Ректор Япониядан келген өкүлдү кабыл алды
- Новости

Ректор Япониядан келген өкүлдү кабыл алды

17-январда Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Азизбаев С.С. Япониянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы, батон твилинг инструктору Юрий Года менен Кыргыз тараптан илимий иштер боюнча проректор Абдыбекова Н.А., Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сабиров Р.К., спорт оюндар кафедрасынын башчысы Догачиев С.К. кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун пландары талкууланды. Академияда окутуучулар жана студенттер үчүн батон твилинг (Baton Twilling) спорту бекер окутууларын маалымдашты.