- Жанылыктар

2023-жылдын 4-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” темасында медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын XII Эл аралык илимий конференциясы болуп өттү.

2023-жылдын 4-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында “Университеттик спорт: Улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү” темасында медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбекович Турусбековдун элесине арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын XII Эл аралык илимий конференциясы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти, Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык Ассоциациясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган конференцияда студенттик спорт кыймылынын тажрыйбалары, келечеги, студенттик спорттун уюштуруу-башкаруу аспектилери, ден соолукту чыңдоочу медициналык-биологиялык жактан камсыздоонун жана спорттук иш чаралардын ыкмалары, дене тарбиянын, спорттун жана туризмдин теоретикалык-усулдук, психологиялык-педагогикалык аспектилери, спорттун улуттук түрлөрүнүн жана элдик оюндардын жаштардын дене тарбиясындагы мааниси, ошондой эле дене тарбиянын жана спорттун этнопедагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилерине байланыштуу маселелер каралды.
Эл аралык илимий конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, аймактардагы дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тойбаев Султан Мырзабекович, Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын президенти, Казакстан спорт жана туризм академиясынын ректору, п.и.д.,профессор Закирьянов Кайрат Кайруллинович, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери, спорттун олимпиадалык оюндар түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык дирекциясынын” директору Асанбаев Урмат Садырович, Казакстандын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, Белоруссиянын, Япониянын Россия Федерациясынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан 70тен ашык өкүлдөрү катышты. Индия, Турция өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий конференциянын ишине онлайн форматында катышты.
Салтанаттуу жыйынды Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович ачты. Кыргыз Республикасынын гимни жана студенттердин эл аралык “Гаудеамус” гимни ойнолду.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутуты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, Дене тарбия жана спорт университеттеринин Эл аралык ассоциациясынын президенти, Казакстан спорт жана туризм академиясынын ректору, профессор Закирьянов Кайрат Кайруллинович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, аймактардагы дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тойбаев Султан Мырзабекович, Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин ректору, э.и.д., профессор Болтабаев Махмуд Рустамович жана Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент Азизбаев Саитдин Сейитбекович конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.
Пленардык жыйындан кийин конференциянын тематикасы үч секцияларга бөлүнүп, сунушталган материалдар онлайн жана оффлайн форматында кыргыз, орус жана англис тилдеринде кызуу талкууланды.
I-секция. “Студенттик спорттук кыймыл. Дене тарбия жана спорттун
теориясы жана практикасы маселелери”.
Төрагасы – Иманалиев Токтобек Тыбынович – п.и.к., Бейшен Турусбекович Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору (Кыргызстан).
Теңтөрагасы – Стрижак Анатолий Петрович – п.и.д., Москва шаардык педагогикалык университетинин профессору (Москва,Россия).
II-секция. “Фундаменталдык, медициналык, биологиялык, табигый-илимий аспектилер, улуттук дене тарбия жана спорт маселелери”.
Төрайымы – Шалабаева Лаура Исмаилбековна – Казак спорт жана туризм академиясынын илим жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, PhD, эркин профессору (Казахстан).
Теңтөрайымы – Козлова Светлана Юрьевна – п.и.к., Москва шаардык педагогикалык университетинин доценти (Россия).
III – секция. “Дене тарбия жана спорттун этнопедагогикалык, психологиялык-педагогикалык, тарыхый жана тилдик аспектилери”.
Төрагасы – Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович – билим берүү жана илим тармагы боюнча талдоочу, п.и.д., профессор (Кыргызстан).
Теңтөрагасы- Мусаев Бахром Бахтиерович – Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин проректору, п.и.к., профессор (Өзбекстан).
Б.Т.Турусбековдун үй-бүлөсүнүн атынан кызы Турусбекова Гүлсана Бейшеновна, медицина илимдеринин кандидаты, ЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын жетекчиси “Мугалимдер күнүнө” карата мыкты доклад окугандарга сыйлыктарды берди.
Конференция кыргыз, орус жана англис тилдеринде офлайн жана онлайн түрүндө уюштурулду. Материалдар “Дене тарбия жана спорт Жарчысына” жарыяланды (Бишкек: 2023. №1).