- Новости

НООРУЗ — 2017

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чоң залында Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен биргеликте өткөрүлгөн «Жаз жанырып жерге нурун төккөндө, санжыргалуу Нооруз келди көктөмгө« аттуу майрамдык салтанат концерт, элдик фольклордук ыр-күүлөр менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Мусулман калкынын жаны-жылдык салтанаты жалпы журтка аманчылык, токчулук, молчулук, аруулук,  тилеген Умай эненин аластоосу менен башталып, КМДжСАнын ректору, п.и.к, доцент Т.Т. Иманалиевдин куттуктоосу менен «Манас» эпосунан узунду айтуу менен улантылды. Бир жарым саатка созулган майрамдык салтанат  улуттук тамак-аштардан даам сызуу менен жыйынтыкталды.