Научные мероприятия

Научные мероприятия

ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАР / НАУЧНЫЕ МЕРОПРИЯТИЯ

                    Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын мүчѳлѳрү тарабынан 2024-жылы — 73, 2023-жылы 102, 2022-жылы  — 84,2021-жылы – 69 илимий-практикалык конференция, эл аралык симпозиум, эл аралык илимий форум жана конгресстерге катышкан.

2024-жылдын 17-январында педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын доценти, КМДТжСАнын профессору Саралаев Марат Кадыкеевичдин 85 жылдыгына карата салтанаттуу чогулуш уюштурулду.

2024-жылдын 15-16-март күндөрү Чирчик шаарында Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университети менен Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА менен биргелешкен “Гимнастика, сергек жашоо мүнөзүн жана массалык спортту өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында” Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурдук.  Конференциянын ишине  КМДТжСАдан төмөндөгү профессордук-окутуучулук жааматы онлайн түрүндө катышты:

  1. Абдыбекова Нурмира Абдыбековна – илимий иштер боюнча проректор, п.и.к., доц.
  2. Манликова  Миновар Холыковна  – п.и.д., профессор
  3. Кийзбаев Муратбек  Сагимбаевич  – п.и.к., профессор
  4. Токсонбаев Рыскелди Нурманбетович  –  п.и.д. профессор
  5. Омырзакова Бурулкан Жунусовна–  п.и.к., доцент
  6. Садырова  Замира Тентиевна –     т.и.к., доцент. м.а.
  7. Сабиров Рысбек Келдибекович  — аскерге чейинки даярдоо фак. деканы, т.и.к., доцент
  8.  Кенжебаев  Акназар Аскарбекович  – Машыктыруу факультетинин деканы
  9. Догачиев Самат Кеңешбекович —      Сырттан окуу,  ККЖ ж КДФнин деканы
  10. Балтабаев Ормош Сатыбалдиевич   —  Гимнастика кафедрасынын башчысы

          Илимий – практикалык конференциянын негизги максаты, гимнастиканы  окутуунун  теориясы жана методикасынын актуалдуу маселелерин талкулоо жана  көркөм гимнастиканын заманбап технологияларын колдонуу, жылдык окуу-машыгуу процессин уюштуруу, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу болуп саналат.

2024-жылдын 22-апрель күнү Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жыйындар залында “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” аталышында оффлайн жана онлайн форматтында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулардын жогорку кеңеши, университеттердин окумуштуулары катышты.  Регионалдык жогорку окуу жайларды төмөнкү шилтеме аркылуу кошулушту https://meet.google.com/vpb-ffzm-bqw  

  • Саралаев Марат Кадыкеевич – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ардактуу профессору Он эки жылдык билим берүү — окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү
  • Мээрим Нурбаева – PhD (Испания) иммунология жана физиология боюнча адис, «Научные основы перехода 12 летнему образованию».
  • Мамытбеков Жайлоо Кыдырович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулар жогорку кеңешинин төрагасы, ф.-м.и.к., доцент Перспективы развития 12-летнего образовательного пути с фокусом на инженерно-техническом превосходстве”.
  • Токтосун уулу Бердаалы – магистр (АКШ), Түндүк Америка университети “Чет өлкөлөрдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү”.

2024-жылдын 30-майында Гуйчжоу технологиялык институтунун вице-президенти Лю Шидуо, кызматкерлердин академиялык ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча симпозиум уюштурду. Аталган колледждин партиялык комитетинин деканы Цзэн Сяоцзинь, партиялык комитеттинн мүчөлөрү жана колледждин вице-президенти Инь Тянь Маосун жана Дэн Итин, бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Эл аралык факультеттин студенттери үчүн конок лекция окудум.

2021-жылы кызматташуу жөнүндө эки тараптуу кол коюлгандан бери эки жогорку окуу жайлары ортосунда кытай жана орус тилдери боюнча онлайн курстар өткөрүлүп, “Гуйчжоу маданияты Жибек Жолунда” программасы ийгиликтүү ишке ашырылган. Кытайлык окутуучулар Кыргызстандын 13 студентин 15 күндүк курстан окутушту.

Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА тарап илимий-педагогикалык адистерди даярдоо үчүн дене тарбияны интеграциялоого жана эл аралык кызматташууга даяр экендигин билдирди. Пандемия учурунда КМДТжСАсы Кытайдын ЖОЖ менен аралыктан кызматташып турган Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жайы болгон.

Гуйчжоу технологиялык институту КМДТжСАнын 5 студеннтин кабыл алып, бардык шарттарды түзүү менен акысыз окутууга даяр.

