- Жанылыктар

“Академик Б.М.Юнусалиев: кыргыз адабий тили мамлекеттик тилдин контексинде” аталышындагы кереге маек (тегерек стол) өткөрүлдү.

Республикабыздын илим, билим чөйрөсүндө быйыл кыргыздын чыгаан уулу, көрүнүктүү окумуштуу, кыргыз тилинин илимий-теориялык жана практикалык маселелерин иликтеп, өзүнүн изилдөөлөрү аркылуу кыргыз лингвистикасынын өсүп –өнүгүшүнө жана калыптанышына баа жеткиз салым кошкон, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Болот Мураталиевич Юнусалиевдин 110 жылдыгы белгиленүүдө.

Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 29-ноябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Академик Б.М.Юнусалиев: кыргыз адабий тили  мамлекеттик тилдин контексинде” аталышындагы кереге маек (тегерек стол) өткөрүлдү.  Кереге маектин ишине академиянын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар жигердүү катышышты. Аларга академик Б.М.Юнусалиев жөнүндө видео тасма көрсөтүлдү.

Кереге маекке белгилүү кыргыз тилчи окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары расмий конокко чакырылып, катышуучуларга кызыктуу маек куруп беришти.

Кереге маектин уюштуруучусу Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын мамлекеттик тил боюнча проректору Кармышаков Авазбек Орозбаевич Б.М.Юнусалиевдин  кыргыз тилине, “Манас” эпосунун азыркы муун үчүн  сакталып калышына кошкон зор салымын белгилеп, талкууга коюлган маселелер боюнча конокторго сөз узатты.

Академик, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Жолдошович Мусаев “Академик Б.М.Юнусалиев жана кыргыз адабий тили. Мамлекеттик тил жана мамлекеттүүлүк” деген темада катышуучуларга кеңири баяндама жасады.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Жеңишбек Арыпович Чымановдун “Мамлекеттик тил жана кеп маданияты” аттуу баяндамасы угуучулардын бул маселеге абдан кызыкдар экендигин айгинеледи.

И.Ахунбаев атындагы КММАнын доценти, филология илимдеринин кандидаты Мимоза Туратбековна Нуралиева “Академик Б.М.Юнусалиевдин илимий мурастары” жөнүндө, ал эми Б.Т.Турусбеков атындагы  КМДТжСАнын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Фарида Турганбаевна Баитова “Б.М.Юнусалиевдин манастаануу илимине кошкон салымы” жөнүндө видео слайддарды колдонуп, кызыктуу билдирүүлөрдү жасашты.

Окумуштууларга кереге маекте көтөрүлгөн маселелер боюнча катышуучулар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, аларга кеңири жоопторду алышты.