- Жанылыктар

Мехмет Туркмен түрк тилдүү элдердин салттуу оюндары темасында конок лекция окуду.

2023-жылдын 17-октябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Туркиянын Гиресун (Giresun university) университетинин профессору, Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ардактуу профессору Мехмет Туркмен түрк тилдүү элдердин салттуу оюндары темасында конок лекция окуду.
Лекция кызыктуу болуп, видеоматериал менен коштолду. Лекцияга академиянын окутуучулары жана 2-курстун студенттери катышып, түрк тилдүү элдердин салттуу оюндарын мындан ары өнүктүрүү, айрыкча кийинки убактарда сейрек ойнолуп унутулуп бара жаткан элдик оюндарды жандардыруу туурасында кеңири сөз болду. Студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.