            31-майда 4 жаштан тартып билим алып жана машыгып  жаткан өспүрүмдөр үчүн Олимпиадалык резерв спорт  мектебинде болдум, жетекчилиги жана команданын башкы машыктыруучулары менен жолугушуу болду. Олимпиадалык резервдеги мектеп биз тараптан  эркин күрөш боюнча 4 спортчу жана бир машыктыруучуну окуу-машыгуу процессин Кытайда өтүү үчүн макулдашылды. Алардын жашоо, тамактануу жана окуу-машыгуу процесстери Олимпиадалык резерв мектеби тарабынан каржыланат. Спортчулардын тамак ашына өзгөчө көңүл бурулуп, спортучулардын тамактануусунун айрым маселери боюнча чет өлкөлүк профессорлордун жардамы менен изилдөөлөр жүргүзүлөт.

25-сентябрь, 2024-жылы “Дене тарбия жана спорт сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруунун негизи катары” Эл аралык илимий конференция Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАна карата 70 жылдык юбилейине карата 2025-жылга жылдырылды.

2024-жылдын 14-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Илим күнү, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Илим күнүнѳ арналган кѳргѳзмѳ уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюшттурлган иш чарага Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректорунун м.а.Т.Н.Шевченко, илимий иштери боюнча проректору Н.А.Абдыбекова, тилдер кафедрасынын доц.м.а. К.Ө.Кайыпова, китепканачы Кенжебаева К.М., магистрант Алтынбек у С. катышты. «Цифровые навыки педагогов в сфере физической культуры и спорта в условиях цифровизации образования» аталышындагы доклад окудум.

2024-жылдын 21-ноябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясында Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган «Илимий иштердердин авторлугун эсепке алуунун санариптик технологиялары» аталышындагы семинар уюштурулду. Семинардын максаты: илимий-педагогикалык адистердин жана жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө иштерин активдештирүү. Санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде автордук укукту коргоонунун актуалдуу маселелери боюнча Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулук курамына семинар уюштурулду. Илимий эмгектерге автордук укуктуу бекемдөө максатында блокчейн технологияларын колдонуу менен тааныштырылды.

КРдин Билим берүү жана илим  министри Кендирбаеванын Догдуркүл Шаршеевнанын илим күнүнө карата 2024- жылдын  15- октябрындагы  35/4 буйругунун негизинде  Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулар курамына сыйлыктар “Илим күнүнө” арналган миш чарада тапшырылды.

М.Х. Манликова —  педагогикалык илимдин кандидаты, профессор-

“Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле “Билим берүүнүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандар:

  1. Ж.К.Чалагызов — гимнастика кафедрасынын окутуучусу;
  2. Н.А. Абдыбекова — педагогикалык илимдин кандидаты, доцент, илимий иштер боюнча проректор;
  3. М.Р.Оморов — чарба иштери боюнча проректор;
  4. К.К.Мусалиева — педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу;
  5. Д.А.Кыдыкеева —  фундаменталдык жана табигый илимий сабактар кафедрасынын ага окутуучусу;
  6. К.А.Каниметова — фундаменталдык жана табигый илимий сабактар кафедрасынын ага окутуучусу;
  7. Ж.Ж.Исакова — педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын доценттин милдеттин аткаруучу;

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйлангандар:

  1. Н.М.Бердибаева — спорттук оюндар кафедрасынын ага окутуучусу;
  2. К.Ө.Кайыпова — тилдер кафедрасынын доценти;
  3. А.Т.Ормонова — тилдер кафедрасынын ага окутуучусу;
  4. Н.И.Бектурганова — дене тарбиянын, спорттун теориясы жана усулу кафедрасынын ага окутуучусу;
  5. С.К.Догачиев — сырттан окуу, квалификация жогорлатуу жана адистерди кайра даярдоо факультетинин деканы, ага окутуучу;
  6. Б.уулу Кубанычбек — аскерге чейинки даярдоо кафедрасынын башчысы, ага окутуучу;
  7. М.А.Токтоналиева — социалдык- гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чара Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулду.  Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында билим берүүнүн артыкчылыктары, санариптештирүү шартында кесиптик билим берүү, педагогикалык кырдаалдар, алардын себептери жана чечүү маселелери жөнүндө докладдар окулду.

      Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын 100дөн ашуун илимий макалалардын авторлору жана окумуштуулар педагогика илиминин инновациялык өзгөчөлүктөрү жана учурдагы маселелерин талкуулашты.

