- Жанылыктар

10-октябрда Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында мугалимдердин күнүнө, илим күнүнө жана карылар күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

10-октябрда Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында мугалимдердин күнүнө, илим күнүнө жана карылар күнүнө арналган Жогорку Кеңештин депутаты Алимжанова Нулифар Якубжановнанын катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сйитбекович академиянын профессордук-окутуучулук курамын куттуктады. Кесип ээлерин куттуктоо, сыйлоо жана маданий иш-чараларынан сырткары, студенттерге сапаттуу билим берүүнү эл аралык деңгээлге көтөрүүгө байланыштуу аракеттер да каралган. “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” темасында медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын XII Эл аралык илимий конференциясын ийгиликтүү уюштуругандыгы жана “Дене тарбия жана спорт жарчысы” илимий-практикалык журналынын материалдарын редакциялоого активдүү катышкандыгы үчүн академиянын профессордук-окутуучулук курамына алкыш жарыяланды. Мындан сырткары иш-чаранын күн тартибинде Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын жаш окумуштууларына Эл аралык илимий практикалык конференциядагы жаш окумуштуулардын арасында “Мыкты доклад” номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу каралган. Медицина илимдеринин доктору, профессор Б.Т.Турусбековдун үй-бүлөсүнүн атынан 20 000 сом акчалай сыйлык жаш окумуштууларга тапшырды.
1-орун Арстанбеков С.А. – 10000 сом.
2-орун Бактыбек уулу Р. – 6000 сом.
3-орун Масамиров Б.С. – 4000 сом.