СПОРТТУН УЛУТТУК ТҮРЛӨРҮ КАФЕДРАСЫ

Тукеев Эрмек Мырзабекович – СУТ кафедрасынын башчысы, дене тарбия магистри, КМДжСАнын аспирантурасынын аяктаган, кафедранын күрөш боюнча ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук даражадагы калыс, дене тарбиянын мыктысы.

Ахунбаев 97 

Телефон: 0 312 57 09 70  

СПОРТТУН УЛУТТУК ТҮРЛӨРҮ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

                   2005-жылы академияда улуттук дене тарбия факультети ачылып, аны педагогика илимине кандидат, профессор Саралаев Марат Кадыкеевич жетектеген. Ушул факультеттин алдында өз алдынча улуттук күрөш,  улуттук спорт жана кыймылдуу оюндар кафедралары ачылып, иштей баштаган.

                  Алгач улуттук күрөш кафедрасын биология илимдеринин кандидаты Абдырахманов Бекжан Ажыгулович жетектеген.

                 Улуттук спорт кафедрасын ордо оюну боюнча КР спорт чебери, дене тарбиянын мыктысы Абдуллаев Маматсабыр – ажы Турганбаевич жетектеген.

                  2010-жылы улуттук дене тарбия факультетинин жоюлушуна байланыштуу эки кафедра биригип, улуттук спорттун түрлөрү кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн.

                 Жаңы кафедраны алгач СССР спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Джамангулов Калимулла жетектеген. Азыркы учурда кафедраны ага окутуучу КР спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук даражадагы калыс, дене тарбиянын мыктысы Тукеев Эрмек Мырзабекович жетектеп келе жатат.

         Кафедра улуттук кыргыз күрөш, кулатуу, тогуз коргоол, ордо, шахмат, ат оюндары боюнча дене тарбия адистерин даярдап келет.

           Бирок дене тарбия институнда 1969-жылдан бери – ушул күнгө чейин жалпы курстарга улуттук күрөш атайын сабак катары өтүлүп келе жатат. Алгач бул сабакты СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорт тармагындагы алгачкы педагогика илиминин доктору, профессор Х. Ф. Анаркулов өтүп баштаган. Кийин бул сабактарды СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу Джамангулов Калимулла Джамангулович уланткан. Ошол жылдары легендарлуу далысы жерге тийбеген «Тапанча” деген каймана аты менен белгилүү болгон – Узаков Ибрагим, ж.б.у.с. атактуу балбандар чыккан.

             Улуттук спорттун турлорун онуктуруудо жана улуттук спорттун турлору боюнча адистерди даярдоодо ото чон эмгек кылган окутуучуларды атап отсок – СССРдин спорт чебери, эл аралык даражадагы калыс, Кыргыз ССР эмгек синирген машыктыруучусу, п.и.д., профессор Х. Ф. Анаркулов, п.и.к., доцент М. К. Саралаев, ф.м.и.к., доцент Т. М. Турузбеков, п.и.к., профессор М. С. Кийизбаев, п.и.к., профессор К. У. Мамбеталиев жана башкалар.

                 Академияда улуттук спорттун турлорунон окутуучу жана машыктыруучу болуп иштегендер:

улуттук күрөш боюнча – Камчыбеков Н., Шопоков Ж. Чолпонкулов Н., Чиркеев Т. К., Тукеев Н. М., Исаков Н. Т., Эсенбеков Н., Кушчубек уулу С., Чолпоналы уулу Т. жана башкалар.

кулатуу боюнча – Трузбеков Т. М., Арпачиев К. М., Осмоналиев Адамалы, Абдыразак, Алыбаев С. Кадыров Б., Таалайбек кызы Х. жана башкалар.

ордо боюнча – Кобошов Б. жана башкалар.

тогуз коргоол боюнча – Жоробеков Т., Нурсеитов А., Орунбаева Н., Болжирова Р., Абдылдаева Н. О. жана башкалар.

шахмат боюнча – Жакыпова А., Токтогонов Д., Токтомамбетов Андабек жана башкалар.

          Улуттук спорттун түрлөрү кафедрасында улуттук күрөш жана кулатуу боюнча бир спорт залы, бир усулдук бөлмө, тогуз коргоол жана шахматтан бирден усулдук бөлмө бар. Ордо боюнча жабык спорт аянтында (манеж) 1 атайын аянтча, сыртта 3 ордо аянттары иштейт. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык сабактар боюнча китепканада окуу куралдары жетиштүү. Кафедра жамааты кийинки 5 жылда 5 окуу китебин жана 100дөн ашуун илимий макалаларды чыгарды. Илимий жаатта окутуучулар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө илимий иштерге активдүү катышып келатышат.