2024-жылдын 16-декабрынан тартып 19-декабрына чейин Алмата шаарында (Казакстан) КазАСТнын 80-жылдыгына арналган “Олимпиадалык спорт жана спорт баардыгы үчүн”  аттуу Эл аралык илимий Конгресс болду. Конгресске Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректордун м.а., доцент Т.Н.Шевченко, илимий иштер боюнча проектор, п.и.к. доцент, Н.А.Абдыбекова, профессор М.Х.Манликова, доцент, М.К.Саралаев, профессор Р.Н.Токсонбаев, доценттин м.а. Ж.Ж. Исакова, п.и.к. М.К.Мамбетова жана магистратура бөлүмүнүн башчысы А.С.Халиалдаева катышышты.           Кыргызстандан барган делегациясынын атынан эки модератор болду п.и.к. доцент, илимий иштер боюнча проректор Н.А.Абдыбекова, профессор А.М.Мамытов модератор катары 2 секциянын ишин алып барышты. Докладдар окулуп, эки тарап өнөктөш университет менен илимий жактан долбоорлорду ишке ашыруу максатында талкуу болду.

Эл аралык илимий байланыштар. Кытай, Индонезия, Туркиянын, Өзбекстандын, Россиянын жогорку окуу жайлары менен дене тарбия жана спорт тармагында биргелешкен илимий долбоорлор, лекциялар, семинарлар, илимий тажрыйба алмашуулар, студенттер, магистранттар жана аспиранттардын тренингдери өткөрүү боюнча 8 эл аралык келишимдерге кол коюлду.

2024-жылдын 8-июлунда Москва дене тарбия жана спорт академиясында болду. Аталган жогорку окуу жайынын ректору, п.и.д., профессор Н.Н.Чесноков, илимий иштер жана тарбия иштери боюнча проректорлору менен жолугушууда достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин акырындап калыптандыруунун негизи катары кызматташуу маселелери талкууланды.

2024-жылдын 9-июлунда Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын өкүлчүлүгүнүн иш сапары Рссиянын спорт университетинин ректору, п.и.д., профессор Сейранов С.Г. (ГЦОЛИФК) менен кезигип, тараптар илим, билим берүү жана дене тарбия чөйрөлөрүндө иш алып баруу менен, эл аралык платформанын негизинде келечектеги окутуучуларды, машыктыруучуларды даярдоо кызматташтыгын улантууну сүйлөштү.

Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА тарап илимий-педагогикалык адистерди даярдоо жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн даяр экендигин билдирди.

 2024-жылдын 10-октябрында Москва шаарындагы  педагогикалык университеттин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу болду. Жолугушууда Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректорунун м.а., п.и.к., доцент Т.Н. Шевченко, п.и.к., доцент, ИИ боюнча проректор Н.А. Абдыбекова, окуу бөлүмүнүн башчысы  А.К. Шериппаева, п.и.к., дене тарбия жана спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы М.К. Мамбетова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Халиалдаева А.С., эл аралык бөлүмдүн башкы адиси Сапаева Э.М. катышышты. Онлайн форматтагы жолугушууда аталган университеттер ортосундагы кош диплом боюнча программага талкуу жургүзүштү. Москва шаарынын педагогикалык университетинин өкүлдөрү: профессор Н.И. Ловцова, профессор Е.Ю. Федорова, Москва шаарындагы педогогикалык университеттин табигый илимдер жана спорттук технологиялар иниститутунун директору  А.Э. Страдзе катышышты.

              2024-жылдын 9-октябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Лобачевский атындагы Ниженовгород мамлекеттик изилдөө университетинен келген коноктордун жолугушуусу болду. Жолугушууда КМДТжСАнын ректорунун милдетин аткаруучу п.и.к., доцент Т.Н. Шевченко, илимий иштер боюнча проректор п.и.к., доцент Н.А. Абдыбекова, спорттук — тарбия иштери боюнча проректор, п.и.к., доцент  Э.М. Тукеев, мамлекттик тил боюнча проректордун милдетин аткаруучу ф.и.к., доцент,Т.Г. Ибраимова, административдик  чарбалык иштер боюнча проректор М.Ы.Оморов катышышты. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган  жогорку окуу жайларыортосундагы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Мындан сырткары Лобачевский атындагы Ниженовгород мамлекттик изилдөө университетинин кафедра башчысы, спорттук  медицина жана психология илимдеринин кандидаты, доцент, С.В. Соколовская студенттерге лекциялар курсун окуду, пландаштырылган лекциялардын темалары: “Психологдордун ролу жана спорттук машыгуу системасы”,  “Спорттук машыктыруучунун психологиясы”, “Эрте эмоцияионалдык чарчоонун алдын алуу”, “Спорттук команда”, “ Коммуникация техникалары”.

