Б.Т.ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫНДА 2024-ЖЫЛЫ АТКАРЫЛГАН ИЛИМИЙ ИШТЕРДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Шарттуу кыскартуулар
УАК – Улуттук аттесстациялык комиссия
ДТжСЖ – Дене тарбия жана спорт Жарчысы
СОТД – Спорттун олимпиадалык түрлѳрүнүн дирекциясы
КМДТжСА – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
КИИЦ –Кыргыз индексивдүү илимий цитированиеси
ИИИ – Илимий-изилдѳѳ иштери
СИИИ – Студенттердин илимий-изилдѳѳ иштери
ИИЛ – Илимий-изилдѳѳ лабораториясы
ИТК – Илимий-техникалык кеңеш
РББ – Редакциялык басма бѳлүмү
РИИЦ – Россия индексивдүү илимий цитированиеси
ПОК – Профессордук- окутуучулук курам
СИИ – Студенттик илимий ийрим
Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КМДТжСА) 2024-жылы бир катар масштабдуу иштер аткарылып, илимий жетишкендиктерге жеттик.
Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын профессордук-окутуучулук курамынын штаттагы кызматкерлеринин саны – 109. Алардын ичинен 3 илимдин докторлору, 4 профессор, 25 илимдин кандидаттары, 18 доцент, PhD – 1, эмгек сиңирген машыктыруучулар – 14. Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын профессордук-окутуучулук курамынына карата сапаттык кѳрсѳткүчү 36% (2023-ж. – 34%, 2022-ж. – 30%) (пайызды) түзѳт.
Б.Т.Турусбеков атындагыКМДТжСАда 2024-жыл ичинде аткарылган илимий-изилдѳѳ иштеринин (ИИИ) жыйынтыктары кафедраларда, редакциялык-басма бѳлүмүндѳ (РББ), магистратура жана аспирантура бѳлүмүндѳ, илимий-усулдук жана уюштуруучулук иштердин натыйжаларынын негизинде кѳрсѳтүлдү.
Пландаштырылган илимий-изилдѳѳ иштеринин (ИИИ) темасы
2024-жылы бардык кафедраларда (15) предметтердин өзгөчөлүктөрүнө жана адистиктерге байланыштуу илимий-изилдѳѳ иштеринин (ИИИ) пландаштырылган темалары бар. Кээ бир илимий-изилдѳѳ иштеринин темалары кафедралар аралык мүнѳзгѳ ээ.
2024-жылы бардык кафедраларда илимий-изилдѳѳ иштеринин пландаштырылган – 65 (2023-жылы – 57, 2022-ж.- 55) темалары бар:
- Жогорку чеберчиликтеги мушкерлердин дене түзүлүшүн жана дене кыймыл даярдыгын изилдөө. М.С. Кийизбаев, А.А. Кенжебаев;
- КМДТжСАнын мушкерлеринин жана оор атлетика менен машыккандардын дене кыймыл даярдыгын изилдөө. Т.Осмонов, Н.Р.Бекбанов;
- Индивидуализация спортивной тренировки боксеров высокой квалификации с использованием методики кроссфита. М.С. Кийизбаев, Борбашев Ч.
- Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы окуучулардын дене кыймыл иш жөндөмдүүлүгүн арттыруунун биология-медициналык жана этнопедагогикалык негиздери. Балтабаев О.С., Исаев Н.Т., Акбар уулу Д., Бектурсунов И.Б.;
- Исследование физической подготовленности студентов 1-4 курсов кафедры, Мамбеталиева Н.Д.;
- Спорттун улуттук түрлөрүнүн окутуу усулдары (күрөщ; кулатуу; ордо; тогуз коргоол; ат оюндары; шахмат). Абдуллаев М. Т., Тукеев Э. М., Асанбаев У. С., Молдалиев Э. К., Абдырахманов Б. А.
- Исследование физической функциональной подготовки по вольной борьбе. Бактыбек уулу Р. (эркин күрөш) Ташболот уулу Н. (грек-рим күрөш), Өмөров М. Ы.;
- Морфофункциональные изменения клеток периферической крови при физической нагрузке у спортсменов. Касымбекова Б. Ш.;
- Этиопатогенетические и клинические особенности вагинита у спортсменок в условиях среднегорья и его влияние на физическое состояние. Озубекова Н.К.;
- Кыргыз, орус, англис тилдерин окутуу менен студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өстүрүү, тилдер кафедрасы;
- Аралыктан окутууда дене тарбия жана спорт багытындагы магистрлерди даярдоонун илимий-теориялык негиздери. Абдыбекова Н.А.;
- Медико-биологическое обследование по физическому развитию, функциональной подготовленности подростков, юниоров и тренеров Болжирова Э.Ш., Кыдырова М.А., Молдалиева Г.Н., Каниметова К.А., Кособаева Б.М.;
- Болочок химия мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүүнүн илимий педагогикалык негиздери. Кособаева Б.М., Б.Ш. Жакышова;
- Влияние вертикальной миграции и физической нагрузки на репродуктивную систему млекапитающих и человека в Кыргызстане. Кыдырова М.А.;
- Научно-педагогические основы воспитания экологической культуры студентов по направлению “Физическая культура”. Амантурова Э.Б., Мамбетакунов У.Э.;
- ЖОЖдо информатиканы дене тарбия жана спорт адистигине багыттап окутуунун илимий-педагогикалык шарттары. Умарбаева З., Мамбетакунов У.Э.;
- Көчмөн элдердин улуттук оюндарынын педагогикалык мааниси. Арстанбеков С.А., Джанузаков К.Ч.;
- Функциональные резервы системы кровообращения и физическая работоспособность у детей горцев с различным ровнем физического развития.Каниметова К.А.;
- Формирование знаний и интересов кыргызских народных подвижных игр у учащихся начальных классов в образовательном учреждении. Доронбаева Н.О.;
- Духовно-нравственные основы физической культуры и спорта с учащимся школ. Токсонбаев Р.Н., Саралаев М.К., Азизбаев С.С., Тагаев М.И., Иманалиев Т.Т.;
- Этнопедагогическое воспитание будущих педагогов физической культуры и спорта Мусалиева К.К.;
- Жалпы психологиялык даярдоо. Саралаев М.К.;
- Грек-рим күрөшү адистигиндеги студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо. Саралаев М.К., Азизбаев К.С.;
- Оптимизация подготовки специалистов ФК в воспитательной работе в школе, на основе использования средств и методов этнопедагогики. Джунушбаева А.А.;
- Применение интерективных форм обучения на уроках по воллейболу. Исакова Ж.Ж., Алмазбек уулу Р.;
- Влияние подвижных игр на ФП детей младших школьных возрастов. Исакова Ж.Ж., Алишер уулу К.;
- Кыргызтаануунун актуалдуу маселелери. Джусупбеков А.К., Садырова З.Т., Баитова Ф.Т., Сабиров Р.К.
- Философское обоснование социальной экологии. Байсубанова К.К.
- Карахандар каганатындагы этностук кырдаалдар жана этностук-маданий өнүгүү (X к. ортосу – XII к. башы) Садырова З.Т.
- XIX кылымдын 40-70-жылдарындагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймылдар. Баитова Ф.Т.
- XX-к. 20-жылдарында Кыргызстандын түштүгүндөгү Совет бийлигине каршы кыймылдын жүрүшү. Сабиров Р.К.
- Основные уровни этнической идентичности номадов:филосовский анализ. Джусупбеков А.К.
“Улуттук иденттүүлүк: социалдык-философиялык талдоо”. Шифр 09.00.11 – социалдык философия. Токтоналиева М.А., А.К.Джусупбеков.
- Обучение плаванию студентов на открытой воде. Шевченко Т.Н., Збарский В.А., Каюкова Р.А., Швайберова Т.;
Комплексная оценка физической подготовленностистудентов различных специализаций на учебно-тренировочных сборах. Шайрахунов У.Б., Шевченко Т.Н., Матвеев Н.С., Каюкова Р.А., Койчуева Г.О., Матвеева Е.С.;
- Спорттук оюндарды (волейбол, баскетбол, кыймыл оюндары) эгемендүү Кыргызстанда ѳнүктүрүү жана аны ѳнүктүрүүнүн келечеги. Арыкова Ч.Н., Догочиев С.К., Бейшекеев Э. М., Бердибаева Н.М., Скопинцева В.А.;
- Кыргыз Республикасынын жогорку лигасынын волейболчуларынын ылдамдык-күч жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳркүндѳтүүнүн методикасы. Догочиев С.К., Иманалиев Т.Т.;
- Подготовка будущих учителей ФК по формированию нравственных отношений на основе народных традиций. Анаркулов Х.Ф., Мамбетова М.К.;
- Оптимизация условий формирования профессиональных компетенций бакалавров физической культуры в вузах. Иманалиев Т.Т., Эрмешов Н.Д.
- Формирование общепрофессиональных компетенций бакалавров физической культуры. Добаев К.Д., Масамиров Б.С.;
- Футзал калыстарынын дене тарбиясынын даярдыгы жана анын оюн мүнөзүнө тийгизген таасири. Иманалиев Т.Т., Мустафаев Ч.
- Ар түрдүү салмактагы балбандардын ыкма жана айла- амал аракеттеринин өзгөчөлүктөрүнүн негизинде машыгууну өнүктүрүү. Иманалиев Т.Т., Бактыбек уулу Р.
