- Жанылыктар

Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Мамлекеттик тил” күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Мамлекеттик тил” күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чара студенттердин демилгеси менен уюштурулду. Алгач КМнин Гимни угулуп, академиянын ректору т.и.к. доцент, С.С.Азизбаевдин куттуктоо сөзү менен ачылды. Аны улай Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында 124саат боюу манас айтып, дүйнөлүк рекорд коюп Гиннес рекорддор китебине кирген белгилүү манасчы Исаков Рыспайдын манас айтуу менен кече уланды. Иш чарада студенттер акын -жазуучулардын тил боюнча жазылган ырларын көркөм окушуп, макал- лакап айтышып, обондуу ырларды безеленте ырдап кечени шаңга бөлөштү. Сырттан Калбаева Аяна жана Жаныбекова Айгелди комуз менен терме ырларын аткарышты. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы №1 орто мектебинин 11-классынын окуучулары “Жалын бийи “менен жамаатты куттукташты. Андан соң, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Женевадагы бүткүл дүйнөлүк интелектуалдык уюмдун алтын медалынын ээси , “Кыргыз эл акыны” Нурмамбетов Тынчтыкбек Асанкулович куттуктоо сөзүн сүйлөп, эне тил жөнүндөгү мыкты ырларын окуп, залдын алкышына ээ болду. Кеченин аягында аскерге чейинки даярдоо факультетинин 1 -курсунун студенттери “Кыргызстан тоолордун мекени” аттуу жалпы ыр менен шаңдуу аякташты. Бул кеченин уюштуруучулары жана жетекчилиги төмөнкү инсандарга ыраазычылык билдирет: Манасчы Рысбай Исаковго, “Эл акыны” Нурмамбетов Тынчтыкбек Асанкуловичке, КРнын “Кыргыз тили” коомунун президенти Р.Курбановго, Манасчы дастанчы С. Көчөрбаевге , №1 мектептин жамаатына, Ченкилова Нургуль Насипалиевнага, Гимнастика кафедрасынын окутуучусу Исаев Ниязга жана методисти Карабекова Айжаркын Мытыловнага, Мамлекеттик тил боюнча проректору Авас Кармышаковго, уюштуруучулар: Кайыпова Кенжегул Өмүровнага, Төлөбаева Асель Өмүрбековнага, жардамчылар: Атабаева Акмөөр Бараткановнага, Шерматова Эльвира Курманбековнага, Кокумбаева Мунара Кылычбековнага ыраазычылык билдиребиз. “Мамлекеттик тил” күнүндө төмөнкү кызматкерлер сыйланды : КРнын “Кыргыз тили” коомунун төш белгиси менен Тажибаева Уркуя Кочкоровна , Иманалиев Токтобек Тыбынович, Абдырахманов Бекжан Ажыгулович.