СОЦИАЛДЫК – ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР КАФЕДРАСЫ

Кафедра башчысы:

Садырова Замира Тентиевна.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент.

КРнын билим берүүсүнүн мыктысы. Жалпы эмгек стажысы 36 – жыл.

Педагогикалык стажысы 28 – жыл.

Дареги: И.Ахунбаев көчөсү – 97. Башкы имарат. 26 кабинет.

Байланыш телефону – 996703229826, электрондук дареги – sadyrova-zamira@mail.ru , Zamirasadyrova.22@gmail.com

Социалдык – гуманитардык илимдер кафедрасыКыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (1955) түзүлгөндөн баштап  иштеп келет. Кафедранын тарыхы бай жана ар тараптуу. Аталган кафедрада илимдин докторлору жана кандидаттары А.И.Миркин, А.С.Баялы, И.Д.Каракеев, С.Бактыгулов, М.Джумашева, Р.Айникенов, А.Тилекеев, М.С.Вайндорф, М.Султашева, Ж.Саякбаев, К.Утуров, Г.Сейталиева К.Э. Аблазов, К.У. Камбаровалар эмгектенишип, академиянын илимий, окуу-усулдук базасын өркүндөтүүгө өз салымдарын кошушкан.

Кафедра төмөнкү дисциплиналар боюнча окуу иштерин алып барат: Кыргызстандын тарыхы, Философия, Манастаануу, Дене тарбия жана спорттун социологиясы, Дене тарбия жана спорттун укутук негиздери, Конфликтология, Экономика, Дене тарбия жана спорттун экономикасы, Дене тарбия жана спорттун менеджменти (бакалавриат бөлүмү үчүн), Логика, Илимдин тарыхы жана методологиясы, Дене тарбия жана спорт тармагындагы ишкердиктин негизи (магистратура бөлүмү үчүн), Илимдин тарыхы жана философиясы (аспирантура бөлүмү үчүн).

Кафедранын негизги милдети – социалдык-гуманитардык илимдерди окутуунун натыйжасында, азыркы коомдун талабына шайкеш келген дене тарбия жана спорт багытындагы  адистердин, алардын болочок адистигине зарыл болгон руханий-нравалык баалуулуктарын, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө болгон жаны көз караштарын калыптандырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кафедранын миссиясы – социалдык-гуманитардык дисциплиналарды үйрөтүүнүн натыйжасында, дене тарбия жана спорт багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялоо болуп эсептелет.

Кафедра алдыга койгон максаттарынын негизинде төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат.

  • лекциялык, семинардык жана башка окутуунун түрлөрүн сапаттуу өткөрүү, студенттердин өз алдынча иштерине жетекчилик кылуу жана уюштуруу, студенттердин окуу иштерине көзөмөл жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарын аныктоо;
  • студенттер менен окуу процессинен тышкары (тарбиялык) иштер боюнча иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • кафедранын профили боюнча окуу куралдарын, окуу колдонмолорун, лекциялык материалдарды, усулдук адабияттарды окуу-практикалык басылмаларды даярдоо;
  • алдынкы окутуучулардын иш тажрыйбаларын жайылтуу жана жалпылоо,  жаш окутуучуларга педагогикалык чеберчиликке ээ болууга усулдук жардам берүү;
  • кафедранын окутуучулары тарабынан окуу пландарын жана жумушчу программаларын иштеп чыгуу;
  • илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, студенттердин жана магистранттардын  илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу жана бүткөн илимий-изилдөө иштерин талкуулоо;
  • социалдык жана гуманитардык чөйрөдө билимдерге жана компетенцияларга эгедер кызматкерлердин жана бүтүрүүчүлөрдүн маданий-нравалык денгээлдерин жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүү.

Кафедранын илимий-усулдук иштеринин негизин, жалпы усулдук система б.а. лекциялар, семинардык сабактар, консультациялар, зачёттор, сынактар түзөт. Кафедранын мугалимдери сабак өтүүдө заманбап инновациялык технологиядагы усулдарды колдонушат. Окуу процессинде кафедрадагы социалдык-гуманитардык дисциплиналар жогорку окуу жайдын профили менен байланыштуу.

Студенттер, социалдык-гуманитардык циклдеги илимдерди окуунун натыйжасында, өзүлөрүнүн адистик багытындагы ургалдуу жана татаал маселелерди чечүүдө, социалдык көрүнүштөрдүн манызын ачып түшүнүүгө үйрөнүшөт.