- Физическая подготовка футбольных арбитров КР на подготовительном этапе. Чыныбеков З.Б., Скопинцев А.А., Шекербеков Р.Т.
- Методика реагирования на чрезвычайные ситуации с учетом психологических аспектов. Акматов Н.А.
- Организационно-методические основы подготовки судей по футзалу. Келдибеков Э., Токсонбаев Р.Н.
- Аскерге чейинки даярдоо сабактарында дене тарбия каражаттарын колдонуунун негизинде аскерге даярдыкты жогорулатуу. Бакиров К.Т., Иманалиев
- Повышение физической подгодовленности студенток культурологов к выполнению норм комплекса “Ден соолук” с использованием кыргызских народных танцев. Анаркулов Х.Ф., Маматкулов А.А.;
- Организационно-педагогические основы обучения детей подросткового возраста с ограниченными возможностями здооровья в домашних условиях. Токтобаева М.Э., Токсонбаев Р.Н.
- Атлетикалык гимнастика аркылуу өспүрүмдөрдүн сергек жашоо мүнөзү калыптандыруу (12-14 жаш курагы) Акбар уулу Д., Токсонбаев Р.Н.;
Дене тарбия мугалимдерин даярдоодо тогуз коргоол боюнча адистик компетентүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык негиздери. Манашева К.П., Токсонбаев Р.Н.;
- Жогорку чеберчиликтеги балбандын жеке машыгуусунун даярдыгы. Жуманазарова М.Р., Кийизбев М.С.
- КРдин жогорку лигасынын волейболчуларынын ылдамдык күч жөндөмдүүлүктөрүн өркөндөтүүнун методикасы, Догочиев С.К., Иманалиев Т.Т.;
- Учурдагы шарттарда өспүрүмдөрдү Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын этномаданий материалында рухий адептүүлүккө тарбиялоо. Жусупов А.
- 12-13 жаштагы өспүрүм футболчулардын ылдамдык-күч сапаттарын өркүндөтүү. Чыныбеков З.Б., Иманалиев Т.Т.
- Мектеп окуучуларынын өзгөчө кырдаал убагында психологиялык жактан даярдыгы. Акматов Н.А., Келдибеков Э., Ныясалиев А.К., Бакиров К.Т.
- Методика реагирование на чрезвычайные ситуации с учетом психологических аспектов. Акматов Н.А.
- Развитие пляжного волейбола в Кыргызстане и его тенденции. Непей-пиво Алексей В., Догочиев С.К.;
Особенности совершенствования скоростно– силовой подготовки дзюдоистов. Насирова Д., Кулгожаев А.Ж.;
- Планирование тактики ведения схватки борцов – самбистов. Чыныбеков С., Кулгожаев А.Ж.;
- История и перспективы развития стрелкового спорта в Кыргызстане. Кубанычбекова К.Б., Абдыбекова Н.А.;
- Техническая подготовка самбиста УТЗ2. Кыдыргычев М.Т., Тагаев М.И.;
- Манастын чоролорунун машыгуусунда салттуу оюндардын жана мелдештердин колдонулушу. Азизбаев К.С, Саралаев М.К.;
Физическая подготовленность футболистов КПЛ и ее влияние на результат игры. Абдыкадыров Н., Иманалиев Т.Т.;
- Эркин күрөш боюнча жеңил салмактагы балбандардын мелдеш учурундагы аткарган ыкмалары. Мамышев А.Ы., Азизбаев К.С.;
- Өспүрүмдөрдүн инсандык жактан тарбиялоодо футбол оюнунун таасири. Машарипов А., Кайыпова К.Ө.;
- Тактические взаимодействия бескетболистов в нападении на этапе совершенствования. Арыкова Ч.Н., Кулик К.В.;
- Эркин күрөш боюнча жеңил салмактагы балбандардын мелдеш учурундагы аткарган ыкмалары. Мамышев А.Ы., Азизбаев С.С.;
- Спорт жана окутууда пайдаланган алдынкы технологиялар (волейбол спортунун негизинде). Бакирова М.Т., М.К.Саралаев;
- Современные образовательные технологии на уроках физической культуры. Сяо Цзяньсюн, Мамбеталиева Н.Д.;
- Кыргызстандагы эркин күрөштүн тарыхы. Маратбаев А., Садырова З.Т.
1-сүрөт. 4 багыт боюнча аткарылган илимий иштердин жыйынтыктары

.
Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин жарлыгына ылайык академиянын аспиранттарынын илимий жетекчиси, Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана саламаттыкты сактоо маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери Мамытов Абакир Мамытович 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн п.и.д., профессор Манликова Миновар Халыковна академиянын 70 жылдык тарыхында 1-жолу «Илимдин мыктысы» төш белгиси менен жана илимий иштер боюнча проректор, п.и.к., доцент Абдыбекова Нурмира Абдыбековна «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.
2024-жылдын 28-апрелинде Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын сыймыктуу бүтүрүүчүсү, профессор Абдырахманова Джипаркуль Омушевна «Кыргыз улуттук оюндарынын базасында ден соолукту калыптандыруунун физиологиялык негиздери» аталышындагы доктордук диссертациясын 03.03.01 – физиология адистиги боюнча ийгиликтүү жактап, биология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылды. Доцент Касмалиева Анара Сарыгуловна «Научно-педагогические основы формирования положительной мотивации школьников к занятиям физической культурой» (13.00.04, 13.00.01) аталышынданы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактады.
Педагогика аспектисине келсек, илимий иштер боюнча проректор, п.и.к. Абдыбекова Нурмира Абдыбековнага, социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к. Садырова Замира Тентиевнага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
«Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдардын образы» конкурсунун «Окумуштуу аял» номинациясынын жеңүүчүсү Н.А. Абдыбекова сыйланды. Конкурс кыргызпатент тарабынан окумуштуу айымдардын арасында уюштурулган.
Дене тарбия жана спорттун теориялык жана практикалык аспектилерине келсек, спорттун улуттук түрлөрү кафедрасынын окутуучусу Урмат Садырович Асанбаев «Кулатуу күрөшүнүн түртүшүү түрү менен машыктыруунун педагогикалык негиздери» аталышындгы диисертациясын ийгиликтүү коргоп, ага илимден кандидаты диплому академиянын Окумуштуулар Кеңешинде тапшырылды.
Манашева Кенже Пазыловна «Болочок дене тарбия мугалимдеринин тогуз коргоол боюнча компетенттүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары»кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий жетекчиси: п.и.д., профессор Токсонбаев Рыскелди Нурманбетович.
Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин жарлыгына ылайык бир катар академиянын 2-курсунун аспиранттары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты;
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамы:
-Мергенбаева Салтанат Рапиковна – Баткен облусунун Кадамжай районундагы №15 С.Айни атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; аспирант
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы:
– Абдыкадырова Эльза Абдыкадырова – таяк тартыш жана бел боо күрөшүнүн Эл аралык денгээлдеги спорт чебери, аспирант.
Чыгарылган (2024- ж.) монографиялар, окуу китептери жана усулдук окуу куралдары / Изданные (2024 г.) монографии, учебники, методические пособия кафедр
2024-жылдын “Мыкты монографиясы”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу китеби” сынагын уюштуруу максатында төмөнкү комиссиянын курамы бекитилген:
1.Саралаев М. К., п.и.к., доцент – комиссиянын төрагасы;
2. Манликова М. Х. – п.и.д., профессор, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Токсонбаев Р.Н., п.и.д., профессор – комиссиянын мүчөсү;
4.Жусупбеков А.К., ф.и.д., профессор – комиссиянын мүчөсү;
5.Иманалиев Т.Т., п.и.к., профессор – комиссиянын мүчөсү;
6.Сапаева Э.М. – катчы.
Комиссиянын чечими менен жылдын мыкты монографиясы – Баитова Ф.Т. – “Исках Асан уулу Полот Хан. Фергана оренундогу азаттык кетерулуштун жетекчиси”. – Б.: Maxprint 2024 – 158, – 5000 сом.
Жылдын мыкты окуу китеби – Дуйшенбиева Д.А., Абдыбекова Н.А., Кайыпова К.О.,
Джамангулов Д.К., Супатаева Э.А., Эралиев У.Т. – “Көчмөн элдердин улуттук оюндары”
– Б.: ЭБУФжБА, 2024. – 456 б. – 5000 сом.
Жылдын мыкты окуу куралы орус тилинде – Манликова М.Х. – “Русский язык в профессиональной деятельности” – Б.: КГАФКиС, 2024. – 580 б. – 5000 сом.
