- Новости

Саралаев Марат Кадыкеевичтин 85 жылдык маараке күнүнө  карата арналган салтанаттуу жыйын белгиленди.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Б.Т.Турусбекова атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбияжана спорт акдемиясынын ардактуу профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Саралаев Марат Кадыкеевичтин 85 жылдык маараке күнүнө  карата арналган салтанаттуу жыйын белгиленди.

Мааракеге Н.А.Абдыбекова, М.С.Кийзбаев, В.А. Збарский, факультеттердин деканы, Т.Т. Иманалиев, Р.Н.Токсонбаев, К.К. Мусалиева , А.Ж.Айбалаев, А.О. Джунушбаева,Ж.Ж. Исакова , С.Арстанбеков, Э. Бейшекеев, А.Кенжебаев , А.Ниясалиев жана каферда башчылары катышкан.

Салтанатты Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тырых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Сейитбекович Азизбаев ачтып, Саралаев Марат Кадыкеевичтин 85 жылдык мааракесин  куттуктап өттү ал сөзүндө:

1965-1968-жылдарында Москва шаарындагы Мамлекеттик Борборлуу Ленин ордендүү физкультура институтунун дене тарбиянын тарыхы жана дене тарбияны уюштуруу кафедрасынын аспиранты болуп окуган.

1969-жылы кандитаттык диссертациясын жактап – педагогика илиминин кандидаты деген илимий даражасын алган.

Ошол жылдан бүгүнкү күнгө чейин окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан сыяктуу адистик кесипчилигин аткарып келген.

Көп жылдар бою ийгиликтүү эмгектенип келгендиги үчүн мамлекеттик жана кесиптик сыйлыктары менен сыйланган: “КР эл агартуусунун отличниги”; “СССРдин дене тарбия отличниги”; “Эмгек ардагери”; “КР Президентинин грамотасы”; “Кыргыз Республикасынын Олимпиядалык комитетинин алтын төш белгиси” деген сыйлыктары менен сыйланган. “КРсынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери”.

Кайра келип окутуучулук ишин уланткан, иституттун коллективинин таасирин, тарбиясын алган, илимий конференцияларга, дене тарбияны жана спортту үгүттөп лекцияларды “билим коом” аркылуу окуп жүргөн, илимий коференцияларда көп катышып такшалган.

Институтта, академияда иштеп жүргөндө-дене тарбиянын тарыхын, дене тарбиянын (чоңдордун дене тарбиясынын) теориясын, улуттук спорттун түрлөрүн (ордо,тогуз коргоол), дене тарбиянын педагогикасын, этнопедагогиканы окутуп, дене тарбия тармагындагы илим изилдөө боюнча, студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга билим берип иштеген. Даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси, кафедра башчысы спорттук-педагогикалык факультетинин деканы, СУТ боюнча факультетинин деканы болгон, институттун партия уюмунун секретары болгон. Так эле ушундай административдик, окутуучулук, коомдук, тарбиялоочулук, илимпоздук иш-аракеттер да көп тажрийбаны топтоого мүмкүнчүлүк алган.

Ошондуктан Марат Кадыкеевич топтолгон билимин жана тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берейин деген максат менен бүгүнкү күнгө чейин иштеп келатат. Бүгүн жаштарга өзүнүн кеңештерин берейин деген ой менен буларды айткан.

Келген коноктор А.С. Касмалиева, Б.Дж. Мотукеев, М.О. Букуев, А.М. Мамытов, А.М. Джанузакова, К. Исаев, Л.М. Саралаева, Ж.У. Саралаева, К.Н. Токоев, У. Иманбердиев өз куттуктоолорун айтып өтүштү.

Майрамдык салтанат музыкалык номерлер жана фуршет менен аяктады.