СУТ КАФЕДРАСЫНЫН ЖАМААТЫ

            Азыркы учурда кафедрада – 1 доцент, 1 б.и.к., 5 ага окутуучу, 10 окутуучу жана 1 методист эмгектенип жатышат. Алардын ичинен – 3 Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген   машыктыруучусу, 2 билим беруунун мыктысы, 6 дене тарбиянын мыктысы, 2 СССРдин спорт чебери, 1 эл аралык денгээлдеги спорт чебери жана 9 Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери наамдарынын ээлери.

         Абдырахманов Бекжан Ажыгулович –  биология илимдеринин кандидаты, дене тарбия мыктысы, улуттук даражадагы калыс, академиянын аспирантурасынын бүтүрүүчүсү, 20дан ашуун илимий макалалардын автору, Турциядагы Кахраман шаарында өткөн эл аралык илимий симпозиумдун катышуучусу. 1993-жылдан бери академияда күрөш боюнча окутуучу болуп эмгектенип келет.

         Абдуллаев Маматсабыр – ажы Турганбаевич – КРнын спорт чебери, дене тарбиянын мыктысы. Дене тарбия тармагында 45 жылдан бери эмгектенет. Эмгек жолунда улуттук ордо оюнунан 10дон ашуун спорт чеберин даярдап чыгарган. Ош облусунда ордо, тогуз коргоол оюндарын жайылтууда баа жеткис эмгектерди жасаган. Унутулуп калган улуттук акыл оюндарынын киште, уюм тууду, бөрү таш сыяктуу түрлөрүн калыбына келтирген. Ак чөлмөк оюнуна эреже жана классификация иштеп чыккан. 5тен ашуун китеп жана 30дан ашуун илимий макалаларды жазган. Улуттук оюндар көйгөйү тармагында диссертациялык илимий изилдөө иштеринин үстүндө эмгектенүүдө.

           Асанбаев Урмат Садырович – КРнын спорт чебери, эл аралык деңгээлдеги калыс, кулатуу күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын ага машыктыруучусу, 6 (наам) кара курдун ээси, КМДТжСАнын магистратурасынын бүтүрүүчүсү, Кулатуунун “Ар кандай кармашуу” (“Универсальный бой”) түрү боюнча федерациянын төрагасы. ADCCнын грепплинг федерациясынын вице президенти, В бөлүгү боюнча эл аралык калыс, 2009-жылдын мыкты спортчусу. 2013-жылы КРнын 1-каналынын (“Маалымат.kg”) жыйынтыгы  менен мыкты машыктыруучу деп таанылган. Илим жаатында 3тон ашуун  илимий макалалардын автору.

         Аманов Санжарбек Анарбекович – КРнын спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, күрөш боюнча окутуучу. КМДТжСАнын студенттер арасындагы күрөш курама жамаатынын машыктыруучусу.

          Джамангулов Калимулла Джамангулович – СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, доцент, эл аралык деңгээлдеги калыс, эл агартуунун мыктысы, илим жаатында 2 китептин авторлугуна мүчө, 20дан ашуун илимий макалалардын автору, күрөш боюнча ага окутуучу.

          Жигитали уулу Талант – КРнын спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, тогуз коргоол боюнча окутуучу.

          Закир уулу Руслан – КРнын спорт чебери, күрөш боюнча окутуучу.

          Калыбаев Кубат Алмазбекович – КРнын спорт чебери, кулатуу боюнча окутуучу жана машыктыруучу, КМДТжСАнын магистратурасынынын бүтүрүүчүсү (2014).

          Кочкоров Сманали Барпиевич – КРнын спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, Бишкек шаарынын кулатуу боюнча президенти, магистратура бүтүрүүчүсү, аспирант, кулатуу боюнча окутуучу, дене тарбия мыктысы. Илим жаатында 7ден ашуун илимий макалалардын автору.

          Молдалиев Эдил Кеңешбекович – бокс боюнча СССР спортунун чебери, дене тарбиянын мыктысы, ат оюндары боюнча окутуучу, КРнын чемпиону (1979), Туркестан округунун чемпиону (1980), Өзбек ССРинин чемпиону (1981), КМДТжСАнын бүтүрүүчүсү (1986), каскадер, Россия, Казакстан жана “Номад” ат спорт ассоциацияларынын мүчөсү. “Кочевник”, “Монгол”, “Побег из Афганистана”, “Заставка”, “Возвращение в А” жана голливуддук “Облака над холмом” (Франция, 2010), “47 ронинов” (Англия, 2011), “Курманжан Датка” (2012-13), “Марко Поло” (Малайзия, 2014) фильмдеринде иштеген. КРнын “Панкратион” (куралсыз кармашуу) федерациясынын түзүүчүсү жана президенти. Японияда өткөн панкратиондун “Сейкендон” түрү боюнча жеңүүчүсү (1999), Согуштук лакамы “Бекбарс”. Илим жаатында ат оюндары жана жеке таймаш боюнча 40тан ашуун илимий макалалардын автору.