Чыгарылган (2024- ж.) монографиялар, окуу китептери жана усулдук окуу куралдары / Изданные (2024 г.) монографии, учебники, методические пособия кафедр
1-торчо
№ | Аталышы / Название | Автору (авторлошу) Автор (соавтор) / | Басып чыгарылган жери, жылы, бети Издательство (место, год, стр.) / | Кафедра |
1. | Чрезвычайные ситуации: Быстровозводимые здания и сооружения. (Учебное пособие) | Акматов Н., Ордобаев Б., Молдокулов Б., Абылкасымов Т. | г. Бишкек, КРСУ, 107 стр. 2024г. | АЧД |
2. | Учебно-методическое пособие: «Психологическое обеспечение чрезвычайных ситуаций» | Акматов Н.А. Айдаралиев Б.Р., Супаналиев Р.Т. Садабаева Н. Дж. | г. Бишкек, КРСУ, 147 стр. В разработке выполнено на 70 % | АЧД |
3. | “Көлөкөдө калган мушкер” | Борбашев Ч.С. | Бишкек-2024, 72 б. | Бокс жана оор атлетика кафедрасы |
4. | “Кыргыз элинин акыл оюндарынын эрежелери” | Кийзбаев М.С., Камчибекова З.К., Джаманкулов К. | Бишкек-2024, 31 б. | Бокс жана оор атлетика кафедрасы |
5. | Положение об аспирантуре | Шевченко Т.Н. Манликова М.Х. Абдыбекова Н.А., Омырзакова Б.Ж. | Бишкек, 2024, 38 | Аспирантура |
6. | Кыргыз элинин акыл оюндарынын эрежелери | Джамангулов К, Кийизбаев М.С, Камчыбекова З. К. | “Ала-Тоо” эл аралык университети. Бишкек-2024-жыл. 31-бет. | СУТ |
7. | “Кыргыз тили” окуу куралы | Тажибаева У.К. | Бишкек, 2024. | Тилдер кафедрасы |
8. | Көчмөн элдеринин улуттук оюндары | Д.Дуйшенбиева, Н.Абдыбекова, К.Кайыпова ж.б. | Бишкек, 2024-жыл, 463 бет | Тилдер кафедрасы |
9. | Методика подготовки статей к публикации в журналах SCOPUS (онлайн пособие) | Абдыбекова Н.А. | Бишкек, 2024-жыл, 20 с. | Тилдер кафедрасы |
10. | Научная школа профессора К.Д.Добаева “В честь 70-летия: Путь и достижения профессора К. Д. Добаева | Мукамбетова А.С., Супатаева Э.А., Аземова А.А., Абдыбекова Н.А. | Бишкек, 2024. – 180 с. | Тилдер кафедрасы |
11. | Русский язык профессиональной деятельности | Манликова М.Х. | Б.: КГАФКиС, 2024. – 580 б. – 5000 сом | Редакциялык басма бөлүм |
12. | Исхак Асан уулу Полот хан Фергана өрөөнүндөгү азаттык көтөрүлүштүн жетекчиси | Баитова Ф.Т. | – Бишкек, 2024. 10 басма табак. «Maxprint» УДК 94(100-87) ББК63.3 (5Кир) Б.18. ISBN 978-9967-9520-6-5 | Социалдык – гуманитардык илимдер кафедрасы |
13. | Основы философии (Учебное пособие) | Баитова Ф.Т. | Ф.Т.Баитова, Н.С. Акматова, Г.Б.Нусубалиева – Бишкек, 2024. 9 басма табак. «ДЭМИ» УДК 1/14. ББК 87. Б.18. ISBN 978-9967-9502-5-2 | Социалдык – гуманитардык илимдер кафедрасы |
2024-жылдын “Мыкты окуу китеби, окуу куралы жана монографиясы” сынагынын жыйынтыгы / Итоги конкурса “Лучший учебник, лучшее учебное пособие и лучшая монография”
2-торчо
№ | Монография окуу куралдын аталышы | Сыйлыктын түрү, илимий эмгектин түрү | Автору | Бөлүм, кафедра |
1 | Русский язык профессиональной деятельности | 5000 сом, диплом Жылдын мыкты окуу куралы орус тилинде | Манликова М.Х. | Редакциялык басма бөлүм |
2 | Көчмөн элдердин улуттук оюндары | 5000 сом, диплом Жылдын мыкты окуу куралы | Дуйшенбиева Д.А., Абдыбекова Н.А., Кайыпова К.О., Джамангулов Д.К., Супатаева | Тилдер кафедрасы |
3 | Исках Асан уулу Полот Хан. Фергана өрөнүндөгү азаттык көтөрүлүштүн жетекчиси | 5000 сом, диплом Жылдын мыкты монографиясы | Баитова Ф.Т. | Социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы |
2-сүрөт. 2024-жылдын “Мыкты окуу китеби, окуу куралы жана монографиясы” сынагынын жыйынтыгынын салыштырмалуу анализи

2024-жылы жарыяланган илимий макалалар / Опубликованные научные статье за 2024 год
Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын мүчѳлѳрү тарабынан 2024-жылы 133 макала, 2023-жылы 126 макала, 2022-жылы – 71 макала,2021-жылы – 63 илимий макалалар жарыяланды. Негизинен мезгил- мезгили менен чыгуучу илимий-практикалык РИИЦке жана КИИЦке тиешелүү жана нѳлдүк эмес Импакт-фактор басылмаларында жарыяланган. Бир катар материалдар Россия Федерациясында (РФ), Казакcтан Республикасында (КР), АКШда, Индияда, Индонезияда, Турцияда, Узбекистан, Казакcтан Республикасында (КР), Индияда жарыяланган.
Бир катар эмгектер англис тилиндеги басылмаларда басылып чыккан. 2023-жылга салыштырганда нөлдүк эмес Импакт-фактору менен журналдарда жарыяланган эмгектердин саны бир кыйла көбөйдү: elibrary, ID: DOI; International scientific journal; Web of Sciences, Скопус, Alatoo academic studies ж.б.
Жарыяланган макалалардын саны боюнча алдыңкы орундарда тилдер, педагогика, психология жана дене тарбия жана спорттун тарыхы, түпкү жана табигый илимдер, спорттун улуттук түрлөрү, философия жана гуманитардык илимдер кафедралары турат.
Илимий-практикалык коференцияларга катышуу / Участие на научно-практических конференциях
Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын мүчѳлѳрү тарабынан 2024-жылы – 73, 2023-жылы 102, 2022-жылы – 84,2021-жылы – 69 илимий-практикалык конференция, эл аралык симпозиум, эл аралык илимий форум жана конгресстерге катышкан.
2024-жылдын 17-январында педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын доценти, КМДТжСАнын профессору Саралаев Марат Кадыкеевичдин 85 жылдыгына карата салтанаттуу чогулуш уюштурулду.
2024-жылдын 15-16-март күндөрү Чирчик шаарында Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университети менен Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА менен биргелешкен “Гимнастика, сергек жашоо мүнөзүн жана массалык спортту өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында” Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурдук. Конференциянын ишине КМДТжСАдан төмөндөгү профессордук-окутуучулук жааматы онлайн түрүндө катышты:
- Абдыбекова Нурмира Абдыбековна – илимий иштер боюнча проректор, п.и.к., доц.
- Манликова Миновар Холыковна – п.и.д., профессор
- Кийзбаев Муратбек Сагимбаевич – п.и.к., профессор
- Токсонбаев Рыскелди Нурманбетович – п.и.д. профессор
- Омырзакова Бурулкан Жунусовна– п.и.к., доцент
- Садырова Замира Тентиевна – т.и.к., доцент. м.а.
- Сабиров Рысбек Келдибекович – аскерге чейинки даярдоо фак. деканы, т.и.к., доцент
- Кенжебаев Акназар Аскарбекович – Машыктыруу факультетинин деканы
- Догачиев Самат Кеңешбекович – Сырттан окуу, ККЖ ж КДФнин деканы
- Балтабаев Ормош Сатыбалдиевич – Гимнастика кафедрасынын башчысы
Илимий – практикалык конференциянын негизги максаты, гимнастиканы окутуунун теориясы жана методикасынын актуалдуу маселелерин талкулоо жана көркөм гимнастиканын заманбап технологияларын колдонуу, жылдык окуу-машыгуу процессин уюштуруу, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу болуп саналат.
2024-жылдын 22-апрель күнү Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жыйындар залында “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” аталышында оффлайн жана онлайн форматтында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулардын жогорку кеңеши, университеттердин окумуштуулары катышты. Регионалдык жогорку окуу жайларды төмөнкү шилтеме аркылуу кошулушту https://meet.google.com/vpb-ffzm-bqw
- Саралаев Марат Кадыкеевич – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ардактуу профессору “Он эки жылдык билим берүү – окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү”
- Мээрим Нурбаева – PhD (Испания) иммунология жана физиология боюнча адис, «Научные основы перехода 12 летнему образованию».
- Мамытбеков Жайлоо Кыдырович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулар жогорку кеңешинин төрагасы, ф.-м.и.к., доцент “Перспективы развития 12-летнего образовательного пути с фокусом на инженерно-техническом превосходстве”.
- Токтосун уулу Бердаалы – магистр (АКШ), Түндүк Америка университети “Чет өлкөлөрдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү”.
2024-жылдын 30-майында Гуйчжоу технологиялык институтунун вице-президенти Лю Шидуо, кызматкерлердин академиялык ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча симпозиум уюштурду. Аталган колледждин партиялык комитетинин деканы Цзэн Сяоцзинь, партиялык комитеттинн мүчөлөрү жана колледждин вице-президенти Инь Тянь Маосун жана Дэн Итин, бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Эл аралык факультеттин студенттери үчүн конок лекция окудум.
2021-жылы кызматташуу жөнүндө эки тараптуу кол коюлгандан бери эки жогорку окуу жайлары ортосунда кытай жана орус тилдери боюнча онлайн курстар өткөрүлүп, “Гуйчжоу маданияты Жибек Жолунда” программасы ийгиликтүү ишке ашырылган. Кытайлык окутуучулар Кыргызстандын 13 студентин 15 күндүк курстан окутушту.
Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА тарап илимий-педагогикалык адистерди даярдоо үчүн дене тарбияны интеграциялоого жана эл аралык кызматташууга даяр экендигин билдирди. Пандемия учурунда КМДТжСАсы Кытайдын ЖОЖ менен аралыктан кызматташып турган Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жайы болгон.
Гуйчжоу технологиялык институту КМДТжСАнын 5 студеннтин кабыл алып, бардык шарттарды түзүү менен акысыз окутууга даяр.
31-майда 4 жаштан тартып билим алып жана машыгып жаткан өспүрүмдөр үчүн Олимпиадалык резерв спорт мектебинде болдум, жетекчилиги жана команданын башкы машыктыруучулары менен жолугушуу болду. Олимпиадалык резервдеги мектеп биз тараптан эркин күрөш боюнча 4 спортчу жана бир машыктыруучуну окуу-машыгуу процессин Кытайда өтүү үчүн макулдашылды. Алардын жашоо, тамактануу жана окуу-машыгуу процесстери Олимпиадалык резерв мектеби тарабынан каржыланат. Спортчулардын тамак ашына өзгөчө көңүл бурулуп, спортучулардын тамактануусунун айрым маселери боюнча чет өлкөлүк профессорлордун жардамы менен изилдөөлөр жүргүзүлөт.
2–5-сентябрь, 2024-жылы “Дене тарбия жана спорт сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруунун негизи катары” Эл аралык илимий конференция Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАна карата 70 жылдык юбилейине карата 2025-жылга жылдырылды.
2024-жылдын 14-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Илим күнү, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Илим күнүнѳ арналган кѳргѳзмѳ уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюшттурлган иш чарага Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректорунун м.а.Т.Н.Шевченко, илимий иштери боюнча проректору Н.А.Абдыбекова, тилдер кафедрасынын доц.м.а. К.Ө.Кайыпова, китепканачы Кенжебаева К.М., магистрант Алтынбек у С. катышты. «Цифровые навыки педагогов в сфере физической культуры и спорта в условиях цифровизации образования» аталышындагы доклад окудум.
2024-жылдын 21-ноябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясында Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган «Илимий иштердердин авторлугун эсепке алуунун санариптик технологиялары» аталышындагы семинар уюштурулду. Семинардын максаты: илимий-педагогикалык адистердин жана жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө иштерин активдештирүү. Санариптик технологияларды өнүктүрүү контекстинде автордук укукту коргоонунун актуалдуу маселелери боюнча Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулук курамына семинар уюштурулду. Илимий эмгектерге автордук укуктуу бекемдөө максатында блокчейн технологияларын колдонуу менен тааныштырылды.
КРдин Билим берүү жана илим министри Кендирбаеванын Догдуркүл Шаршеевнанын илим күнүнө карата 2024- жылдын 15- октябрындагы 35/4 буйругунун негизинде Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулар курамына сыйлыктар “Илим күнүнө” арналган миш чарада тапшырылды.
М.Х. Манликова – педагогикалык илимдин кандидаты, профессор-
“Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле “Билим берүүнүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандар:
- Ж.К.Чалагызов – гимнастика кафедрасынын окутуучусу;
- Н.А. Абдыбекова – педагогикалык илимдин кандидаты, доцент, илимий иштер боюнча проректор;
- М.Р.Оморов – чарба иштери боюнча проректор;
- К.К.Мусалиева – педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу;
- Д.А.Кыдыкеева – фундаменталдык жана табигый илимий сабактар кафедрасынын ага окутуучусу;
- К.А.Каниметова – фундаменталдык жана табигый илимий сабактар кафедрасынын ага окутуучусу;
- Ж.Ж.Исакова – педагогика, психология жана дене тарбиянын тарыхы кафедрасынын доценттин милдеттин аткаруучу;
КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйлангандар:
- Н.М.Бердибаева – спорттук оюндар кафедрасынын ага окутуучусу;
- К.Ө.Кайыпова – тилдер кафедрасынын доценти;
- А.Т.Ормонова – тилдер кафедрасынын ага окутуучусу;
- Н.И.Бектурганова – дене тарбиянын, спорттун теориясы жана усулу кафедрасынын ага окутуучусу;
- С.К.Догачиев – сырттан окуу, квалификация жогорлатуу жана адистерди кайра даярдоо факультетинин деканы, ага окутуучу;
- Б.уулу Кубанычбек – аскерге чейинки даярдоо кафедрасынын башчысы, ага окутуучу;
- М.А.Токтоналиева – социалдык- гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чара Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулду. Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында билим берүүнүн артыкчылыктары, санариптештирүү шартында кесиптик билим берүү, педагогикалык кырдаалдар, алардын себептери жана чечүү маселелери жөнүндө докладдар окулду.
Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын 100дөн ашуун илимий макалалардын авторлору жана окумуштуулар педагогика илиминин инновациялык өзгөчөлүктөрү жана учурдагы маселелерин талкуулашты.
2024-жылдын 16-декабрынан тартып 19-декабрына чейин Алмата шаарында (Казакстан) КазАСТнын 80-жылдыгына арналган “Олимпиадалык спорт жана спорт баардыгы үчүн” аттуу Эл аралык илимий Конгресс болду. Конгресске Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректордун м.а., доцент Т.Н.Шевченко, илимий иштер боюнча проектор, п.и.к. доцент, Н.А.Абдыбекова, профессор М.Х.Манликова, доцент, М.К.Саралаев, профессор Р.Н.Токсонбаев, доценттин м.а. Ж.Ж. Исакова, п.и.к. М.К.Мамбетова жана магистратура бөлүмүнүн башчысы А.С.Халиалдаева катышышты. Кыргызстандан барган делегациясынын атынан эки модератор болду п.и.к. доцент, илимий иштер боюнча проректор Н.А.Абдыбекова, профессор А.М.Мамытов модератор катары 2 секциянын ишин алып барышты. Докладдар окулуп, эки тарап өнөктөш университет менен илимий жактан долбоорлорду ишке ашыруу максатында талкуу болду.
Эл аралык илимий байланыштар. Кытай, Индонезия, Туркиянын, Өзбекстандын, Россиянын жогорку окуу жайлары менен дене тарбия жана спорт тармагында биргелешкен илимий долбоорлор, лекциялар, семинарлар, илимий тажрыйба алмашуулар, студенттер, магистранттар жана аспиранттардын тренингдери өткөрүү боюнча 8 эл аралык келишимдерге кол коюлду.
2024-жылдын 8-июлунда Москва дене тарбия жана спорт академиясында болду. Аталган жогорку окуу жайынын ректору, п.и.д., профессор Н.Н.Чесноков, илимий иштер жана тарбия иштери боюнча проректорлору менен жолугушууда достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин акырындап калыптандыруунун негизи катары кызматташуу маселелери талкууланды.
2024-жылдын 9-июлунда Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын өкүлчүлүгүнүн иш сапары Рссиянын спорт университетинин ректору, п.и.д., профессор Сейранов С.Г. (ГЦОЛИФК) менен кезигип, тараптар илим, билим берүү жана дене тарбия чөйрөлөрүндө иш алып баруу менен, эл аралык платформанын негизинде келечектеги окутуучуларды, машыктыруучуларды даярдоо кызматташтыгын улантууну сүйлөштү.
Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСА тарап илимий-педагогикалык адистерди даярдоо жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн даяр экендигин билдирди.
2024-жылдын 10-октябрында Москва шаарындагы педагогикалык университеттин өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу болду. Жолугушууда Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректорунун м.а., п.и.к., доцент Т.Н. Шевченко, п.и.к., доцент, ИИ боюнча проректор Н.А. Абдыбекова, окуу бөлүмүнүн башчысы А.К. Шериппаева, п.и.к., дене тарбия жана спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы М.К. Мамбетова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Халиалдаева А.С., эл аралык бөлүмдүн башкы адиси Сапаева Э.М. катышышты. Онлайн форматтагы жолугушууда аталган университеттер ортосундагы кош диплом боюнча программага талкуу жургүзүштү. Москва шаарынын педагогикалык университетинин өкүлдөрү: профессор Н.И. Ловцова, профессор Е.Ю. Федорова, Москва шаарындагы педогогикалык университеттин табигый илимдер жана спорттук технологиялар иниститутунун директору А.Э. Страдзе катышышты.
2024-жылдын 9-октябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Лобачевский атындагы Ниженовгород мамлекеттик изилдөө университетинен келген коноктордун жолугушуусу болду. Жолугушууда КМДТжСАнын ректорунун милдетин аткаруучу п.и.к., доцент Т.Н. Шевченко, илимий иштер боюнча проректор п.и.к., доцент Н.А. Абдыбекова, спорттук – тарбия иштери боюнча проректор, п.и.к., доцент Э.М. Тукеев, мамлекттик тил боюнча проректордун милдетин аткаруучу ф.и.к., доцент,Т.Г. Ибраимова, административдик чарбалык иштер боюнча проректор М.Ы.Оморов катышышты. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган жогорку окуу жайларыортосундагы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Мындан сырткары Лобачевский атындагы Ниженовгород мамлекттик изилдөө университетинин кафедра башчысы, спорттук медицина жана психология илимдеринин кандидаты, доцент, С.В. Соколовская студенттерге лекциялар курсун окуду, пландаштырылган лекциялардын темалары: “Психологдордун ролу жана спорттук машыгуу системасы”, “Спорттук машыктыруучунун психологиясы”, “Эрте эмоцияионалдык чарчоонун алдын алуу”, “Спорттук команда”, “ Коммуникация техникалары”.
