- Новости

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “ЖОЖдордо дене тарбия жана спорт адистерин даярдоодо ЕАЭСтин интеграциясынын ролу” темасында онлайн форматындагы Эл аралык тегерек стол болуп өттү.

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “ЖОЖдордо дене тарбия жана спорт адистерин даярдоодо ЕАЭСтин интеграциясынын ролу” темасында онлайн форматындагы Эл аралык тегерек стол болуп өттү. М.Ауэзов атындагы Түштүк-Казакстан университетинин, Россиянын Екатеринбург дене тарбия институтунун, Чайковский мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Сибирь мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин, Воронеж мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Башкыр дене тарбия институнун өкүлдөрү катышкан тегерек столдо “Илимий-педагогикалык кызматташтык жаштардын маданият деңгээлин жогорулатуу фактору катары”, “Массалык спортту жайылтууда спорттук курулуштардын мааниси”, “Спорттук уюмдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн башкаруу”, “дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө өз ара кызматташуулар” боюнча докладдар жасалып талкууланды. Өткөрүлгөн иш-чарада Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.С.Азизбаев доклад окуп жана модератордук милдетти аткарды.