Мадаминов Гапыр Маматкулович академиянын мугалимдер жамаатына жана студенттерге “Өз билимин өнүктүрүү боюнча эффективдүү ыкмалар” деген темада лекция окуду.
- Новости

Мадаминов Гапыр Маматкулович академиянын мугалимдер жамаатына жана студенттерге «Өз билимин өнүктүрүү боюнча эффективдүү ыкмалар» деген темада лекция окуду.

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучуларынын жана студенттеринин Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору, КРдин Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер Академиясыны тарых институтунун илим изилдөөчүсү, жазуучулар  кеңешинин мүчөсү, коомдук ишмер жана бир катар республикалык сынактардын жеңүүчүсү Г.М.Мадаминов менен жолугуушуусу болуп өттү.

Жолугушууда алгач Г.М.Мадаминов “Өз билимин өнүктүрүү боюнча натыйжалуу ыкмалар” аталышындагы темада кеңири баян куруп, жаш муундарга ар тараптуу тарбия берүүдөгү өзүнүн бай тажрыйбасы, ал тажрыйбаларды ишке ашыруудагы айрым түшүнбөстүктөрдү, кыйынчылыктарды жеңүүнүн аркасы менен жетишилген билим берүүнүн ыкмаларына кеңири токтолуп өттү. Ошондой эле жолугушууда учурдун талаптарына жараша жаш муундардын өнүгүүсү, аларды адеп-ахлакка, мекенчилдикке тарбиялоо, ошондой эле “Агай” тасмасынын тартылышы багытында кызыктуу пикир алмашуулар болуп, Гапыр Мадаминов окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун аягында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректораты Гапыр Мадаминовго педагогика жаатында киргизген өзгөчөлүктөрү, жаш муундарга таалим-тарбия берүүдө ак ниет эмгеги жана  тармактын өнүгүү жолуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.