Эмгектерге карата берилген пикирлер / Рецензирование трудов
Академиянын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан окуу жайдын ичиндеги жана ЖОЖдор аралык материалдар – илимий макалалар, окуу-илимий-усулдук колдонмолор, диссертациялык иштер, нормативдик документтер ж.б. пикир берилген. Бир катар рецензенттердин иштерин белгилѳѳгѳ болот:
Эмгектерге берилген оппоненттердин, рецензенттердин пикирлери
3-торчо
№ | Илимий эмгектин аталышы | Кафедра | Рецензент/ аппонент |
1. | Дене тарбия жана спорт Жарчысындагы илимий макалаларына | Тилдер кафедрасы | Манликова М.Х., Абдыбекова Н.А. Кайыпова К.Ө., Тажибаева У.К. |
2. | «Тенденция развития легкоатлетического спорта в России в мире современных условиях: проблемы и перспективы». | ЖАжССТ | К.п.н., доцент Збарский В.А. рецензировал: Сборник научно-методических материалов YII Всеросийской научно-практической кофереции по легкой атлетике. М.: РУС «ГЦОЛИФК» 2024г. |
3 | Журнала научный вестник МГПУ г. Москва 1. Формирование культуры движения как инструмент эмоционально-коммуникативного развития старших дошкольников. 2. Применение элементов нетрадиционных видов спорта на занятиях по физической культуре в условиях инклюзивного обучения». 3. Особенности влияния восстановительных мероприятий на функциональное состояние легкоатлеток подросткового возраста. 4. Эффективность методики концентрированного формирования основных движений у детей 7-10 лет с депривацией зрения. 5. Сравнительный анализ физического состояния и социально-психологических особенностей студентов с различным социальным статусом. 6.Инфламейджинг и его коррекция у мужчин старше 50 лет средствами оздоровительной физической культуры. | ЖАжССТ | Шевченко Т.Н. |
3. | Уметалиев Э.Б. “Методика обучения технико-тактическим действиям курешистов на начальном этапе спортивной специализации . | СУТ кафедрасы | Тукеев Э. М. |
4. | Карабаев Р.К “Обучение курешистов единым атакующим технико-тактическим действиям”. | СУТ кафедрасы | Тукеев Э. М. |
5 | Футбол оюну аркылуу жаш өспүрүмдөрдү инсандыкка тарбиялоо (13-14-жаш) | Тилдер кафедрасы | Тажибаева У.К. |
6. | Башталгыч класстарды окутуудагы педагогикалык шарттарды аныктоо | Тилдер кафедрасы | Тажибаева У.К. |
7. | На диссертационную работу Максавой Алены Евгеньевны на тему: 1.“Педогогические условия организации инновационной учебной деятельности студентов современного вуза (на примера дисциплины “английский язык”),представленной на соискание ученой степени кандидата педагогических наук по специальности 13.00.01-общая педагогика,история педагогики и образования-12.02.2024г. | Тилдер кафедрасы | Абдыбекова Н.А. |
8. | Изденүүчү Омуров Нурлан Кубатовичтин “Окутуунун натыйжасы жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын башкаруунун каражаты катарында (инженердик билим берүү программасынын мисалында)”аттуу 13.00.01-жалпы педагогика,педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча кандидаттык илимий даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык иш жонүнүндө рассмий оппонент-19.11.2024. | Тилдер кафедрасы | Абдыбекова Н.А. |
9. | 13.00.01-жалпы педагогика,педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча Сулайманова Гульнура Жолдошовнанын педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн “ Концептуалдык карталар аркылуу болочок мугалимдердин улуттук баалуулуктарын калыптандыруунун педагогикалык негиздери”(англис тилин окутуунун мисалында) темасындагы диссертацияны 12-февраль 2024-ж. | Тилдер кафедрасы | Абдыбекова Н.А. |
10 | Бакирова Мээрим Тынчтыкбековна. “Спорт жана окутууда пайдаланган алдынкы технологиялар (волейбол спортунун негизинде)”532000 “Дене тарбия жана спорт”магистр квалификациясын ыйгарлуу алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациясына пикир -15.04.2024-жыл. | Тилдер кафедрасы | Абдыбекова Н.А. |
11 | Магистерская диссертация на присвоение квалификации “Магистр” по направлению 532000 “Физическая культура и спорт”Сяо Изьяньсюн “Современные образовательные технологии на уроках физической культуры”-15.04.2024г. | Тилдер кафедрасы | Абдыбекова Н.А. |
12 | Магистрант Назарбаев Б. “Футбол оюну аркылуу өспүрүм жаштарды (14 жаш) мекенчиликке тарбиялоо” | Тилдер кафедрасы | Кайыпова К. Ө. |
13 | Тажибаева У.К., Толобаева А.О. “ Кыргыз тили сабагын деңгээлдер боюнча окутуу процессин уюштуруунун технологиялары” макалага пикир | Тилдер кафедрасы | Кайыпова К. Ө. |
14 | Атабаева А.Б. “Кыргыз тили сабагында “Тогуз коргоол” оюну аркылуу дене тарбия жаатындагы студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өстүрүүнүн методикасы” аттуу макалага пикир | Тилдер кафедрасы | Кайыпова К. Ө. |
15 | Акматов Өмүрзак Сарытаевичтин докторлук диссертациясына расмий оппонент. Тема: “ Философиялык антропология алкагындагы гуманисттик парадигмалардын социожаратылыштык жана социомаданий табияты” адистиги: 09.00.11 – социалдык философия. | СГИ | Джусупбеков А.К. |
16 | Алымкулов Замирбек Аманбаевичтин докторлук диссертациясына расмий оппонент. Тема: “Перипатетикалык этика: теизм менен натурфилософиянын тарыхы” адистиги: 09.00.11 – социалдык философия. | СГИ | Джусупбеков А.К. |
СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ– ИЗИЛДѲѲ ИШТЕРИ / НИРС
Студенттер жана магистранттар кафедрадагы илимий-изилдѳѳ иштерине тартылган.
Студенттердин илимий-изилдѳѳ иштери (СИИИ) тажрыйбалуу педагогдордун жетекчилиги астында жүргүзүлѳт. Студенттик илимий ийримдин (СИИ) мүчѳлѳрү эксперименталдык иштерге катышышып, илимий-методикалык жана инструменталдык машыгууларга ээ болушат.
КМДТжСАнын жетишкен студенттеринин арасында «Олимпиадалар» ѳткѳрүлдү.
Жалпысынан сынактарга 1-4-курстардан студенттер катышышты. Сынактын жеңүүчүлѳрү грамота менен сыйланды.
Тилдер кафедрасында орус, кыргыз жана англис тили сабактары боюнча студенттер үчүн “Актердук өнөр” жана “Чечендик өнөр” кружоктору уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына (24.10.2023-ж.) жана азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө (Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев)» (25.07.2024-ж.) жарлыктарына арналган И.Арабаев атындагы КМУнун студенттик илимий конференциясына академиянын атынан төмөндөгү студенттер катышып, доклад окушту:
Токтогонова Анеля Эмиловна – ПжСУТ факультетинин 2-курсунун студенти. “Ата-Бейит. Саясий куугунтуктоонун курмандыктары”.
Асангазиева Жибек Маратовна – ПжСУТ факультетинин 1-курсунун студенти. “Төрөкул Айтматов: сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн мамлекеттик ишмер”.
Тынычбекова Нуриза Тынычбековна, ПжСУТ факультетинин 1-курсунун студенти. “Тоолуу облус түзүү далалаты – советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына (24.10.2023-ж.) жана Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө (Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев)» (25.07.2024-ж.) жарлыктарын жетекчиликке алып, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы 2024-жылдын 26 сентябрында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Советтик типтеги биринчи форматы жана анын кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири” аталышындагы студенттик конференция уюштурушту.
Конференциянын максаты – XX-кылымдын башындагы мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандардын өмүр жолу, кыргыз элинин тарыхы, маданияты аркылуу өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке тарбиялоо.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси т.и.к., кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти, т.и.к. Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович, КМДТжСАнын ректорунун м.а. п.и.к., доцент Шевченко Т.Н., академиянын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Абдыбекова Н.А., академиянын мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент Ибрагимова Т.Г. ошондой эле академиянын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө А.Койчиев, Т.Шейшеканов XX – кылымдын 20-30 жж. кыргыз элинин тарыхындагы орунттуу учурларга, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүү өбөлгөлөрүнө, тарыхый маанисине кеңири токтолушту. 1938-жылдын 5-8 ноябрындагы бейкүнөө атылган кыргыз мамлектүүлүгүн түптөгөн инсандардын өмүрүнө, тагдырына баа берилди. Арслан Койчиевдин Жусуп Абдрахманов боюнча маалыматтары студенттер арасында кызыгууну туудурду. Турдубек Шейшеканов өзгөчө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарына кеңири токтолду.
Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти, т.и.к., Смадияров Садык Акунович “XX-к. 20-жж. саясий кырдаал, ККАОнун түзүлүү өбөлгөлөрү” деген темада аралыктан видеобаян жасады.