Бүгүнкү күндө социалдык – гуманитардык илимдер кафедрасында 1 илимдин доктору, 1 профессор, 3 илимдин кандидаты, 3 доцент, 3 ага окутуучу эмгектенишет. Алар: Джусупбеков Азизбек Кылычбекович – философия илимдеринин доктору, профессор, Садырова Замира Тентиевна – тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Баитова Фарида Турганбаевна – педегогика илимдеринин кандидаты, доцент, Сабиров Рысбек Келдибекович – тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Такырбашев Эмил Акматович – ага окутуучу, Байсубанова Кыял Карыбековна – ага окутуучу, Токтоналиева Мээрим Айталыевна – ага окутуучу, Дуйшомбиева Элиза Кубандыковна – окутуучу. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий-изилдөөчүлүк, илимий-усулдук жана окуу-усулдук иштерин активдүү алып барышат.

Кафедранын азыркы жетекчиси (2021 –ж. бери), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Садырова Замира Тентиевна.

Туулган жери жана жылы: 22.11.1970, Тогуз-Булак айылы

  Тоң району, Иссык-Көл областы.

1989-1994 жж. Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых факультети

КвалификациясыОкутуучу

Адистиги –  Тарыхчы. Тарых жана коомдук илимдердин окутуучусу. Артыкчылыгы менен диплом (диплом ЕВ № 119865)

Окумуштуулук даражасы: т.и.к., доцент.

• 1994-1997 жж. – КМУУ нун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмү. КРнын билим берүүсүнүн мыктысы. Жалпы эмгек стажысы 36 – жыл. Педагогикалык стажысы 28 – жыл.

2021 – ж. 26 – мартынан 2025 ж. бүгүнкү күнгө чейин Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы.

2020 – ж. 1 – декабрынан 2021 – ж. 26 – мартына чейин КМДТжСАнын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу.

2020 – 2024 жж. КМДТжСАнын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу.

2004-2019 жж. КМДТжСАнын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу.

1997 – 2004 жж.  КМДТИнун философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын  окутуучусу.

Негизги илимий эмгектери

Илимий изилдөө багытты боюнча 46 илимий макаланын, 1 коллективдүү монографиянын, 2 окуу-усулдук колдонмонун автору.

Сыйлыктары

2023- ж. гуманизм жана тынчтык идеалдарыни ишке ашыруудагы эмгеги жана лидерлик сапаттарды көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстан аялдар Конгрессинин эл аралык маанидеги “Лидерлик үчүн” алтын медалы менен сыйланган.

2021 ж. КМДТжСАнын 65 – ж. юбилейине карата КРнын Билим берүү жана илим министирлигини “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

2015- ж . КМДТжСАнын 60 – ж. юбилейине карата академиянын юбилейлик медалы менен сыйланган.

2015-жылы жемиштүү эмгеги, окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн жана КМДТИнун түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата академиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2010-жылы өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого жана окутууга кошкон өзгөчө салымы жана педагогикалык ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кайсы тилдерде сүйлөйт:

Кыргыз тили – эне тили, Англисче – сөздүк сенен, Орус тилинде –  эркин.

Илимий изилдөө багытты боюнча 46 илимий макаланын, 1 коллективдүү монографиянын, 2 окуу-усулдук колдонмонун автору.

Джусупбеков Азизбек Кылычбекович.

Философ

Философия илимдеринин доктору, профессор.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери. 100дөн ашуун илимий макалалардын, 10 монографиянын автору. КМДТжСАда 2021– жылдан баштап эмгектенет.

.

.

Баитова Фарида Турганбаевна.

Билими – педагог.

Кафедранын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты. 2012-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында эмгектенет.

2016-жылы 25-мартта ««Манас» эпосу аркылуу болочок мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоо» аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча  кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.  

2020-жылдын 25-ноябрында  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Университетинин Окумуштуулар кеӊешинде «Исхак Асан уулунун Кокон хандыгынын тарыхындагы орду жана ролу (тарыхый булактардын негизинде)» деген аталыштагы 07-00-09 – Тарыхнаама, булактаануу жана тарыхый изилдөө методдору жана 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы  адистиктери боюнча  докторлук  диссертациясынын темасы бекитилген. Илимий кеӊешчи  т.и.д., профессор Алымбаев Ж.Б.

