Кафедра языков

Тилдер кафедрасы

Тилдер кафедрасынын башчысы п.и.к.

Уркия Кочкоровна Тажибаева

КМДТжСАсы 1955-жылы академия негизделгенден күндөн бери  иштеп келе жатат. Тилдер кафедрасы бардык факультеттерге кыргыз тили жана адабияты,   чет тили (англис тили), чет тилин кесипке багыттап окутуу, ошондой эле орус тили, орус тилин кесипке багыттап окутуу, ишкердик байланышуунунун негиздери (мамлекеттик тил) магистирлер үчүн, мамлекеттик тил (аспиранттар үчүн)   дисциплиналарынан окутуу процессин жүргүзүп келет. Кафедрадагы бардык дисциплиналар 1991-жылдан баштап мамлекеттик тилде окутулуп келе жатат. Кафедра 70 жылдын ичинде бир нече муундагы студент-спортсмендерди тарбиялап чыгарды, азыр алар республикабыздын ар кайсы бурчтарында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатышат.

  Кафедранын башчысы кызматында эмгек сиңирген кызматкер, немис тили дисциплинасынын ага окутуучусу Караева Р.М., орус тили дисциплинасынын ага окутуучусу Жангазиева Ш.С., орус тили дисциплинасынын окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Орозова А.О., кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынын окутуучусу, филология илимдеринин доктору, доцент Эгембердиева А.А., кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынын ага окутуучу Омурова А.М. жетектеп келишти.

   Кафедра түзүлгөндөн бери М.Ф.Шугаева, К.С.Чонбашев, А.М.Плутицкий, немисче-орусча сөздүктөрдүн авторлору; И.А.Ахромеева, Г.П.Барабанова, А.Е.Линкер, И.С.Шехтман, Караева Р.М., Д.М.Белоусова, К.С.Чыныбаева, Кандиева Ж.М., Джангазиева Ш.С., Бакасова К.Б. жана башкалар эмгектенген.    

        Кафедранын башчычы болуп элге билим берүүнүн ардагери Шугаева М.Ф.,филология илимдеринин доктору,профессор К.С.Чонбашев,эмгек ардагери,Кыргыз Республикасынын эл агартуунун мыктысы,КСАФКиСтин эмгек синирген ишмерлери Караева Р.М. жана Джангазиева Ш.С.,ф.и.к.

Орозова А.К.,филология илимдеринин доктору,профессор Эгембердиева А.А.,ага окутуучу А.М.Омурова иш жүргүзүп, башкарып келишти.

           

Учурда кафедра башчысы кызматын 2021-жылдын май айынан баштап кыргыз тили жана адабияты окутуучусу,п.и.к.У.К.Тажибаева башкарып келе жатат.  Бүгүнкү күндө тил кафедрасында 16 окутуучу  жигердүү иш алып барууда. Алардын ичинен –  педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Челпакова С.М,педагогика илимдеринин кандидаты У.К.Тажибаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.А.Абдыбекова,филология илилиминин кандидаты,доцент Т.Г.Ибрагимова, филология илимдеринин кандидаты доценттин м.а. К.О. Кайыпова, ага окутуучу билим берүүнүн отличниги Ж.С.Дуйшобаев,   

ага окутуучуА.Т.Ормонова,окутуучулар:Ч.Ы.Моношова Э.Р.Тоялиева, М.К.Көкүмбаева,Э.К. Шерматова,К.Э.Токтогулов,А.Б.Атабаева, А.О.Төлөбаева, П.А.Эшкожоева жана кафедранын методисти Б.И.Мамытова иштеп келе жатышат. 

       Тилдер кафедрасында 3 секция боюнча иш алып барылат:

   -орус тили дисциплинасынан (п.и.к.доцент С.М.Челпакова, ага окутуучу А.Т.Ормонова, окутуучулар Э.Р.Тоялиева, К.Э.Токтогулов);

   -кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан (ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты У.К.Тажибаева, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу К.О.Кайыпова, окутуучулар А.Б.Атабаева, А.О.Төлөбаева, Б.И.Мамытова);

   -Англис тили дисциплинасынан (педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.А.Абдыбекова, ага окутуучу, эл агартуунун мыктысы Ж.С.Дүйшебаев, окутуучулар М.К.Кокумбаева, Э.К.Шерматова, П.А.Эшкожоева)

       Кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты окутуунун заманбап интерактивдүү ыкмаларын колдонуу менен профессионалдык деңгээлде семинарларды өткөрүшөт. Окутуунун активдүү формалары колдонулат, анын максаты студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, маселелерди чечүүдө өз алдынчалыгын өнүктүрүү, болочок адисти өркүндөтүүгө алып баруу болуп саналат. Сабактарды өткөрүүнүн кеңири таралган формалары дискуссия, чакан топтордо иштөө, топтук диспуттар, ролдук оюндар, тарбиялык сабактар жана тапшырмалар.

Кафедрада төмөнкүдөй дисциплиналар окутулат:

1. Кыргыз тили жана адабияты (эне тил);

2. Кыргыз тили жана адабияты (экинчи тил);

3. Орус тили (эне тили);

4. Орус тили (экинчи тил);

5. Профес (орус тили)

6. Чет тили (англис тили) башталгыч;

7. Чет тили (англис тили) улантуучу.

8. Профес.чет тили(анг.тили)

9. Ишкердик байланшуунун негиздери (Мам. тил.)магистр

10. Мамлекеттик тил( аспирант)

11. Ишкердик байланшуунун негиздери ( чет тил.)магистр