Академиянын педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 1 -курсунун студенти Тынычбекова Нуриза “Тоолуу облус түзүү далалаты – советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы”, сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин 3- курсунун студенти Дүйшөнкулов Нурсейит “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жана анын тарыхый мааниси”, тилдер кафедрасынын окутуучусу, аспирант Төлөбаева Асел Өмүрбековна “Компартияга айбат көрсөткөн кыргыз интеллигенциясы. Отузчулардын каты”, педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 2- курсунун студенти Токтогонова Анеля Эмиловн- “Ата-Бейит. Саясий куугунтуктоонун курмандыктары”, аталган факультеттин 1 -курсунун студенти Асангазиева Анеля Маратовна -“Төрөкул Айтматов: сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн ишмер” темаларында мазмундуу билдирүүлөрдү жасашты. Андан сырткары конференциянын темасына байланыштуу архивдик материалдар, документалдуу фильм жана видеобаяндар угузулду.
Конференция социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Кафедранын башчысы т.и.к., доцент З.Т.Садырова, т.и.к., доцент Р.К.Сабиров, п.и.к., доцент Ф.Т.Баитова, ага окутуучу Байсубанова К.К. окутуучу М.А.Токтоналиева, методист Садырбек кызы Назима конференциянын уюштуруу иштерине жигердүү катышышты.
Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.
Студенттик илимий ийримдер / Студенческие кружки
4-торчо
СИИИ түрлѳрү | Кафедра | Жыйынтык |
Эл аралык конференцияга катышууга макала даярдоо | к.ф.н доцент Садырова З.Т. | Эл аралык конференцияга катышуу |
“Манас” эпосу аркылуу күрөш адистигиндеги студенттерди этнопедагогикалык жактан тарбиялоо. | Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары | Эл аралык конференцияга катышуу |
Грек-рим күрөшү менен машыккан 18-20 жаштагы спортчулардын кан айлануу системасынын көрсөткүчтөрүн изилдөө | Каниметова К.Н. | Квалификациялык иштерин коргоо |
Кыргыз тили сабагы боюнча “Чечендик өнөр”, “Актердук өнөр” кружоктору | ф.и.к. доцент м.а. Кайыпова К.Ө., Төлөбаева А.Ө. | Кыргыз тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Англис тили сабагы боюнчастуденттерди даярдоо “Актердук өнөр” | Кокумбаева М.К. | Англис тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Чечендик өнөр боюнча студенттерди даярдоо | Шерматова Э.К. | |
Орус тили сабагы боюнча “Актердук өнөр” | Кандиева Дж.М. | Орус тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Орус тили сабагы боюнча “Чечендик өнөр” | Тоялиева Э.Р. |
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессордук-окутуучулар курамынан 7 кызматкери диссертациялык (кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча) жана КРдин ЖАКнын Эксперттик Кеңешинде мүчѳ.
2024-жылдын илимий иштердин сандык кѳрсѳткүчүнүн динамикасы
5-торчо
к/н | Кѳрсѳткүчтѳр | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
саны | |||||||||||
1 | Кафедралардын ИИИнин темалары жана ИИЛ | 13 | 19 | 20 | 23 | 27 | 29 | 32 | 55 | 57 | 65 |
2 | Жарыяланган макалалар (жалпы) | 77 | 95 | 125 | 111 | 86 | 55 | 63 | 71 | 128 | 133 |
3 | Монографиялар | 2 | 1 | – | 3 | 2 | 1 | 1 | 1 | – | 1 |
4 | Окуу, илимий-методикалык колдонмолор, окуу куралдары | 8 | 8 | 8 | 10 | 11 | 9 | 3 | 4 | 4 | 11 |
5 | “ДТжС Жарчысы” | XI реестр ВАК (10 балл) | РИНЦ (20 балл) | РИНЦ, КИНЦ (20 балл) | РИНЦ, КИНЦ (7 балл) | 7 балл | РИНЦ, КИНЦ (7 балл) | РИНЦ, КИНЦ (7 балл) | РИНЦ, КИНЦ (6 балл) | РИНЦ, КИНЦ (6 балл) | |
6 | Журналды чыгаруу | 1 | 3 | 4 | 4 | 2 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 |
7 | ИИИнин мамбуйрутмасын аткаруу | 1 | – | 1 | – | 1 | – | – | 1 | – | – |
8 | Эмгектерге пикир берүү | 14 | 23 | 25 | 35 | 40 | 14 | 11 | 12 | 68 | 43 |
9 | Илимий конференцияларга катышуу | 15 | 25 | 38 | 42 | 51 | 39 | 69 | 84 | 102 | 73 |
10 | Диссертацияны коргоо | 1 | 3 | – | 2 | 2 | 2 | 2 | |||
12 | “СИИИ, магистратура, магистрдик диссертациялар тууралуу Жоболор” иштелип чыкты | + | 3 | + | + | + | + | ||||
13 | СИИ | 35 | 18 | 31 | 25 | 30 | 32 | 35 | 35 | 36 | 38 |
14 | Аспирантура (окууну аякташты) | 17 (5) | 12 (3) | 12 (2) | 10 (2) | 11 (2) | 23 (4) | 31 (2) | 37 (6) | 34 (6) | 30 (6) |
15 | Магистратура (окууну аякташты) | 32 (17) | 38 (5) | 48 (14) | 41 (17) | 43 (15) | 42 (22) | 80 (14) | 109 (13) | 120 (21) | 102 (19) |
3-сүрөт. 2024-жылдын илимий иштердин сандык кѳрсѳткүчүнүн динамикасы |


Редакциялык басма бѳлүмү (РББ)
2024-жылдын №1 ДТжС Жарчысы даярдалып, басылып чыкты (2024-ж. Январь-август). Көлөмү-213 б., Нускасы-60. 56 авторлордун 60 макаласы, алар: Россия (Тува , Якутия, Москва ш., Воронеж ш., Санкт-Петербург ш., Чупарчи ш. ж.б.) Өзбекстан (Чирчик ш.¸Ташкент ш. ж.б.), Казакстан (Алмата ш., Астана ш. ж.б.), Кытай, Кыргызстан (Бишкек ш., Талас ш., Нарын ш., Ош ш., Баткен ш., Каракол ш., Балыкчы ш. ж.б.).
2024-жылдын №2 Жарчысы даярдалып басылып чыкты (2024-ж. сентябрь-декабрь). Көлөмү 128 бет. Саны – 60 нуска, 38 авторлордун 20 макалалары – магистранттар, аспиранттар Россия, Кахакстан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдүн ЖОЖнун жана илимий борборлорунун өкүлдөрү.
“Дене тарбия жана спорт Жарчысынын” DOI Эл аралык индексине киргизилди (РИИЦ жана Crоssreft). Журналдын чыгарылышы КРдин ЖАКнын жана РИИЦтин сайттарына (e LIBRARY.RU) киргизилди. Академиянын ПОК, аспирант, магистранттары ДТжС ЖАРЧЫСЫ илимий журналында макалаларын активдүү жарыялашты: Манликова М.Х., А.К.Джусупбеков, Т.Н.Шевченко, Н.А.Абдыбекова, З.Т.Садырова, А.Ж.Кулгожаев, Н.А.Абдыкадыров, Бактыбек у Р., Арстанбеков С.А., Саралаев М.К., М.А.Токтоналиева, Э.Р.Тоялиева, З.А.Умарбаева., Ташболот у Н., А.Омурова ж.б.
2024-жылы магистрдик диссертациялардын жактоо жана мамлекеттик экзамендин жыйынтыгы
- Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзаменинин жыйынтыктары (ар бир факультет жана даярдоо профили боюнча) комплекстүү экзаменге төмөнкү дициплиналар кирди:
- Жогорку класстагы спортсмендерди даярдоо технологиясы
Экзаменге 19 студент киргизилген.
Курс боюнча орточо 4,0 баллды түздү (2023-ж. – 3,9 балл, 2022 – ж. – 4,2 балл). Сапаттык көрсөткүч – 73,6%, 2023-ж. – 65 %, 2022-ж. – 82%.
Федотова В.С. (баскетбол), Швайберова Т.С. (сууда сүзүү), алар жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоодо технологиясы тарбиянын теориясынын бардык бөлүмдөрүн жакшы билишет, алар берилген суроолорду дене тарбия ишинин практикасы менен айкалыштырууга аракеттенишип, мазмундуу жана кызыктуу жоопторду бере алышты.
Комиссия төмөндөгү студенттердин жакшы жоопторун белгилейт:
Жогорку бааны спорттук оюндар жана ЖАТжССТ кафедралардын студенттери Федотова В.С., Швайберова Т.С., Кубанычбекова К., Азизбаев К.С. алышты.
Жакшы баа күрөш кафедрасынын студенттерине берилди: Маратбаев А.,Мамышев А.
Жакшы жоопторду спорттук оюндаркафедрасынын студенттери Кулик Е., Носков С.С.
Начар жооп бергендер СЖТжАДО кафедрасынын студенттери, Чыныбеков С., Кыдыргычев М., Насирова Д., Болотбеков Э. беришти.