         Малаева Гүлбарчын Токталыевна – КРнын спорт чебери, биринчи даражадагы калыс, тогуз коргоол боюнча окутуучу, КМДТжСАнын магистратурасынынын бүтүрүүчүсү (2014). Илим жаатында 3тон ашуун илимий макалалардын автору.

         Манашева Кенжегүл Пазыловна – КРнын спорт чебери, тогуз коргоол боюнча окутуучу. КМДТжСАнын бүтүрүүчүсү (2002).

         Мелис уулу Жаныбек – КРнын спорт чебери, кулатуу боюнча окутуучу жана машыктыруучу.

         Тукеев Эрмек Мырзабекович – КРнын спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, КРнын дене тарбия жана спортунун мыктысы, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, КМДТжСАнын магистратурасынын жана аспирантурасынын бүтүрүүчүсү. Ушул кезге чейин улуттук күрөш боюнча 4 эл аралык даражадагы спорт чеберин жана 30дан ашуун КРнын спорт чеберин даярдап чыгарган. 2003-2014-жылдарда КМДТжСАнын улуттук кыргыз күрөш боюнча студенттер арасындагы курама жамаатын бир нече жолу КРнын ЖОЖ арасындагы мелдештин жеңүүчүсү катары тааныткан. Илим жаатында 25тен ашуун  илимий макалалардын автору. Улуттук күрөш боюнча кандидаттык илимий диссертациянын үстүндө эмгектенүүдө.

         Таалайбек кызы Журсун – шахмат боюнча окутуучу. КМДТжСАнын студенттер арасындагы шахмат курама жамаатынын башкы машыктыруучусу.

          Турсунбекова Бактым Майрамбековна – СУТ кафедрасынын методисти, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чолком таануу факультетинин, Чолком таануу багыты боюнча адистигин аяктаган.

          Исмаилов Мендибек Гусаевич – ордо боюнча КРнын спорт чебери, дене тарбия мыктысы, дене тарбия жана спорттун ардагери, улуттук даражадагы калыс, Бишкек шаарынын ордо боюнча федерациясынын вице президенти. КМДТжСАнын студенттер арасындагы ордо курама жамаатынын башкы машыктыруучусу. Илим жаатында 5тен ашуун илимий макалалардын автору.

             Ибрагимов Кубаныч – КР эл аралык денгээлдеги спорт чебери, тогуз коргоол боюнча окутуучу. КМДТжСАнын студенттер арасындагы тогуз коргоол курама жамаатынын башкы машыктыруучусу.

                   Бугунку кундо кафедрада 140 студент билим алат, алардын ичинен 110у кундузгу болумдо, 21и сырттан окуу болумундо, 3оо билим денгээлин жогорулатуу боюнча курстарда жана 6оо магистратурада окушат.

Кафедранын туптолгон мезгилинен баштап, студенттердин ичинен 15и эл аралык класстагы спорттун мастери, 60 студент КРнын спорт мастери жана 5 студент эмгек синирген тренер наамдарын алышкан.

Одил уулу Эрбол Азия чемпионун багындырган, Ибрагимов Кубаныч Исматуллаевич 2016-жылы откон Дуйнолук кочмондор оюндарында «Манкала» оюну боюнча чемпион, ал эми 2017-жылы «Тогуз коргоол» оюну

боюнча дуйно чемпиону болгон. Исмаилов Мураталы Бекмаматович Азия чемпионатында «Тогуз коргоол» оюну боюнча кумуш медальды багындырган. Ал эми Кожомуратов Бектурган 2016-жылы «Бел боо курош» боюнча дуйно чемпиону жана Дуйнолук кочмондор оюндарында «Курош» боюнча чемпион наамдарына ээ болгон. Куралов Тилек «Бел боо курош» боюнча Дуйно чемпионатынын сыйлык ээси жана 2014-жылдагы кочмондор оюндарында кумуш сыйлыктын ээси.

Кафедранын бутуруучулору бир гана Республикада эмес, анын чегинен тышкары да жемиштуу эмгектенушуудо. Кафедранын негизги дайындоосу – бул дене тарбия жана спорт тармагында жогоркуу билимдуу кадрларды даярдоо, жогорку профессианалдуу билим беруу программаларын ишке ашыруу, 53200 «дене тарбия» багыты боюнча, алардын ичинен курош, кулатуу, ордо, тогуз коргоол, шахмат жана ат оюндарынын турлору боюнча адистерди чыгаруу. Билим беруунун формасы – кундузгу жана сырттан окуу болуму болуп болунот, ал эми кафедрада сабактар расмий жана мамлекеттик тилдерде откорулот.