Круглый стол на тему: “Жизненный путь и наследие К.А.Акназарова”
- Жанылыктар

Круглый стол на тему: “Жизненный путь и наследие К.А.Акназарова”

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы №1660/1 буйругунун негизинде 2022-жылдын 13-октябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чара академиянын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан уюштурулуп, академиянын  илимий иштер боюнча проректору Н.А. Абдыбекова, мамлекеттик тил боюнча проректору А.О. Кармышаков, академиянын жамааты жана студенттердин катышуусунда өттү.

Круглый стол на тему: “Жизненный путь и наследие К.А.Акназарова”

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровдун даӊктуу турмуш жолу, инсандык мыкты сапаттары, ошондой эле элдин жыргалчылыгы үчүн жасаган эмгеги жаштар үчүн үлгү, өрнөк болору белгиленип, кызуу талкуу жүрдү.  Кереге-майекке чогулган катышуучулар улуу инсандын бейнесин ачуу менен бирдикте, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнө сереп салышып, тарыхта алган ордун баалоо менен жыйынтыкталды.