Магистранттардын мамлекеттик экзаменинин жыйынтыктары
6-торчо
№ | Экзамендин аталышы | Окуу жылы | Кирген студ. Саны | Баалар | Орто балл | Сапат көрсөткүчү | ||||
Мыкты | Жакшы | Канаат. | Канаат эмес | Келген жок | ||||||
1. | Компл.экзамен | 2023-2024 | 19 | 6 | 8 | 5 | – | – | 4,0 | 73,6% |
Киргизилгендердин % | 31,5% | 42,1.% | 26.% | – | ||||||
2. | Компл.экзамен | 2022-2023 | 20 | 6 | 7 | 7 | – | – | 3,95 | 65% |
Киргизилгендердин % | 30% | 35% | 35% | – |
Торчодо көрсөтүлүп тургандай 2-курстун магистранттары мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырышып, орточо балл 4,0 сапаттык көрсөткүч 73,6 %ды түздү. 19 студенттердин ичинен 6 студент “эң жакшы” баага, 8 студент “жакшы” баага тапшырышты. Ал эми 5 студент “канааттандыраарлык” баага тапшырган. “Канааттандыраарлык эмес” баа алгандар жок.
Магистирлердин даярдыгы ортодон жогору, жооптору толук эмес, үстүртөн жооп беришти. Чет элдик магистрант (кытай улуту) жооп берүүдө кыйынчылык туудурду, котормочунун жардамы менен экзамен тапшырды.
- Магистрдик диссертацияны коргоонун жыйынтыктары.
Магистрдик диссертацияны коргоонун жыйынтыктары боюнча (№7-торчо) төмөндөгү жыйынтыктар чыгарылды. Магистрлердин магистрдик диссертациясы “Магистрдик диссертацияны жазуу боюнча жобонун негизинде жазылды жана жалпы магистрдик диссертацияны коргоонун талаптарына жооп берет.
Магистрдик диссертацияны коргоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтар
7-торчо
Даярдоонун багыты/профиль | Окуу жылы | Кирген студ. саны | Баасы | орто балл | Сапат көрсөт күчү | ||||
мыкты | жакшы | канаат. | канаат эмес | келген жок | |||||
Магистрдик диссертацияны коргоо | 2023-2024 | 19 | 11 | 3 | 4 | 1 | 4,2 | 73,6% | |
Жыйынтыктар: | 57,8% | 15,7% | 21,3% | 5,2% | |||||
Магистрдик диссертацияны коргоо | 2022-2023 | 20 | 6 | 8 | 6 | 4,1 | 70% | ||
Жыйынтыктар: | 30% | 40% | 30% |
Магистрлердин диссертациялары жалпы талаптарга жооп берип, 70 баракка чейин жана туура аткарылган. Алдын ала коргоодо кемчиликтер эске алынып, коргоого даяр болуп келишкен. Магистранттардын жетекчилери окумуштуулар жана жогорку квалификациялуу окутуучулар болгондуктан, диссертациялар талаптарга жооп берет жана антиплагиат системасынан текшерилет. Диссертациянын сапатын мындан ары жакшыртуу үчүн, жетекчилер жана магистранттар менен диссертацияны жазуу боюнча окуу-методикалык иш чараларды магистратура бөлүмү колго алып, байма-бай уюштуруп туруусу зарыл.
Илимий-техникалык кеңеш / НТС
2024-жылы илимий-техникалык кеңештин ай сайын отурумдар өткөрүлдү.
ИТКте бир катар маселелер талкууланды:
Магистранттардын 20 магистрлик диссертацияларынын темаларын жана илимий жетекчилерин бекитүү;
Аспиранттардын 4 кандидаттык диссертацияларынын темаларын, илимий жетекчилерин бекитүү жана окумуштуулар кеңешине сунуштоо.
Академияныны илимий-техникалык кеңешинде магистрлик жана кандидаттык диссертациялардын темалары каралып, КМДТжСАнын Окумуштуулар кеңешинде бекитүүгө сунушталды.
Илимий-педагогикалык адистерди даярдоо / подготовка научно-педагогических кадров
Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында илимдин үч багыты жана 4 адистиги боюнча жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашырды:
* 13.00.00 ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР:
* 13.00.01-жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
* 13.00.04-дене тарбия, спорттук машыгуу , ден соолукту чыңдоо жана адаптивдик дене тарбиясынын теориясы жана методикасы;
* 14.00.00 МЕДИЦИНАЛЫК ИЛИМДЕР:
* 03.00.13-Физиология;
* 09.00.00 ФИЛОСОФИЯ ИЛИМДЕРИ
* 09.00.11-социалдык философия.
КМДТжСАнын ректорунун буйругунун негизинде атайын аттестациялык комиссия түзүлгөн жана аспиранттардын тиешелүү документтерин карап чыгып, аттестация уюштурулду.
Аспирантураны аяктагандардын арасынан кандидаттыкдиссертациясын ийгиликтүү коргогондор – Асанбаев У.С.; Манашова К.П. Диссертациялык кеңешке Доронбаева Н.О. документтерин тапшырды.
Илимий жетекчилик отчеттук мезгилде илимий жетекчилердин арасынан академиянын кызматкерлери (п.и.д., профессор Токсонбаев Р.Н., п.и.к., профессор Т. Т. Иманалиев, п.и.д., доцент Манликова, филос.и.д., профессор А.К.Джусупов), башка ЖОЖдордон 9 кызматкерди түздү. Илимий жетекчиликке башка илимий уюмдардан жана билим берүү мекемелеринен жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлер тартылган (илимдин доктору, профессор – 7 адам: Кыргыз билим берүү академиясы: А.Мамытов, С.Рыспаев, К.Д.Добаев, У.Мамбетакунов; И. Арабаев атындагы КМУ – Х.Ф.Анаркулов; илимдин доктору, доцент 1- Г.М. Карабалаева. И. Ахунбаев ат. КММА-Тухватшин Р.Р. 1 илимдин кандидаты , профессор: КТУ “Манас” – К.Ч. Джанузаков).
2024-жылдын ИИИнин сандык кѳрсѳткүчүнүн динамикасы
7-торчо
№ | Кафедралар | ИИИ темасы | ИИИнин аткар. туурал. маалым. | Жарыялан. макалалар | Чыг.ОУК, моног | Эмгекпикир | Диссер. коргоо | Илим. конфер. катыш. | СИИ | Жалпы упай |
1 | ППжДТжСТ | 9 | + | 4 | – | 2 | – | 5 | 1 | 20 |
2 | ДТжС ТжМ | 2 | + | 5 | – | 11 | – | 3 | 1 | 22 |
3 | СУТ | 4 | + | 15 | 1 | 2 | 1 | 5 | 1 | 30 |
4 | СО | 3 | + | 8 | – | – | – | 5 | 1 | 17 |
5 | Гимнастика | 2 | + | 1 | – | – | – | 2 | 1 | 6 |
6 | БжОА | 2 | + | 2 | 2 | 1 | – | – | 1 | 8 |
7 | ЖАжССТ | 3 | + | 3 | – | 8 | – | 1 | 1 | 16 |
8 | Күрѳш | 3 | + | 30 | – | – | – | 6 | 1 | 40 |
9 | СЖТжСД | 4 | + | 1 | – | – | – | 1 | 1 | 7 |
10 | ФРжТ | 4 | + | 6 | – | 2 | – | 1 | 1 | 14 |
11 | МжДТФН | 3 | + | 3 | – | – | – | – | 1 | 7 |
12 | ТжТИД | 7 | + | 12 | – | – | – | 7 | 1 | 27 |
13 | Тилдер | 6 | + | 27 | 4 | 15 | – | 23 | 3 | 78 |
14 | СГИ | 7 | + | 11 | 2 | 2 | – | 10 | 1 | 33 |
15 | АЧД | 4 | + | 2 | 2 | – | – | 2 | 1 | 11 |
16 | Колледж | 2 | + | 3 | – | – | 1 | 2 | 8 |
Долбоорго катышуу: 2019-жылдан баштап социалдык гуманитардык илимдер кафедрасы тармактык изилдөө программаларын ишке ашырууга катышкан: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Алтай мамлекеттик университетинин биргелешкен эл аралык долбоору. Долбордун №748715Ф.99.1. BB97AA00002) Тюрко-монгольский мир Большого Алтая: историко-культурное наследие и современность” (Садырова З.Т. – т.и.к., доц.).
Эл аралык ERASMUS+ долбоорлоруна катышуу: 2024-жылы IRDD “Тышкы байланыштар бөлүмүнүн эффективдүү моделин куруу аркылуу Кыргызстандагы 6 университеттин интернационалдаштыруу процессин тездетүү” жана “CBHE – Европа жана Азия университеттеринин улгайган адамдардын жана өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын физикалык, психикалык жана социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн потенциалын жогорулатуу” (Абдыбекова Н.А., Иманалиев Т.Т., Азизбаев С.С., Халиалдаева А.С.).
2024-жылга карата илимий иштер боюнча илимий бөлүм, кафедралардын, редакциялык-басма бөлүмүнүн (РББ), аспирантура жана магистратура бөлүмүнүн, илимий-техникалык кеңештин (ИТК) пландарына жараша төмөндөгүдөй илимий-изилдөө иштери аткарылгандыгын белгилейт:
Академияныны профессордук-окутуучулук курамы илимий-изилдөө иштерин негизги төрт багыт боюнча жүргүзгөн. Илимий-изилдөө иштеринин темаларынын бир бөлүгү кафедралар аралык мүнөзгө ээ. Профессордук-окутуучулук курам (ПОК) тарабынан сабактардын жана илимий багыттарга таандык 2024-жылы – 65 (2023-ж.-57, 2022-ж.-55, 2021-ж. – 34) аталыштагы пландалган темалар аткарылган.
