- Жанылыктар

III-Эл аралык Алтай таануу форуму

III-Эл аралык Алтай таануу форуму

Бүгүн Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде «Славян жана түрк элдеринин биримдиги: тарыхы жана азыркы абалы» аталышындагы III -эл аралык форуму башталды.

Илимий иш чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Венгрия, Азербайжан, Түркия, Монголия жана Түркмөнстандын 92 университетинен 300гө жакын илимпоз-окумуштуулары катышууда.

Форумда Россия Федерациясынын президенти В.Путиндин куттуктоо каты окулду. Анда Евразия аймагында жашаган элдердин салт-санааларын, маданиятын, жашоо-шарттарын изилдоо маанилуулугу белгиленип, окумуштуулардын аракеттерине жогору баа берилген.

Кыргызстандан чакырылган Мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп берди. Анда президент түрк-славян биримдиги – бул кылымдарга созулган түрк жана славян дүйнөсүнүн байланышы, ал дайыма конструктивдуу мазмунга ээ болуп келген деп белгилеп, окумуштуулардын ишине ийгиликтерди каалаган.

Форумдун максаты – орусиялык жана чет элдик окумуштуулардын, тактап айтканда тарыхчылардын, археологдордун, этнографтардын, филолог жана саясатчылардын түрк элдеринин азыркы доордо өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкууга алуу болуп саналат.

Кыргызстандан чакырылган окумуштуулардын жоон тобун профессор Бекбосун Борубашев жетектеп барды. Алтай мамлекеттик университетинин президенти Сергей Землюковдун айтымында, түрк-славян элдеринин байланышын изилдөөдө кыргызстандык тарыхчылардын салымы зор. Бүгүн алардын эмгектери “Түрк цивилизациясынын летописи” атуу жамааттык илимий монографиясында чагылдырылды.

Аталган форумда Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын доценти, т.и.к, социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы Садырова Замира Тентиевна катышып жатат.

Садырова Замира Тентиевна “Летопись тюркской цивилизации”. Том 1. Тюркский мир в VI-XII вв. Барнаул, 2023. 1 томдуктун авторлорунун бири.

 

III-Эл аралык Алтай таануу форуму
III-Эл аралык Алтай таануу форуму