- Новости

2023-жылдын 19-июнунда 2023-жылдын Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземине, бокс залынын жана колледждин жаңы аудиторияларынын ачылыш аземине академиянын профессордук-окутуучулук курамынын, бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2023-жылдын 19-июнунда 2023-жылдын Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземине, бокс залынын жана колледждин жаңы аудиторияларынын ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт Департаментинин директору А.Т.Абдымомунов, дене тарбия жана спорт уюмдарынын өкүлдөрүнүн, академиянын профессордук-окутуучулук курамынын, бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Академиянын ректору Саитдин Сейитбекович Азизбаев куттуктоо сөзүндө өзгөчө Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиянын өз ишине берилген педагогдору, өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө өз салымдарын кошкон бүтүрүүчү адистердин эмгектерин өзгөчө белгиледи. Б.Т.Турусбеков атындагы “КМДТжСАнын Ардактуу профессору” наамы окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн М.Кенжебаевге,​ Р.С.Джакыбалиевге, “КМДТжСАнын Ардактуу доктор” наамы М.С.Кийзбаевге ыйгарылды. Окуу жайда жыл сайын спорттун 27 түрү боюнча 300дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, республиканын бардык аймактарына жөнөтүлүп турат. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ Академиянын имараттарын, спорттук базаларын оңдоо иштерине каржылык жардам көрсөтүү максатында өз мезгилинде академиядан жогорку билим алышып, спорт чөйрөсүндө эмгек жолун улантышкан азыркы белгилүү эмгек сиңирген машыктыруучулар (КРнын эмгек сиңирген машыктыруучулары А.А.Усенканов, М.Ф.Гашлома), кыргыздын атактуу​ спорт чеберлери (Ч.Борбашев, Каныбек Жолчубеков), 1878-2022-жж. бүтүрүүчүлөрү катышып, өз салымдарын кошушту.