердиевна Азиза Искандаровна – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин студенти.

5. Латушкина Валерия Викторовна – Белорус мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин аспиранты.

6. Ершова Анна Николаевна – Сибир мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин магистранты.

7. Ленькова Софья Александровна – Сибир мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин кенже илимий кызматкери.

8. Сабирова Камила Пархатовна – Казак спорт жана туризм академиясынын студенти.

9. Холмурадова Дүрдона Алмат кизи – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин студенти.  

10. Попова Ирина Евгеньевна – Воронеж спорт академиясынын кафедра башчысы.

 “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” конференциясынын пленардык жана жыйынтыктоо бөлүмүндө төмөнкү кадырлуу конокторго академиянын плакеткасы белекке берилди.

1. Ибрагимов Б.А. – №2-мамлекеттик резиденциянын директору.

2. Туманбаев К.К.- КРдин Президентинин иш башкармалыгын башчысы.

3.Турусбекова Г.Б. – ЮНИСЕФтин КР боюнча социалдык саяат программасынын башчысы.

4. Макононов В.А. –   Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын директору, Казак спорт жана туризм академиясынын ардактуу ишмери, Казак спорт жана туризм академиясынын профессору.     

5. Козлова С.Ю – п.и.к., Москва шаардык педагогикалык университетинин доценти.

6. Морозович –  Шилюк Татьяна Анатольевна – Белорус мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин илимий иштер боюнча проректору. 

7. Зебзеев Владимир Викторович – Чайковск мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору.

8. Савинкова Ольга Николаевна – Воронеж спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору. 

9. Болтабаев Махмуджон Рустамович – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору, э.и.д., профессор.  

10. Takao Hino – Япониянын Тенри университетинин профессору.

Конференциянын резолюциясы кабыл алынып, иш-чара жыйынтыкталып, “Эстафетаны” Чурапча дене тарбия жана спорт институтунуна тапшырылды. 

XII Эл аралык илимий конференцияны ийгиликтүү уюштурулгандыгы  жана “Дене тарбия жана спорт жарчысы” илимий-практикалык журналынын материалдарын редакциялоого активдүү катышкандыктары үчүн академиянын кызматкерлери премия жана эмгек китепчесине жазуу менен алкыш жарыяланды.

10-октябрда жаш окумуштуулардын арасында мыкты доклад катары төмөндөгүлөрдү окутуучуларды сыйлоо пландалууда.

Конкурстук калыстар мүчөлөрүнө сөз берилип, алдыңкы доклад ээлерин сыйлоо менен жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор жана сувенирлер тапшырылды.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун үй-бүлөсүнүн атынан конкурстук калыстар мүчөлөрүнүн чечими менен КМДТжСАнын төмөндөгү жаш окумуштууларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1-орун Арстанбеков С.А. – 10000 сом.

2-орун Бактыбек уулу Р. – 5000 сом.

3-орун Масамиров Б.С. – 5000 сом.

2022-жылдын 17-19-июнунда Бостери айылында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана  дене тарбиясы» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Токтоналиев Самат Садыкович, тарых илимдеринин доктору, профессор Мехмет Туркмен (Турция), К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович катышты.             

Конференциянын ишине Кыргызстандын  аймактарындагы жогорку окуу жайларынын, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн: Туркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана Кытайдын (онлайн) өкүлдөрү катышышты. Сыйлуу коноктор жана академиянын конференцияга катышкан окутуучулары  Көл бермети пансионатына акысыз жайгаштырылды.

                    2021-жылдын 5-6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, окуучу жаштардын дене тарбия маселелерине арналган Форум уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы тарабынан уюштурулуучу бул Форумда, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизги багыттары жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аны ишке ашыруу боюнча иш пландары каралып, талкууланды.

           Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын улуттук координатору Жыпара Ракишева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана жалпы билим берүү мекемелеринин, спорттук жана илимий педагогикалык коомчулуктарынын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

                  Форумда Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорттун учурдагы абалы талкууланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын, алдыңкы окутуучу-педагогтордун, эмгек сиңирген машыктыруучулардын, ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча мугалимдердин “Инсандын руханий-адеп-алактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияга” сунуштары каралып, талкууланды.

        Форумдун пленардык  жана секциялар боюнча жыйындарында окуучу жаштарды адеп-ахлактык тарбиялоонун негиздери, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизинде  дене тарбия жана спорт сферасындагы нормативдик-укуктук, концептуалдык, программалык документтерди өркүндөтүү маселелери боюнча докладдар угулду.