Мындан сырткары төмөндөгү ченемдик-укуктук документтер иштелип чыкты:
- КМДТжСАда жазуу иштерин плагиатка карата текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо “Антиплагиат” (жүргүзүлгөн магистрдик диссертациялардын күбөлүктөрү, буйруктар);
- КМДТжСАнын Жаш окумуштуулар кеңеши жөнүндө Жобо;
- Илимий даражаларды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо;
- Аспирантура жөнүндө Жобо;
- ИТКтин Жобосу;
- Редакциялык-басма бөлүмдүн Жобосу:
- КМДТжСАнын студенттеринин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жөнүндө Жобо;
- “Мыкты монография”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу китеп”, “Мыкты окуу-методикалык куралы” сынагын уюштуруу жөнүндө Жобо;
- КМДТжСАнын илимий-изилдөө лабараториясы жөнүндө Жобо;
- “КМДТжСАнын ардактуу профессору” жөнүндө Жобо.
Басылып чыккан эмгектер жалпы саны – 12: “Мыкты монография”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу куралы” сынагы өткөрүлдү. КР ББжИМ грифи менен чыккан окуу куралдар: “Жылдын мыкты окуу китеби” (тилдер кафедрасы – Дуйшенбиева Д.А., Абдыбекова Н.А., Кайыпова К.О.ж.б. “Көчмөн элдердин улуттук оюндары”; “Жылдын мыкты окуу куралы” орус тилинде “Русский язык в профессиональной деятельности” (РББ -Манликова М.Х.); жылдын мыкты монографиясы “Исках Асан уулу Полот Хан. Фергана оренундогу азаттык кетерулуштун жетекчиси” (СГИ Баитова Ф.Т.). КМДТжСАнын эсебинен ПОКтун эсебинен авторлор тарабынан китепканага берилген.
КРдин ЖОЖдорунун ар кандай басылмаларында, расмий, мамлекеттик жана англис тилдеринде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө академиянын профессордук-окутуучулук курамынын мүчѳлѳрү тарабынан 2024-жылы 133 макала, 2023-жылы 126 макала, 2022-жылы – 71 макала,2021-жылы – 63 илимий макалалар жарыяланды. (Россия Федерациясында, Казакcтан Республикасында, АКШда, Индияда, Индонезияда, Турцияда, Өзбекстанда). Бир катар эмгектер англис тилиндеги басылмаларда басылып чыккан. 2023-жылга салыштырганда нөлдүк эмес Импакт-фактору менен журналдарда жарыяланган эмгектердин саны бир кыйла көбөйдү: elibrary, ID: DOI; International scientific journal; Web of Sciences, Alatoo academic studies ж.б.
Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын мүчѳлѳрү тарабынан 2024-жылы – 73, 2023-жылы 102, 2022-жылы – 84,2021-жылы – 69 илимий-практикалык конференция, эл аралык симпозиум, эл аралык илимий форум жана конгресстерге катышкан.
КМДТжСАнын Жарчысынын Редациялык кеңештин мүчөлөрү, ИТКнын мүчөлөрү, диссертациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан 21 магистрдик жана 4 кандидаттык диссертациялардын 30дан ашык илимий-окуу-усулдук иштери рецензияланган.
2024-жылы спорттун улуттук түрлөрү кафедрасынын ага окутуучусу Асанбаев У.С. (илимий жетекчиси: п.и.д., профессор Анаркулов Х.Ф.) жана дене тарбиянын жана спорттун теориясы жана усулу кафедрасынын башчысы Мамбетова М.К. (илимий жетекчиси: п.и.д., профессор Анаркулов Х.Ф.) кандидаттык диссертацияларын коргоп, диплом алышты. Тилдер кафедрасынын п.и.к. Н.А.Абдыбековага жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу т.и.к. З.Т.Садыровага “доцент” окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Редакциялык-басма бөлүмү. 2024-жылы редакциялык-басма бөлүмү тарабынан КМДТжСАнын «ДТжС Жарчысы» журналынын 2 саны жарык көрдү (№1 санына – 60 макала 213 бет, №2 санына – 60 макала 128 бет). Бул басылмаларга Эл аралык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларынын докладдары камтылды. “Дене тарбия жана спорт Жарчысынын” DOI Эл аралык индексине киргизилди.
Академияныны илимий-техникалык кеңеши. Академияныны илимий-техникалык кеңешинде 19 магистрлик жана 14 кандидаттык диссертациялардын темалары каралып, КМДТжСАнын Окумуштуулар кеңешинде бекитүүгө сунушталды.
Аспирантура жана магистратура бөлүмү. Алты аспирант, 19 магистрант окууларын аякташты. Аспиранттарга аттестация учурунда изилдөө усулдары, атайын адабияттар менен иштөө, илимий макалаларды басмадан чыгаруу сунушталды.
Илимий-изилдөө лабораториясы. Дене тарбиянын медициналык жана физиологиялык негиздери кафедрасы академиянын администрациясы менен биргеликте магистранттардын, аспиранттардын кафедраларда натыйжалуу ИИИ өткөрүүлөрү үчүн илимий-изилдөө иштерин жандандырып, активдештирүүсү керек. Академиянын илимий-изилдөө лабараториясынын ишин колго алуу менен аны спорттук медицина тармагындагы (физиология, биохимия, спорт медицина) ж.б. илимий адистер менен толуктап, лобараторияны санитардык-техникалык талаптарга жана ченемдерге (норматив) ылайык жөнгө салуу зарыл.
Кафедраларда илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн (студенттердин илимий кружогу, магистранттар, аспиранттар жана ИИЛ) материалдык-техникалык жактан камсыздоону күчөтүү зарыл (приборлор, реактивдер ж.б.) экендигин белгилейбиз.
Эл аралык илимий байланыштар. Индонезиянын, Өзбекстандын, Россиянын жогорку окуу жайлары менен дене тарбия жана спорт тармагында биргелешкен илимий долбоорлор, лекциялар, семинарлар, илимий тажрыйба алмашуулар, студенттер, магистранттар жана аспиранттардын тренингдери өткөрүү боюнча 10 эл аралык келишимдерге кол коюлду.
КМДТжСАда онлай жана оффлайн докладдар окулуп, конок лекциялары уюштурулган: д.п.н., проф. Стрижак А.П., к.п.н., доц. Колоколова И.В. (Россия), псих.и.к. Соколовская С.В. (Россия), Ph.D MT Multazam (Индонезия), Ы.Т.Турсуналиева (IpChain), К.О.Осмоналиев, Юри Года (Япония). Чет өлкөдөгү ЖОЖдор үчүн академиянын ПОК конок лекцияларына катышкан: проф. Саралаев М.К. (КМДТжСА) – Россияда (Москва, МШПУ), п.и.к., доц. Абдыбекова Н.А. (Central Asian Scientists) .ж.б.
Оң натыйжалар менен катар бир катар кемчиликтер да бар. Илимий лаборатория иштебейт жана санитардык-техникалык талаптарга, стандарттарга жооп бербейт.
Кафедралар жогорку сапаттагы изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн инструменталдык техникалар менен жетишээрлик деңгээлде жабдылган эмес (приборлор, реактивдер ж.б.).
Жогоруда айтылгандардын негизинде төмөндөгүлөрдү аткарууну сунуштайм:
- КРдин “Илим жөнүндө мыйзамына” жана 01.06.2023-жылдагы “Илимий изилдөө мекемелеринин жана ЖОЖдун илимий иштерин” аттестациялоонун тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ПОКу мамлекеттик жана Эл аралык илимий долбоорлорго катышып, жылына экиден кем эмес илимий макалаларын жарыялоо.
- Гимнастика, бокс жана оор атлетика, футбол, регби, теннис, ДТМжФН, СЖТжАД, АЧД кафедралары илимий макалаларды басып чыгаруу жана пландаган илимий темаларын аткаруу иштерин активдештирүү.
- ФРжТ, СЖТжАД, гимнастика, СО, ДТжСТжМ, БжОА, ДТМжФН, ЖАТжССТ, күрөш кафедраларынын кызматкерлери мамлекеттик жана орус тилдеринде окуу курал, монография, окуу китептерин басмадан чыгаруу иштерин тездетүү.
- Дене тарбиянын медициналык жана физиологиялык негиздери кафедрасы магистрдик диссертация жана студенттердин илимий кружокторунун иштерин натыйжалуу өткөрүүлөрү үчүн илимий-изилдөө иштерин жандандыруу, активдештирүү.
- Кафедралар арасында илимий изилдөөлөрдү интеграциялоо жана активдештирүү максатында алдыңкы теоретикалык кафедралар менен практикалык кафедралар арасында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү айкалыштыруу (ДТжСТжМ – ФРжТ; тилдер – ЖАТжССТ; СУТ – БжОА; СО – ДТМжФН; СГИ – гимнастика; ЖАТжССТ – ФжТИД, АЧД; ППжДТжС – күрөш).
- Ректоратка 2 маселени карап чыгууну: 1. академиянын илимий-изилдөө лабараториясынын ишин жандандыруу, лабараторияны илимий кызматкерлер, спорттук медицина, физиология, биохимия ж.б. адистер менен камсыздоо; 2) академиянын кызматкерлеринин, аспирант, магистрант жана студенттеринин илимий иштерин өткөрүү үчүн каражат бөлүү, тиешелүү спорттук шаймандарды, приборлорду сатып алуу.
Илимий иштер боюнча проректор, Абдыбекова Н.А.
п.и.к., доцент