   «Актуальные вопросы спортивной медицины, физической культуры и спорта»

            14 марта 2025 года КГМА им.И.К.Ахунбаева совместно с КГАФКиС им.Б.Турусбекова провели международную научно-практическую конференцию на тему «Актуальные вопросы спортивной медицины, физической культуры и спорта». На конференцию прибыли гости из дальнего и ближнего зарубежья. Между участниками мероприятия состоялся обмен опытом в сфере спортивной медицины.

Конференция стала площадкой для знакомства с лучшими зарубежными и отечественными исследователями в области спортивной медицины, где каждый смог предоставить свои тезисы для осмысления проблем современного спорта. На мероприятии с приветственными словами перед участниками выступили представители правительства Кыргызской Республики. В тезисах, докладах участников конференции обсуждались актуальные проблемы спортивной медицины, физической культуры и спорта. Анализировались медицинские проблемы подготовки спортсменов, сопровождения соревнований, лечения и реабилитации, также рассматривалось медико-биологическое обеспечение подготовки спортсменов. В рамках конференции прошла выставка спортивно-восстановительных средств и изделий медицинского назначения в спорте. Ведущие фирмы представили свою продукцию и ответили на все интересующие вопросы посетителей выставки-ярмарки.

24 марта в 16 часов провели тренинг для ППС по ORCID в КГАФКиС им Б.Т.Турусбекова.

 ППС академии прошли регистрацию в ORCID. Благадарим спикера тренинга     DBA, PhD/Канд.экон.наук, CIPA, ICDL, коордтнатора проекта ORCID Гульнару Джунушалиеву.

Во время тренинга рассмотрели следующие темы:

1.    Орсид — международная система персональной идентификации авторов научных публикаций

2.    ROR – идентификатор организаций

3.    Вклад в ЦУР

4.    Как зарегистрировать аккаунт ORCID

5.    Как заполнять профиль

6.    Какую пользу получаем.

24 марта 2025г. организовали вебинар «Какие проекты получают гранты ЕС с бюджетом 1 000 000 евро и выше: разбор успешных кейсов Эразмус и Горизонт» для ППС.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-июлунда №4664/1 буйругунун негизинде 2023-жылдын 4-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” темасында медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын XII Эл аралык илимий конференциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат,  спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти, Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы,  Дене тарбия жана спорт  университеттеринин Эл аралык Ассоциациясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университети, тарабынан Эл аралык конференция жогорку деңгээлде уюштурулган. Конференцияда:

  • студенттик спорт кыймылынын тажрыйбалары, келечеги, студенттик спорттун уюштуруу-башкаруу аспектилери,
  • ден соолукту чыңдоо жана спорттук ишмердикти медико-биологиялык камсыздоо,
  • спорттук медицинанын спорттук илимдин обьектиси катары каралышы, дене тарбиянын, спорттун жана туризмдин теоретикалык-усулдук, психологиялык-педагогикалык аспектилери,
  • спорттун улуттук түрлөрүнүн жана элдик оюндардын жаштардын дене тарбиясындагы мааниси,
  • дене тарбиянын жана спорттун этнопедагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилерине байланыштуу маселелер каралды.

            Эл аралык илимий конференцияга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Казакстандын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, Белоруссиянын, Япониянын Россия Федерациясынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан  70тен ашык өкүлдөрү катышты. Индия, Турция өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий конференциянын ишине онлайн форматында катышты.

            Салтанаттуу жыйынды Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович ачты. Кыргыз Республикасынын гимни жана студенттердин эл аралык “Гаудеамус” гимни ойнолду.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутуты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын президенти, Казакстан спорт жана туризм академиясынын ректору, профессор Закирьянов Кайрат Кайруллинович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,  спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы аймактардагы дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тойбаев Султан Мырзабекович, Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору, э.и.д., профессор Болтабаев Махмуд Рустамович, спорттун олимпиялык оюн түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Асанбаев Урмат Садырович жана Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Пленардык жыйын

1. Видиофильм                                      Вклад доктора медицинских наук, профессора

      Б.Т.Турусбекова в науку и подготовки кадров

2. Мамытов Абакир Мамытович —   Основные идеи заложенные в предметные

    п.и.д., профессор.                               стандарты по физической культуре нового

                                                                  поколения В Кыргызской Республике, и пути их

                                                                  реализации (Кыргызстан, Бишкек).

3. Ильючик Яна – БМДТУнун            Модернизация системы физической и психологи-

    магистранты.                                      ческой подготовки шахматистов с учетом

                                                                  требований современного спорта (Беларусь

                                                                  Республикасы, Минск ш.).