        Форумдун жыйынтыгы менен дене тарбия жана спортту жайылтуу, улуттун ден соолугу жана сергек жашоосу, дене тарбия жана спорттун жардамы менен жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуулары  үчүн материалдык-техникалык шарттарды түзүү иштеринин негизинде машыктыруучулардын, мектептерде жана жогорку окуу жайларында дене тарбия мугалимдеринин  кадыр-баркын, баалуулуктарын жана статусун көтөрүү боюнча конструктивдүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 65 жылдык мааракесине арналган “Дене тарбия жана спорттогу  жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун теориясынын жана практикасынын учурдагы маселелери” аттуу Эл аралык илимий конференциясы 2021-жылдын 27-октябрында уюштурулду.

           Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы – Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт боюнча адистерди даярдоочу жалгыз адистештирилген жогорку окуу жайы. Ал 1955-жылдын 26-июлунда Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин № 371 токтомунун негизинде ачылган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту 1971-жылдын 14-сентябрында Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен “Кадрларды  даярдоо жана дене тарбия кыймылынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2005-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кайра уюштуруу” жөнүндөгүгЖарлыгы менен институт академия статусуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы уюштурган Эл аралык илимий конференциянын ишине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К. Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, министрдин орун басары К.К.Шабданбаев, Казакстан, Өзбекстан, Туркия, Индия, Кытай өлкөлөрүнүн  өкүлдөрү онлайн жана офлайн түрүндө, мындан сырткары Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, дене тарбия жана спорт мекемелеринин, илимий-педагогикалык коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов Эл аралык илимий конференцияда “Дени сак улуттун – келечеги тунук”, ар бир жарандын аң-сезиминде спортко болгон ишеним жана сүйүү бекем орношу керек. Спорт – жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Сергек жашоо ыңгайын калыптандырып, коомдогу жат көрүнүштөргө жалпылап күрөшүү баарыбыздын милдетибиз” деп баса белгилеп, спорттун улуттук жана заманбап түрлөрүн өнүктүрүү зарылдыгын, жаштарды адептүүлүккө, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялаган дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизин түзөөрүнө токтолду.

Кыргыз мсамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.С.Азизбаев академиянын 65 жылда басып өткөн тарыхы, Эл аралык илимий конференцияда карала турган маселелердин мааниси жана мамлекеттик деңгээлде чечиле турган окуу жайдын алдындагы айрым көгөйгөйлүү маселелерге токтолду.

             Конференциянын жүрүшүндө  инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тутумунун негизги багыттарына ылайык, окуучу жаштардын азыркы шартта пайда болгон маселелерин чечүү зарылдыгы белгиленди. Өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга жана спортко тартуу, сергек жашоого кызыктыруу үчүн инновациялык технология жана усулдун негизинде: мектептерде, жогорку окуу жайларда дене тарбия жана спорт жаатындагы билим берүүнү өркүндөтүүнүн келечеги жана жолдору талдоого алынып талкууланды.

             Секцияларга бөлүнүп талкууланган маселелердин жыйынтыгында конференциянын катышуучуларынын резолюциясы кабыл алынып, окутуучулардын, докторанттардын, аспиранттардын, магистранттардын, студенттердин, дене тарбия жана спорт багытындагы адистеринин иш жүзүндөгү тажрыйбалары менен тереңдетилип, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен чагылдырылып сунушталган материалдардын жогорку илимий деңгээли белгиленди.         

      Резолюцияда, дене тарбия жана спортту жайылтуу, улуттун ден соолугу, сергек жашоосу, дене тарбия жана спорттун жардамы менен жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуулары  үчүн материалдык-техникалык шарттарды түзүү иштери менен бирге машыктыруучулардын, жалпы билим берүү мектептеринде жана жогорку окуу жайларында дене тарбия мугалимдеринин  кадыр-баркын, баалуулуктарын жана статусун көтөрүү боюнча конструктивдүү сунуштар камтылды.

• 3 мая 2018 года проведена научно-практическая конференция «Актуальные проблемы теории и практики традиционной физической культуры и национальных видов спорта», приуроченной к III-ВИК.

На конференции участвовали из МОиН КР, Секретариата по проведению игр кочевников, Государственного агентства по делам молодежи, ФКи спорта и Академии образования.

На пленарном заседании заслушаны 3 доклада (Асанов Т.Ѳ., Мамбеталиев К.У., Азизбаев С.С.)

Проведены 3 секционных заседаний:

• № 1 секция – Социальные и историко-культурные, кадровые проблемы этноспорта;

• №2 секция – Вопросы этнопедагогики и психологии. Гуманитарные аспекты ТФК и национальных видов спорта;

• № 3 секция – Медико-биологические и естественно-научные аспекты традиционной физической культуры и национальных видов спорта.

На секционных заседаниях приняли участие свыше 160 человек. Были докладчики из КНУ, КГЮА, БГУ, КРСУ, КТУ «Манас», КГУ, ОшГУ, ИГУ, НОА, Казахской академии спорта и туризма.

Материалы конференции освещены в выпусках №2, №3 «Вестника ФКиС».