Информационное письмо
- Кулактандыруу

Маалымат кат

  Информационное письмо
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ    

  КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ    
 Информационное письмо
БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН  БАҢГИЗАТ ЖАНА КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ  

Маалымат кат

        Сизди Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында окуучу жаштардын дене тарбия  маселелерине арналган  Форумдун ишине катышууга чакырабыз.

       Өткөрүү дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТжСА), башкы имарат, жыйындар залы (үчүнчү кабат).

      Өткөрүү мөөнөтү: 5-6-апрель 2021-жыл.

      Өткөрүү убактысы: 9.00- 17.00.

      Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык  Форумдун негизги багыттары.

  • 1. Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун абалын талкуулоо; “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясына” сунуш киргизүү.
  • 2. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизинде дене тарбия жана спорт жаатында ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди  өркүндөтүү.
  • 3. Кылмыштуулук, зомбулук жана баңгизатты колдонууну эскертүү жана алдын алуу максатында,  дене тарбия жана спорттун жардамы менен турмуштук тажрыйбаны өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы “Жашоого кошул” программасын ишке ашыруу.
  • 4. Жогорку окуу жайларында жана жалпы билим берүү мектептеринде өсүп келе жаткан муунга адеп-ахлактык тарбия берүү.
  • 5..“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Коцепциясынын” негизи катары, дене тарбия жана спорт каражаттары менен өсүп келе жаткан муунга атуулдук-патриоттук тарбия берүү.
  • 6. Сергек жашоонун жана улуттун ден соолугунун, ошондой эле дене тарбия жана спортту жайылтуунун негизи катары, жогорку окуу жайларында жана мектептерде дене тарбия мугалимдеринин, машыктыруучулардын статустарын жана кадыр баркын көтөрүү боюнча иш чаралар жөнүндө.
  • 7. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияны” ишке ашыруу максатында жогорку окуу жайларында жана мектептердеги дене тарбия жана спорт  багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын  жеткиликтүү кайра иштеп чыгуу.
  • 8. Ден соолуктарына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгууларын  камсыздоо боюнча педогогикалык жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү.

         Форумдун ишине катышуу үчүн Бишкек шаардык жана Ош шаардык, областык билим берүү бөлүмдөрү, дене тарбия жана спорт комитеттери (5 өкүлгө чейин), мындан сырткары дене тарбия факультеттери бар жогорку окуу жайлары (бирден өкүл) катышуучулардын тизмесин (арыздын формасы тиркелет) 2021-жылдын 28-мартына чейинe-mail: prorektor.nauka@mail.ru  дарегине жөнөтүүлөрү тийиш.

           Форумга тапшырылган эң мыкты докладдар “Дене тарбия жана спорт  Жарчысы” илимий-практикалык журналына жарыяланат.

                                      ДОКЛАД  ТҮЗҮҮНҮН  ТАРТИБИ

  • * Доклад мамлекеттик (кыргызча) же расмий (орус) тилдеринде дыкат  текшерилип, бир нускада (терилген жана электрондук варианттарда) 26-мартка чейин  жөнөтүлөт. Келген материалдар рецензияланат.
  • * Доклад көлөмү 3төн 5 бетке чейин болууга тийиш. Шрифт – Times New Roman, шрифтин көлөмү (кегль)-14, саптардын аралыгы-бир жарым эсе (1,5), абзац чектөөсү – 1,25, сөздөрдүн  аралыгы – кадимкидей, тамгалардын аралыгы – бир белги, көчүрүү- автоматтык түрдө (кол менен эмес), текст туурасынан түздөлөт.
  • * Докладчы жөнүндө маалыматта (кыргыз же расмий тилдеринде) автордун фамилиясы, аты (курсив, кичине тамгалар менен жазылат), кызматы (окумуштуу даражасы, эгер болсо окумуштуу наамы), спорттук наамы, мекеменин аталышы, шаар, электрондук дарек болууга тийиш.
  • * Авторлоштордун саны 3 кишиден ашпайт.

Форумдун катышуучуларынын иш сапар чыгымдары, жөнөткөн уюмдар тарабынан төлөнөт.

Маалымат алуу үчүн: +996 (312) 57-04-89 ректордун кабылдамасы,+996 (312) 57-04-66, моб.?+996 (555) 44-39-46, e-mail; prorektor.nauka@mail.ru.Болжирова Эмилия Шекеновна ИИ боюнча проректор: +996 (312)57-04-65, моб.;+996 (700) 25-24-23,e-mail: abdybekova84@ mail.ru. Абдыбекова Нурмира Абдыбековна магистратура жана аспирантура бөлүмүнүн башкы адисине кайрылсаңыздар болот.

        Кыргыз Республикасынын  Президентинин «Инсандын руханий-адеп- ахлакты өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында окуучу жаштардын дене тарбия маселелерине арналган  Форумдун катышуучусу   жөнүндө  маалымат.

  Ф.А.Ж. _____________________________________________________________   Область_____________________________________________________________   Уюм  _______________________________________________________________   Ээлеген кызматы _____________________________________________________   Илимий даража (наам) _________________________________________________   Спорттук наам _______________________________________________________   Дареги ______________________________________________________________   Телефон ( жум. моб.) ______________________факс________________________   E-mail _______________________________________________________________    

Форумду өткөрүүнүн дареги жана мөөнөтү: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТжСА)

                                         5- 6-апрель 2021-жыл. 

                                 Башкы имарат, жыйындар залы.

        Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Ахунбаев көч. 97.

                                 Байланыш телефондору:

         +996 (312) 57-04-89 ректордун кабылдамасы,+996 (312) 57-04-66, моб.;+996 (555) 44-39-46, e-mail: prorektor.nauka@mail.ru, Болжирова Эмилия Шекеновна илимий иштер боюнча проректор: +996 (312) 57-04-65, +996 (700) 25-24-23, e-mail: abdybekova84@mail.ru Абдыбекова Нурмира Абдыбековна магистратура  жана  аспирантура бөлүмүнүн башкы адиси.