4. Турсунова Алика Фархатовна —     Владение языком жестов как компотенция

     студент, Нурмухамбетова                 тренера в адаптивном спорте, влияющая на       

     Медина Булатовна – КазТСА            мотивацию заниятием спортом спортсменов с

     ДТжС теоретикалык негиздери         нарушением слуха (Казахстан. Алматы ш.).

     кафедрасынын ага окутуучусу.

5. Борисовец Дильбар Рафкатовна   Использование народных игр как допольнительного

    ДТ жана коопсуздук кафедр. ага      элемента в формировании двигательных и

    окут.,  Размахова Светлана                координационных навыков на заниятиях

    Юрьевна – б.и.к., ММПИнин            физической культуры (Россия, Москва ш.).

    табигый таануу жана спорттук

    технологиялар институтунун

    адапталогия жана спорттук

    даярдык кафедрасынын доценти. 

            Пленардык жыйындан кийин конференциянын тематикасы үч секцияларга бөлүнүп, сунушталган материалдар онлайн жана оффлайн форматында кыргыз, орус жана англис тилдеринде кызуу талкууланды.

I-секция. “Студенттик спорттук кыймыл. Дене тарбия жана спорттун

  теориясы жана практикасы маселелери”.

          Төрагасы — Иманалиев Токтобек Тыбынович — п.и.к., Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору (Кыргызстан).

Теңтөрагасы — Стрижак Анатолий Петрович — п.и.д., Москва шаардык педагогикалык университетинин профессору (Москва,Россия).

            Бардыгы 36 доклад: Арстанбеков С.А., Жуманазарова М.Р., Бейшекеев Э. (Кыргызстан, г.Бишкек). Джамангулов Д.К., Базакечев Т.М., Саралаев М.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Газиев Ш.Ш. (Узбекистан, г. Чирчик). Бахтиёров У.Б. (Узбекистан, г. Чирчик). Иванова О.С. (Россия, г. Екатеринбург). Игамбердиева А., Эштаев С.А. (Узбекистан, г. Ташкент). Иконникова Е.С., Мельников А.А., Черкасова А.Н., Люкманов Р.Х., Кириченко О.А., Супонева Н.А., Пирадов М.А. (Россия, г. Москва). Иманалиев Т.Т., Петрухин М.В. (Кыргызстан, г. Бишкек). Исломова М., Зоитова Г.М. (Узбекистан, г. Чирчик). Исмагулова Г.Н., Дурдыева К.Х. (Узбекистан, г. Чирчик). Касмалиева А.С., Сейтказиев М.Т., Акматов А.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Кийзбаев М.С., Кенжебаев А.А., Сыдыкова А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Колмогорова Е.К., Кравчук Т.А., Колмогорова Н.В. (Россия, г. Омск). Колмогорова С., Марченко В., Ахмедова С.Ж. (Казахстан, г. Алматы).

II-секция. “Фундаменталдык, медициналык, биологиялык, табигый-илимий аспектилер, улуттук дене тарбия жана спорт маселелери”.

Төрайымы Шалабаева Лаура Исмаилбековна – Казак спорт жана туризм  академиясынын илим жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору,  PhD, профессор (Казахстан).

ТеңтөрайымыКозлова Светлана Юрьевна – п.и.к., Москва шаардык педагогикалык университетинин доценти (Россия).

Бардыгы 32 доклад: Коваленко В.Е., Биндусов Е.Е., Стрельникова И.В. (Россия, г. Москва). Крутова С.В., Аикин В.А. (Россия, г. Омск). Куксина А.А., Аикин В.А. (Россия, г. Омск). Кулгожаев А.Ж., Кыдыргычев М., Чыныбеков С. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ларионов А.Ф., Айтпозова А.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ленькова С.А., Загурский Н.С., Михалев В.И. (Россия, г. Омск). Масамиров Б.С., Жаманбаева С.Т., Эрмешов Н. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мендот Э.Э., Мендот Э.Э., Мендот И.Э. (Россия, Тыва). Попова И.Е., Савинкова О.Н., Сысоев А.В. (Россия, г.Воронеж). Рябова Э.К., Рябов А.А., Зебзеев В.В., Чернова Г.М. (Россия, г. Чайковский). Сабирова К., Голоха Л.И. (Казахстан, г. Алматы). Сечин Д.И. (Россия, г. Москва). Стрижак А.П. (Россия, г. Москва).

III — секция.Дене тарбия жана спорттун этнопедагогикалык, психологиялык-педагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилери”. 

Төрагасы — Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович – билим берүү жана илим тармагы боюнча талдоочу, п.и.д., профессор (Кыргызстан).