Турон илимдер академиясынын (Өзбекистан республикасы) Президиумунун 2024-жылдын 29-сентябрындагы отурумунун № 1 / 09-24 протоколунун чечиминин негизинде Ф. Т. Баитовага Турон илимдер академиясынын профессор (диплом № 65 Пр) жана академик (диплом № 1035 А) илимий наамдары ыйгарылды жана “Академик” илимий наамынын алтын төш белгиси (күбөлүк № 960-А) менен сыйланган.

Фарида Турганбаевна кафедрада  Манастаануу, Философия сабактарын алып барат. Аталган дисциплиналардын окуу-усулдук программаларын иштеп чыккан. Манастаануу жана анын усулдук багыты боюнча мыкты адис.

 «Манас» эпосунун педагогикалык идеялары боюнча 30 дан ашуун илимий макалалардын, 1 монографиянын, 1 окуу куралы, 2 окуу-усулдук колдонмонун автору. Манастаануу  багытында бир канча  илимий долбоорлордо эмгектенген.. Бишкек шаарында түзүлгөн «Жашыл ай коомунун» билим комитетинин  мүчөсү. «Эл баасы» көз карандысыз аккредитациялык агенствосунун эксперти. КРнын билим билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы (2021–ж.), КМДТ ж С академиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

.

Сабиров Рысбек Келдибекович. Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты 2014-жылдан баштап академияда эмгектенет.

2005-2008-жж. аралыгында КРнын Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө окуган.

2013-жылы «Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен саясий-экономикалык кызматташуусунун өнүгүүсүнүн тарыхый анализи (1992-2010-жж.)»  деген темада 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

2017-жылы январь айында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тарых  жана маданий мурастар институтунун Окумуштууулар кеӊешинде «Кыргызстандын түштүгүндөгү ХХ-к. 20-жж. совет бийлигине каршы кыймылдын жүрүшү» аталышында докторлук диссертациясынын темасы бекитилген.

2015-ж. КМДТ ж С академиясынын 60-ж. юбилейине карата Улуттук олимпиада комитетинин (НОК) Ардак грамотасы менен сыйланган. 2022-ж. КРнын билим билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн саясий, социалдык-экономикалык жана руханий негиздеринин олуттуу көйгөйлөрүн изилдөө боюнча (2019-2020 жж.) долбоордун катышуучусу.

Кафедрада Кыргызстандын тарыхы, Дене тарбия жана спорттун социологиясы  сабактарын алып барат. Кыргызстандын тарыхы сабагы жана аны окутуунун усулу боюнча мыкты адис. 30дан ашуун илимий макала, 1 монография жана 2 окуу-усулдук колдонмонун автору.

.

Такырбашев Эмиль Акматович.  Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу 2014-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окутуучу болуп эмгектенет.

“Жашоого кошул” аталышындагы кылмыштуулуктун, зомбулуктун жана баӊгизат колдонуунун алдын алуу максатында, спорттун жардамы менен турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында, машыктыруучулар үчүн колдонмонун авторлорунун бири (2017 ж.).

Кафедрада Дене тарбия жана спорттун экономикасы, Дене тарбия жана спорттун менеджменти, Экономика сабактарын алып барат. КМДТжСАнын бир нече жолку Ардак грамотасын ээси.  Футбол боюнча КМДТжСАнын курама командасынын мүчөсү. Кыргызстандагы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн футбол боюнча чеспионаттарынын бир нече жолку чемпиону.

.

Байсубанова Кыял Карыбековна. Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу “Экономика” адистиги боюнча магистр (2019-ж.)

2010-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окутуучу болуп эмгектенет. Кафедрада Дене тарбия жана спорттун экономикасы, Дене тарбия жана спорттун менеджменти, Экономика сабактарын алып барат. КМДТжСАнын бир нече жолку Ардак грамотасын ээси. 2023-ж. КРнын билим билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

“Философское обоснование социальной экологии» (Шифр 09.00.11 – социальная философия) аталышындагы кандидаттык диссертациясынын үстүндө эмгектенүүдө. Илимий жетекчи:  д.ф.н., профессор О.А. Тогузаков. Илимий изилдөө багытында 4 илимий макала жарыялаган. Өз адистигин мыкты өздөштүргөн адис.

.

Токтоналиева Мээрим Айталыевна. Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу өз кесибин жакшы  билген педагог жана мыкты адис. “Саясат таануу” адистигинин магистри. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2011-жылдан бери карай үзүрлүү эмгектенет. Кафедрада “Конфликтология”, “ДТ укуктук негизи”   сабактарын алып барат.

