СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ– ИЗИЛДѲѲ ИШТЕРИ / НИРС
Студенттер жана магистранттар кафедрадагы илимий-изилдѳѳ иштерине тартылган.
Студенттердин илимий-изилдѳѳ иштери (СИИИ) тажрыйбалуу педагогдордун жетекчилиги астында жүргүзүлѳт. Студенттик илимий ийримдин (СИИ) мүчѳлѳрү эксперименталдык иштерге катышышып, илимий-методикалык жана инструменталдык машыгууларга ээ болушат.
КМДТжСАнын жетишкен студенттеринин арасында «Олимпиадалар» ѳткѳрүлдү.
Жалпысынан сынактарга 1-4-курстардан студенттер катышышты. Сынактын жеңүүчүлѳрү грамота менен сыйланды.
Тилдер кафедрасында орус, кыргыз жана англис тили сабактары боюнча студенттер үчүн “Актердук өнөр” жана “Чечендик өнөр” кружоктору уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына (24.10.2023-ж.) жана азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө (Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев)» (25.07.2024-ж.) жарлыктарына арналган И.Арабаев атындагы КМУнун студенттик илимий конференциясына академиянын атынан төмөндөгү студенттер катышып, доклад окушту:
Токтогонова Анеля Эмиловна – ПжСУТ факультетинин 2-курсунун студенти. “Ата-Бейит. Саясий куугунтуктоонун курмандыктары”.
Асангазиева Жибек Маратовна – ПжСУТ факультетинин 1-курсунун студенти. “Төрөкул Айтматов: сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн мамлекеттик ишмер”.
Тынычбекова Нуриза Тынычбековна, ПжСУТ факультетинин 1-курсунун студенти. “Тоолуу облус түзүү далалаты – советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына (24.10.2023-ж.) жана Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө (Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев)» (25.07.2024-ж.) жарлыктарын жетекчиликке алып, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы 2024-жылдын 26 сентябрында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Советтик типтеги биринчи форматы жана анын кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири” аталышындагы студенттик конференция уюштурушту.
Конференциянын максаты – XX-кылымдын башындагы мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандардын өмүр жолу, кыргыз элинин тарыхы, маданияты аркылуу өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке тарбиялоо.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси т.и.к., кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти, т.и.к. Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович, КМДТжСАнын ректорунун м.а. п.и.к., доцент Шевченко Т.Н., академиянын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Абдыбекова Н.А., академиянын мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент Ибрагимова Т.Г. ошондой эле академиянын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө А.Койчиев, Т.Шейшеканов XX – кылымдын 20-30 жж. кыргыз элинин тарыхындагы орунттуу учурларга, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүү өбөлгөлөрүнө, тарыхый маанисине кеңири токтолушту. 1938-жылдын 5-8 ноябрындагы бейкүнөө атылган кыргыз мамлектүүлүгүн түптөгөн инсандардын өмүрүнө, тагдырына баа берилди. Арслан Койчиевдин Жусуп Абдрахманов боюнча маалыматтары студенттер арасында кызыгууну туудурду. Турдубек Шейшеканов өзгөчө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарына кеңири токтолду.
Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти, т.и.к., Смадияров Садык Акунович “XX-к. 20-жж. саясий кырдаал, ККАОнун түзүлүү өбөлгөлөрү” деген темада аралыктан видеобаян жасады.
Академиянын педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 1 -курсунун студенти Тынычбекова Нуриза “Тоолуу облус түзүү далалаты – советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы”, сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин 3- курсунун студенти Дүйшөнкулов Нурсейит “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жана анын тарыхый мааниси”, тилдер кафедрасынын окутуучусу, аспирант Төлөбаева Асел Өмүрбековна “Компартияга айбат көрсөткөн кыргыз интеллигенциясы. Отузчулардын каты”, педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 2- курсунун студенти Токтогонова Анеля Эмиловн- “Ата-Бейит. Саясий куугунтуктоонун курмандыктары”, аталган факультеттин 1 -курсунун студенти Асангазиева Анеля Маратовна -“Төрөкул Айтматов: сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн ишмер” темаларында мазмундуу билдирүүлөрдү жасашты. Андан сырткары конференциянын темасына байланыштуу архивдик материалдар, документалдуу фильм жана видеобаяндар угузулду.
Конференция социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Кафедранын башчысы т.и.к., доцент З.Т.Садырова, т.и.к., доцент Р.К.Сабиров, п.и.к., доцент Ф.Т.Баитова, ага окутуучу Байсубанова К.К. окутуучу М.А.Токтоналиева, методист Садырбек кызы Назима конференциянын уюштуруу иштерине жигердүү катышышты.
Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.

.
Студенттик илимий ийримдер / Студенческие кружки
СИИИ түрлѳрү | Кафедра | Жыйынтык |
Эл аралык конференцияга катышууга макала даярдоо | к.ф.н доцент Садырова З.Т. | Эл аралык конференцияга катышуу |
“Манас” эпосу аркылуу күрөш адистигиндеги студенттерди этнопедагогикалык жактан тарбиялоо. | Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары | Эл аралык конференцияга катышуу |
Грек-рим күрөшү менен машыккан 18-20 жаштагы спортчулардын кан айлануу системасынын көрсөткүчтөрүн изилдөө | Каниметова К.Н. | Квалификациялык иштерин коргоо |
Кыргыз тили сабагы боюнча “Чечендик өнөр”, “Актердук өнөр” кружоктору | ф.и.к. доцент м.а. Кайыпова К.Ө., Төлөбаева А.Ө. | Кыргыз тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Англис тили сабагы боюнчастуденттерди даярдоо “Актердук өнөр” | Кокумбаева М.К. | Англис тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Чечендик өнөр боюнча студенттерди даярдоо | Шерматова Э.К. | |
Орус тили сабагы боюнча “Актердук өнөр” | Кандиева Дж.М. | Орус тили сабагы боюнча студенттерди кружокко даярдоо. |
Орус тили сабагы боюнча “Чечендик өнөр” | Тоялиева Э.Р. |