ТеңтөрагасыМусаев Бахром Бахтиерович – Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин проректору, п.и.к., профессор (Өзбекстан).           

Бардыгы 36 доклад: Абдыбекова Н.А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ахунжанова М.Х., Рыспаева Ч.К., Базакечев Т.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Ахунжанова М.Х., Рыспаева Ч.К., Базакечев Т.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Байжигитова А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Баитова Ф.Т., Бердибаева Н.М. (Кыргызстан, г. Бишкек). Бейшенова С.У. Повышение профессиональной квалификации педагогов. (Кыргызстан, г. Бишкек). Исакова Ж.Ж., Айбалаев А.Ж., Мусалиева К.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Кайыпова К.О., Капсаламова Э.Д., Атабаева А. (Кыргызстан, г. Бишкек). Манликова М.Х. (Кыргызстан, г. Бишкек). Манликова М.Х., Тоялиева Э.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мергенбаева С.Р., Рыспаева Ч.К., Усенканова А.Т. (Кыргызстан, г. Бишкек). Мурасатов Б.А., Турдукожоев А.Ч. (Кыргызстан, г. Бишкек). Рыспаева Ч.К., Мергенбаева С.Р. (Кыргызстан, г. Бишкек). Садырова З.Т., Кубанов С.К. Феномен спорта в социально-гуманитарной и философско-исторической парадигме. (Кыргызстан, г. Бишкек). Тажибаева У.К., Назарбеков Б. Использование спортивной терминологии в современном кыргызском языке. (Кыргызстна, г. Бишкек). Токтоналиева М.А., Джусупбеков А.К. (Кыргызстан, г. Бишкек). Чуранова Т.Ю., Чуранов А.М. (Россия, г. Санкт-Петербург).

Конференция кыргыз, орус жана англис тилдеринде офлайн жана онлайн түрүндө уюштурулду. Материалдар “Дене тарбия жана спорт Жарчысы” илимий-практикалык журналына жарыяланды (Бишкек: 2023. №1). Бардыгы 64 илимий макала чыгарылды, анын ичинен 11 илимдин докторлору (студенттердин, магистрлердин жана аспиранттардын илимий жетекчилери):

Кыргызстан:  педагогика илимдин доктору, проф. Мамытов А.М., педагогика илимдеринин доктору, проф. Мамбетакунов У.Э.

КМДТжСА — 3 илимдин доктору, профессор (Манликова М.Х. — педагогика илимдин доктору, Джусупбеков А.К. — философия илимдеринин доктору, Токсонбаев Р.Н. — педагогика илимдеринин доктору).

     Россия6 илимдин докторлору, проф. – Стрижак А.П., Мельников А.А., Супонева Н.А., Пирадов М.А., Айкин В.А., Михалев В.И.).

           Өзбекстан — 1. илимдердин доктору, доц. — Бобомуродов Ф.И.

Илимдин кандидаттары — 41:

            КМДТжСА — 11 (Саралаев М.К., Кийзбаев М.С., Иманалиев Т.Т., Азизбаев С.С., Абдыбекова Н.Н., Кайыпова К.О., Садырова З.Т., Исакова Ж.Ж., Баитова Ф.Т., Таджибева У.К. Айбалаев А.Ж.),

    ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Россия, Өзбекстан, Казакстан. КМДТжСАнын ага окутуучусу жана окутуучулары: Молдалиев Э., Маляренко О.В., Масамиров Б.С.                           

Эл аралык конференциянын алкагында маданий иш-чаралар уюштурулду. “Кырчын” жайлоосуна экскурсия жана көл үстүндө теплоходдо эс алуу уюштурулду. Кадырлуу конокторго сый тамак берилди.

              Секциялар боюнча конференциянын ишинин негизги жыйынтыктары чыгарылды. Конкурстук калыстар мүчөлөрүнө сөз берилип, алдыңкы доклад ээлерин сыйлоо менен жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор жана сувенирлер тапшырылды.

1. Ильючик Яна Александровна – Беларуссия мамлекеттик дене тарбия университетинин магистранты

2. Турсунова Алика Фархадовна – Казак мамлекеттик спорт жана туризм академиясынын студенти.

3. Газиев Шукуржан Шухрат Угли – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин докторанты.

4. Игамбердиевна Азиза Искандаровна – Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин студенти.

5. Латушкина Валерия Викторовна – Белорус мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин аспиранты.

6. Ершова Анна Николаевна – Сибир мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин магистранты.

7. Ленькова Софья Александровна — Сибир мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин кенже илимий кызматкери.

8. Сабирова Камила Пархатовна – Казак спорт жана туризм академиясынын студенти.

9. Холмурадова Дүрдона Алмат кизи — Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин студенти.  