 “Улуттук иденттүүлүк: социалдык-философиялык талдоо” (Шифр 09.00.11 – социалдык  философия) темасында кандидаттык диссертациясынын үстүндө жигердүү эмгектенип жатат. Илимий жетекчи: д.ф.н., профессор А.К.Джусупбеков. Илимий изилдөө багыты боюнча 5 илимий макаласы жарык көргөн.

Дуйшомбиева Эльза Кубандыковна. Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын  окутуучусу“Менеджмент” багыты боюнча магистр. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2016-жылдан (сырттан айкалыштырып) эмгектенет. Кафедрада Дене тарбия жана спорттун экономикасы, Дене тарбия жана спорттун менеджменти, Экономика сабактарын алып барат. Кандидаттык диссертациясынын темасы: “Развитие и механизмы повышения экспортного потенциала мясо-молочной продукции в условиях интеграции (На материалах Кыргызской Республики)”. Илимий жетекчичи: э.и.д., профессор Жайилов Жумабек Сатаевич. Илимий изилдөө багыты боюнча 5 илимий макаласы жарык көргөн.

.

Садырбек кызы Назима

социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын  методисти.

КМДТжСАда 2023 –ж. баштап эмгектенет.

2019 – ж. И. Арабаев атындагы КМУнин “Көркөм өнөр жана маданият билим берүү” факультетинин “көркөм өнөр” багыты боюнча “чөйрөнүн дизайны” адистигин бүтүргөн.

.

.

.

Солдон оңго: т.и.к., доцент Сабиров Р.К., Садырбек кызы Назима (методист), ага окутуучу Байсубанова К.К., т.и.к., доцент, кафедра башчысы Садырова З.Т., ага окутуучу Токтоналиева М.А., ага окутуучу Такырбашев Э.А.

.

Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын проффесордук-окутуучулар курамы.

.

Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын эл аралык илимий конференцияларда, форумдарда, симпозиумдарда катышуусун чагылдырган фотогалерея

2023- ж. эл аралык III Алтай форуму “Кең Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү: тарыхый-маданий мурас жана азыркы заман”. Барнаул. Алтай мамлекеттик университети (Россия).

.

XI international scientific conference of students and young scientists «University sports: the health and prpsperity of the nation». Chirchik/ Uzbekistsn. September 23-24. 2023.

.

XI international scientific conference of students and young scientists «University sports: the health and prpsperity of the nation». Chirchik/ Uzbekistsn. September 23-24. 2023

2023- ж. эл аралык III Алтай форуму “Кең Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү: тарыхый-маданий мурас жана азыркы заман”. Барнаул. Алтай мамлекеттик университети (Россия).

.

II Международная научная конференция “Политические, социально-эконоические и этнокультурные процессы в Евразии в средневековый период” приуроченной к 955-летию со времени написания труда «Кутадгу Билиг» Жусупа Баласагына. КНУ Жусупа Баласагына. Бишкек. 2024.

.

2024-ж. “Кең Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү: тарыхый-маданий мурас жана азыркы заман” эл-аралык долбоордун алкагындагы эксперттердин форуму. Барнаул. Алтай мамлекеттик университети .

.

2024- жыл. 3—май. Кыргызстан. ОшМУ. 1873-76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймылдын жетекчиси Исхак Асан уулу Полот хандын 180 жылдыгына жана тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция.

.

2024-жылдын 10 – 11 октябры. Ташкент шаары. Өзбекстан Республикасынын туризм комитетинин алдындагы туризмди өнүктүрүү илим-изилдөө институту. “Жибек жолу: туризм призмасы аркылуу кызматташуу” аталышындага илимий-практикалык конференция.

.

Кыргыз республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги А.А.Асанкановдун 70-жылдык юбилейине арналган “Кыргыз элинин этностук тарыхы, маданий мурастары жана иденттүүлүгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция. 2025- жылдын 28 февралы. Бишкек.

.

Турон илимдер академиясынын (Өзбекистан республикасы) Президиумунун 2024-жылдын 29-сентябрындагы отуруму.

.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына карата уюштурулган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Советтик типтеги биринчи форматы жана анын кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири” аталышындагы студенттик конференция. КМДТжСАсы 2024-жылдын 26 сентябры.

.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына карата уюштурулган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Советтик типтеги биринчи форматы жана анын кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири” аталышындагы студенттик конференция. КМДТжСАсы 2024-жылдын 26 сентябры. Ортодо КРнын кеңешчиси, т.и.к., Арслан Койчиев.