Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы Эскишехир техникалык университети менен келишимге кол койду
- Новости

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы Эскишехир техникалык университети менен келишимге кол койду

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доценттин м.а. Н.А. Абдыбекова Туркиянын Эскишехир шаарындагы Эскишехир техникалык университетинде аталган жогорку окуу жайынын ректору, профессор Аднан Өзжандын кабыл алуусунда болуп, эки жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара кызматташуулар тууралуу келишимге кол коюлду. Бул келишимдин негизинде Эрасмус+ боюнча дене тарбия жана спорт багытындагы долбоорлорго жана илимий лабораторияларда биргелешкен талдоолор жана тажрыйбалар жүргүзүлөт.
Жолугушууда Эскишехир техникалык университетинин илимий лабораториясы, китекана, спорттук залдары менен таанышып чыгышты. Бул окуу жайда студенттер үчүн бардык шарттар каралган. Спорт илимдер факультетинин 4 профилдик кафедралары бар:
машыктыруучуларды даярдоо кафедрасы;
дене тарбия жана спортту окутуу кафедрасы;
рекреация жана спорт кафедрасы;
спорт менеджмент кафедрасы.
Спорт илимдер факультетинин спорттун түрлөрү боюнча шаймандар менен толук жабдылып, илимий лабораториясы жана студенттердин ооруканасы инновациялык жабдуулар менен камсыздалган. Ал эми электрондук илимий китепканасы сабактар боюнча окуу куралдары менен толук камсыздалган.