10. Попова Ирина Евгеньевна – Воронеж спорт академиясынын кафедра башчысы.

 “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” конференциясынын пленардык жана жыйынтыктоо бөлүмүндө төмөнкү кадырлуу конокторго академиянын плакеткасы белекке берилди.

1. Ибрагимов Б.А. – №2-мамлекеттик резиденциянын директору.

2. Туманбаев К.К.- КРдин Президентинин иш башкармалыгын башчысы.

3.Турусбекова Г.Б. — ЮНИСЕФтин КР боюнча социалдык саяат программасынын башчысы.

4. Макононов В.А. –   Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын директору, Казак спорт жана туризм академиясынын ардактуу ишмери, Казак спорт жана туризм академиясынын профессору.     

5. Козлова С.Ю – п.и.к., Москва шаардык педагогикалык университетинин доценти.

6. Морозович —  Шилюк Татьяна Анатольевна — Белорус мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин илимий иштер боюнча проректору. 

7. Зебзеев Владимир Викторович – Чайковск мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору.

8. Савинкова Ольга Николаевна – Воронеж спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору. 

9. Болтабаев Махмуджон Рустамович — Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору, э.и.д., профессор.  

10. Takao Hino – Япониянын Тенри университетинин профессору.

Конференциянын резолюциясы кабыл алынып, иш-чара жыйынтыкталып, “Эстафетаны” Чурапча дене тарбия жана спорт институтунуна тапшырылды. 

XII Эл аралык илимий конференцияны ийгиликтүү уюштурулгандыгы  жана “Дене тарбия жана спорт жарчысы” илимий-практикалык журналынын материалдарын редакциялоого активдүү катышкандыктары үчүн академиянын кызматкерлери премия жана эмгек китепчесине жазуу менен алкыш жарыяланды.

10-октябрда жаш окумуштуулардын арасында мыкты доклад катары төмөндөгүлөрдү окутуучуларды сыйлоо пландалууда.

Конкурстук калыстар мүчөлөрүнө сөз берилип, алдыңкы доклад ээлерин сыйлоо менен жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор жана сувенирлер тапшырылды.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун үй-бүлөсүнүн атынан конкурстук калыстар мүчөлөрүнүн чечими менен КМДТжСАнын төмөндөгү жаш окумуштууларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1-орун Арстанбеков С.А. – 10000 сом.

2-орун Бактыбек уулу Р. – 5000 сом.

3-орун Масамиров Б.С. – 5000 сом.

2022-жылдын 17-19-июнунда Бостери айылында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана  дене тарбиясы» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Токтоналиев Самат Садыкович, тарых илимдеринин доктору, профессор Мехмет Туркмен (Турция), К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович катышты.             

Конференциянын ишине Кыргызстандын  аймактарындагы жогорку окуу жайларынын, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн: Туркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана Кытайдын (онлайн) өкүлдөрү катышышты. Сыйлуу коноктор жана академиянын конференцияга катышкан окутуучулары  Көл бермети пансионатына акысыз жайгаштырылды.

                    2021-жылдын 5-6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, окуучу жаштардын дене тарбия маселелерине арналган Форум уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы тарабынан уюштурулуучу бул Форумда, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизги багыттары жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аны ишке ашыруу боюнча иш пландары каралып, талкууланды.

           Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын улуттук координатору Жыпара Ракишева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана жалпы билим берүү мекемелеринин, спорттук жана илимий педагогикалык коомчулуктарынын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

                  Форумда Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорттун учурдагы абалы талкууланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын, алдыңкы окутуучу-педагогтордун, эмгек сиңирген машыктыруучулардын, ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча мугалимдердин “Инсандын руханий-адеп-алактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияга” сунуштары каралып, талкууланды.

        Форумдун пленардык  жана секциялар боюнча жыйындарында окуучу жаштарды адеп-ахлактык тарбиялоонун негиздери, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизинде  дене тарбия жана спорт сферасындагы нормативдик-укуктук, концептуалдык, программалык документтерди өркүндөтүү маселелери боюнча докладдар угулду.

        Форумдун жыйынтыгы менен дене тарбия жана спортту жайылтуу, улуттун ден соолугу жана сергек жашоосу, дене тарбия жана спорттун жардамы менен жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуулары  үчүн материалдык-техникалык шарттарды түзүү иштеринин негизинде машыктыруучулардын, мектептерде жана жогорку окуу жайларында дене тарбия мугалимдеринин  кадыр-баркын, баалуулуктарын жана статусун көтөрүү боюнча конструктивдүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 65 жылдык мааракесине арналган “Дене тарбия жана спорттогу  жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун теориясынын жана практикасынын учурдагы маселелери” аттуу Эл аралык илимий конференциясы 2021-жылдын 27-октябрында уюштурулду.

           Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы – Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт боюнча адистерди даярдоочу жалгыз адистештирилген жогорку окуу жайы. Ал 1955-жылдын 26-июлунда Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин № 371 токтомунун негизинде ачылган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту 1971-жылдын 14-сентябрында Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен “Кадрларды  даярдоо жана дене тарбия кыймылынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2005-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кайра уюштуруу” жөнүндөгүгЖарлыгы менен институт академия статусуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы уюштурган Эл аралык илимий конференциянын ишине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К. Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, министрдин орун басары К.К.Шабданбаев, Казакстан, Өзбекстан, Туркия, Индия, Кытай өлкөлөрүнүн  өкүлдөрү онлайн жана офлайн түрүндө, мындан сырткары Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, дене тарбия жана спорт мекемелеринин, илимий-педагогикалык коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов Эл аралык илимий конференцияда “Дени сак улуттун — келечеги тунук”, ар бир жарандын аң-сезиминде спортко болгон ишеним жана сүйүү бекем орношу керек. Спорт – жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Сергек жашоо ыңгайын калыптандырып, коомдогу жат көрүнүштөргө жалпылап күрөшүү баарыбыздын милдетибиз” деп баса белгилеп, спорттун улуттук жана заманбап түрлөрүн өнүктүрүү зарылдыгын, жаштарды адептүүлүккө, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялаган дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизин түзөөрүнө токтолду.

Кыргыз мсамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.С.Азизбаев академиянын 65 жылда басып өткөн тарыхы, Эл аралык илимий конференцияда карала турган маселелердин мааниси жана мамлекеттик деңгээлде чечиле турган окуу жайдын алдындагы айрым көгөйгөйлүү маселелерге токтолду.

             Конференциянын жүрүшүндө  инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тутумунун негизги багыттарына ылайык, окуучу жаштардын азыркы шартта пайда болгон маселелерин чечүү зарылдыгы белгиленди. Өсүп келе жаткан муунду дене тарбияга жана спортко тартуу, сергек жашоого кызыктыруу үчүн инновациялык технология жана усулдун негизинде: мектептерде, жогорку окуу жайларда дене тарбия жана спорт жаатындагы билим берүүнү өркүндөтүүнүн келечеги жана жолдору талдоого алынып талкууланды.

             Секцияларга бөлүнүп талкууланган маселелердин жыйынтыгында конференциянын катышуучуларынын резолюциясы кабыл алынып, окутуучулардын, докторанттардын, аспиранттардын, магистранттардын, студенттердин, дене тарбия жана спорт багытындагы адистеринин иш жүзүндөгү тажрыйбалары менен тереңдетилип, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен чагылдырылып сунушталган материалдардын жогорку илимий деңгээли белгиленди.         

      Резолюцияда, дене тарбия жана спортту жайылтуу, улуттун ден соолугу, сергек жашоосу, дене тарбия жана спорттун жардамы менен жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуулары  үчүн материалдык-техникалык шарттарды түзүү иштери менен бирге машыктыруучулардын, жалпы билим берүү мектептеринде жана жогорку окуу жайларында дене тарбия мугалимдеринин  кадыр-баркын, баалуулуктарын жана статусун көтөрүү боюнча конструктивдүү сунуштар камтылды.

• 3 мая 2018 года проведена научно-практическая конференция «Актуальные проблемы теории и практики традиционной физической культуры и национальных видов спорта», приуроченной к III-ВИК.

На конференции участвовали из МОиН КР, Секретариата по проведению игр кочевников, Государственного агентства по делам молодежи, ФКи спорта и Академии образования.

На пленарном заседании заслушаны 3 доклада (Асанов Т.Ѳ., Мамбеталиев К.У., Азизбаев С.С.)

Проведены 3 секционных заседаний:

• № 1 секция – Социальные и историко-культурные, кадровые проблемы этноспорта;

• №2 секция – Вопросы этнопедагогики и психологии. Гуманитарные аспекты ТФК и национальных видов спорта;

• № 3 секция – Медико-биологические и естественно-научные аспекты традиционной физической культуры и национальных видов спорта.

На секционных заседаниях приняли участие свыше 160 человек. Были докладчики из КНУ, КГЮА, БГУ, КРСУ, КТУ «Манас», КГУ, ОшГУ, ИГУ, НОА, Казахской академии спорта и туризма.

Материалы конференции освещены в выпусках №2, №3 «Вестника ФКиС».